Сиз экрандан көрүп жаткан не бир сонун клиптер ушул мырзанын колунан жаралат. Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыковдун талантында кеп жок. Кеп анын көптөн бери талкууда келе жаткан жеке жашоосу тууралуу. Маектешип жатып көпчүлүктү кызыктырган суроолорго да жооп алууга аракет кылдык.
– Эрнист мырза, иштериңиз кандай? Көп жылдан бери клип тартып келе жатасыз. Багытты өзгөртүүнү, мисалы, кино тартууну ойлондуңуз беле?
– Баары жакшы, рахмат. Негизи кичинемде кинооператор болууну кыялданчумун. 5-6 жылдан бери “кино тартам” деп, бирок эч эле сааты чыкпай жатат. “Соолуган гүлдөр”, “Салам, Бишкек!” тасмаларында операторлук кызматты аткаргам. Бул жаатта тажрыйбам бар. Буюрса, кино тартуу кыялым да ишке ашып калар.
– Эл билбеген дагы кандай таланттарыңыз бар? Сизди жакшы ырдайт деп уккам...
– Жок, ырдабайм. Мектепте окуп жүргөндө концерттерде мени ырдатышчу. Кийин камера колума тийгенден кийин ырдаганга кызыгуум жоголуп кеткен. Атам сүрөтчү, мен да сүрөттү жакшы тартчумун. Ал талантым да калды.
– Жумушуңузга байланышкан өзгөчө окуялар тууралуу сурасам, эсиңизге кайсынысы биринчи түшөр экен...
– Бир окуя эч эсимден кетпейт. Жаңыдан клип тартып баштаганда аябай буюртмалар көбөйүп кетти. Ошол учурда Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Асел Турдалиева эжелердин ырларына клип тартып, бирок монтажын убагында бүтүрүп берүүгө жетишпей калдым. Телефон чалышат, тутканы албайм. Бир күнү апам чалып “дароо үйгө кел. Сыртта Айчүрөк, Динара, Асел эжелериң отурат. Уялбайсыңбы ушундай эжелериңди күттүргөндөн” деп урушту. Үйгө барсам дарбазанын алдында үчөө отурат. Аябай ыңгайсыз болдум. Ошондон кийин алыма жараша иш кылышым керек экен деп калгам.
– Клиптен акча аябаган ырчылар кимдер?
– Ар бир ырчы чыгармачылыгына көп акча сарптагысы келет. Биздин өлкөдө элдин саны аз болгондуктан ырчылардын кирешеси деле көп эмес. Мисалы, Өзбекстанда, Казакстанда ырчылардын кирешеси көп. Кирешеге жараша клип тарттырышат.
– Кайталанма клиптер көп. Бул клипмейкерлердин изденүүсүнүн жоктугубу же ырчылардын акчасынын тартыштыгыбы?
– Клип тартуу – чыгармачылык. Акча аз, бирок идея жакшы болсо жакшы клип тартылат. Акчаны аябай көп сарптап деле жакшы эмес клип тартылып калган учурлар болот. Көп нерсе режиссёрдон көз каранды.
– Камера артында кандай кыйынчылыктар бар?
– Эң оору – идея табуу. Кээде мен да тажайм. Окшош ырлар келет. Бизде ырчылардын стили да окшош, аларга башка стилдеги клипти жараштыра албайсың. Идея таап, сценарий жазганга көп убакыт кетет. Жакпаган ырлар болсо, идея табуу ого бетер кыйын. 2-3 күн ойлонуп, ошол ырды угуп жүрө берем, аябай кыйналам. Анан аны уюштуруу экинчи маселе. Баары даяр болсо бат эле тартып коёбуз.
– Бүгүнкү күндөгү Эрнист эртеңки күн үчүн эмнелерди кылып жатат? Себеби бардык нерсе убактылуу да...
– Бардык тармакта туу чокуга чыгып, анан ылдый түшүү бар. Чокуда кармалып турганды билгендер да, билбегендер да бар. Көз алдымда канча ырчылар популярдуу болуп, кайра өчтү. Канча клипмейкерлер чыгып, жок болуп кетти. Мен такыр жок болуп кетпейин деп изденип турам. – Акыркы учурда жеке жашооңуз көп талкууга түшүп жатат. Бул боюнча өз оозуңуздан уксак...
– Негизи үй-бүлөм тууралуу айтпай эле коёюн дедим эле. Бирок суроолордун аягы тыйылбай жатат. Инстаграмга сүрөт жүктөсөм деле ошону сурашат. Ооба, Кымбат менен расмий түрдө ажыраштык, ажырашканыбызга 1 жыл болду. Себеби элге кызык болушу мүмкүн, бирок аны айткандан пайда деле жок. 1 жылдан бери Кымбат менен такыр сүйлөшпөйм. Аны көрө элекмин. Ал тууралуу жаман айткым келбейт, кантсе да 11 жыл чогуу жашадык. Ыраазымын Кымбатка, 3 уул төрөп берди. 3 уулду мени менен теңме тең карашууда. Учурда балдарым Кымбатта, аларды карап, тарбиялап жатат, ошого ыраазымын. Балдарды каникулда, дем алыш күндөрү алып турам.
Сырттан караганда үй-бүлө бактылуу жашап жаткандай көрүнөт. Уруш-талаш ар бир үй-бүлөдө болот деп ойлойм. Болгону биздики сыртка чыгып кетти, элге айтылбай турган нерселер айтылып кетти. Кымбат экөөбүз ар кандай жагдайларды башыбыздан өткөрүп, урушуп-талашып, кайра чечишип, баарына чекит койгонбуз. Азыр мен анын жашоосуна кийлигишпейм, ал меникине кийлигишпейт. Өткөн өттү, кеткен кетти. Кайра жарашпайбыз.
– Ар кандай комментарийлер жазылып маанайыңызды бузганда таанымал болбой эле койбопмун деген ой келдиби?
– Мурда досторумдун үй-бүлөсүн талкуулашса “силер таанымалсыңар да” деп койчумун. Өзүмдө ушундай жагдай болот деп такыр ойлогон эмес экенмин. Өз дарегиме такыр жаман сөз уккан эмесмин да, жаман болдум. Кебетемди элге көрсөтпөй эле тынч эле клип тартып жүрө бербепмин деген ой болду. Билип-билбей эле мени жаман көрө бергендер бар. Ушак укса аны чын деп кабыл алгандар болот экен. Азыр көңүл бурбай калдым элдин сөзүнө.
– Экөөңүздөр бир чөйрөдөсүздөр да. Айланаңыздагылар дагы эки жээкке бөлүндү окшойт?
– Ооба, андай болду. “Кымбат тарап болуп кетти” деп кимдир-бирөө менен сүйлөшпөй койгон жокмун. Ар кимдин тандоосун сыйлайм. Эч кимге “Кымбат менен сүйлөшпө” деген жокмун. Кымбаттын деле анткенин уккан жокмун. Ага башкача сүйлөп, мага башкача сүйлөгөндөр да болду.
– Сырыңызды кимге айтасыз?
– Сырымды айтып, кеңеш сураган досторум -Данияр Эрматов менен Алмаз Шаадаев. Жаман-жакшыда достор иргелет экен. Бул окуядан кийин иргелип, жанымда саналуу гана досторум калды.
– Улуу муундан акыл айтып, элдештиргенге аракет кылгандар болдубу?
– Жок, анткени биз элдешпей турган эле болуп калганбыз. Баары эле туура түшүнүштү окшойт.
– Депрессияга түштүңүзбү?
– Түшкөн жокмун. Балдарымды ойлоп эле кабатыр болом.
– Балдарыңызга жетиштүү көңүл бура аласызбы эми?
– Болушунча аракет кылып жатам. Балдарымды аябай жакшы көрөм. Аларды эч нерседен кем кылгым келбейт. Окуу күндөрү апасында, дем алыш күндөрү мага келип турушат. Расмий түрдө ажырашкандан кийин мыйзам чегинде алимент төлөп жатам.
– Жашоодо эмнени кечирбейсиз?
– Сатып кеткендерди, эки жүздүү, алдамчы адамдарды кечире албайм. Мунун үй-бүлөмө тиешеси жок.
– Эки жолго түшкөнүңүздөргө 1 жыл болуптур. Кайрадан үйлөнүүнү ойлонуп жатасызбы?
– Азырынча андай оюм жок. Ата-энем менен чогуу жашагандыктан кээде ыңгайсыз болом. Үйлөнсөмбү деген ой келген, бирок азыр такыр каалоом жок. Азырынча ушинтип жүрө турайынчы. Бойдокчулук жагып жатат. Калганын убакыт көрсөтөр. Азырынча жүрөгүмдө эч ким жок.
– Мурунку жубайыңыз Кымбат турмушка чыкса кандай кабыл аласыз?
– Аны коё бергем. Бакыт гана каалайм.
– Бул окуядан кандай сабак алдыңыз?
– Бул тагдыр экен. Алдыда эмне болуп кетерин билбейт экенбиз. Жашоом ушундай болуп кетет деп миң уктасам түшүмө кирчү эмес. Негизи жубайлар бири-бирин уга билиши керек экен. Бири-бирин укпай калганда үй-бүлө бузулат экен. Кудай буюруп үйлөнүп калсам, ушул нерсеге жакшы көңүл бурам.
– Бакыт эмнеде?
– Биринчиден, ден соолукта. Үй-бүлө курууда айрымдарга бакыт кушу жылмаят экен, айрымдарга андай болбойт. Балдарым бар, сүйүктүү жумушум, үйүм, унаам бар, баары жайында. Мен бактылуумун деп ойлойм. Кийинки жашоомду башкача нукта алып кетем деген ойдомун.
– Мындан ары жашооңузда баары жакшы болушуна тилектешпиз!
Перизат Музуратбекова