СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Футбол боюнча Кыргыз курамасы Кувейт жана БАЭ менен беттешет

Футбол боюнча кыргыз курама командасы Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндарынын алдында эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Биринчи беттеш Кувейт менен орун алса, экинчиси Бириккен Араб Эмираттарынын про-лигасынын клубдарынын бири менен болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол уюму маалымдады. Алгачкы оюн 11-сентябрда Дубайда өтөрү, ага карата көнүгүү, машыгуу иштери БАЭде болору кабарланууда. Белгилей кетсек, FIFA`нын рейтингинде Кувейт 137-орунда болсо, Кыргыз курамасы 97-орунга жайгашкан. Ал эми экинчи таймаштын өтчү күнү белгилене элек.

Бул беттештер ноябрь айында болуучу 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна, 2027-жылкы Азия биринчилигине тандоо оюндарынын алдындагы кездешүүлөр.

Дүйнө чемпиондугуна кайсы балбандар барат?

Күрөш боюнча Сербияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшүнөн бара турган Кыргыз балбандарынын алдын ала тизмеси жарыяланды. Алар:

60 килограмм салмакта – Жоламан Шаршенбеков

63 килограмм салмакта – Дастан Кадыров

67 килограмм салмакта – Амантур Исмаилов

77 килограмм салмакта – Акжол Махмудов

82 килограмм салмакта – Бексултан Назарбаев

87 килограмм салмакта – Азат Салидинов

97 килограмм салмакта – Бексултан Махмудов

Дүйнө чемпиондугу Сербиянын борбору Белградда 16-25-сентябрь аралыгында болот. Эң маанилүүсү, бул чемпиондукта “Париж-2024” Олимпиадасына алгачкы лицензиялар ойнотулат. Ошондой эле Дүйнө чемпиондугуна катыша калбай калган айрым балбандар быйыл өтүүчү Азия оюндарына катышышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан