ТӨРӨТТӨ КОЛДОНУЛУУЧУ ООРУТУУНУ СЕЗДИРБӨӨЧҮ КАРАЖАТТАР

Төрөт учурунда аялдын организмине эбегейсиз күч келет. Жүрөк, бөйрөк, боор эки эсе ашыкча иштеп, нерв чыңалып, бала чыгуусу үчүн жамбаш сөөктөрү ажырап ачылат, тарамыштар чоюлат... Башкача айтканда, төрөт толгоо, оорутуу менен коштолот. Табигый жана операциялык жол менен төрөгөндө колдонулуучу оорутууну сездирбөөчү каражаттар, наркоздор, алардын түрлөрү жана оң , терс таасирлери тууралуу Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүнүн анестезиологу Момунбек Рахманкуловдон маалымат алдык.

Кандай түрлөрү бар?

– Анестезия – бул оорутууну сездирбөө. Оорутууну сездирбөөчү дары-дармек анестетик деп аталат. Төрөттө дененин керектүү бөлүгүн, жерин гана убактылуу жансыздандырып коючу анестетик ийне менен аялдын отурган же капталдап жаткан абалында сайылат. Мындай анестезиянын жүлүнгө сайылуучу, эпидуралдык жана паравертебралдык деген 3 түрү бар жана алардын Кыргызстанда колдонулуп жатканына 10 жылдай болуп калды. Үчөөнүн тең балага зыяны жок.

Ошондой эле төрөттө жалпы наркоз да колдонулат. Наркоз – бул борбордук нерв системин жасалма түрдө убактылуу селейтүү, адамды уйку абалына келтирүү. Жалпы наркоз “жалпы анестезия” деп да аталат.

Жалпы наркоз

– Наркоздун түрлөрү бар, алар венага сайылат же газ түрүндө берилип, жыттатылат. Аял уйкуга кетет жана жасалма дем алдырылат.

Мындай наркоз төмөнкүдөй учурларда колдонулат:

* Ичтеги бала чоң, эгиз же эч эм болсо, бала гипоксияга (кандайдыр бир себептерден улам кычкылтектин жетишсиздиги) чалдыкса, тону жатындан ажырап кетсе

* Аялдын жүрөк, жогорку кан басым оорусу бар болсо

* Баш сөөк алдындагы басымы жогору болсо, канын көп жоготсо

Терс жактары

• Колдонулган наркозго аллергия жаралышы мүмкүн.

Артериалдык кан басымдын төмөндөшү, дем алуунун кыйындашы же жүрөктүн кагуу ыргагынын бузулушу ыктымал. Бирок анестезиолог айтылгандардын баарын текшерип, керек учурда керектүү каражатты колдонот.

• Аялга берилген наркоздун түрү наркотикалык же күчтүү таасир этүүчү болсо, ал кан менен баланын мээсине жетсе, баланы шалдыратып, уйкусуратуусу, төрөлгөндөн кийин дем алуусу оорлой түшүшү ыктымал. • Жасалма дем алдыруучу түтүк бронхко чейин салынат. Алынгандан кийин тамак шишип оорушу ыктымал.

• Операциядан кийин эс-тутум канча бир убакытка төмөндөшү, баштын айланышы, кускунун келиши мүмкүн. Жүлүнгө (спинальный) сайылуучу анестезия

– Ичке ийне аркылуу жүлүндү курчап турган суюктукка сайылат. Кадимки жана операция аркылуу төрөттө колдонулат. Пациенттин боюнун узундугуна жараша бел омурткасынын (13-14) ортосуна өлчөмү менен сайылып, 5-7 мүнөттө таасир этет. Таасирин 2,5-3 саат жоготпойт.

Кайсы учурда колдонулбайт?

• Сайылуучу анестетикке аллергиясы бар болсо

• Аялдын абалы оор учурда (кан көп жоготкон, кан басымы төмөн жана комада болсо)

• Наркоз сайылуучу омуртка тушунда жара болсо

• Аялдын борбордук нерв системинде жана ички органдарында оорусу (жүрөк кемтигинин, цирроздун, кант диабетинин оор түрүндө жана башка) бар болсо

Артыкчылыгы

• Белден ылдыйкы гана бөлүк оорутууну сезбей калгандыктан аял акыл-эсинде болот. Баланы төрөгөнүн көрүп, бактылуу көз ирмемдерди сезет.

• Операцияда кандын аз кетиши

• Аллергияга кабылуу коркунучунун аздыгы (1 эле түрдүү дары сайылат)

• Бутка кан уюп калуунун, өпкө ооруларынын татаалдашып кетүү коркунучу азаят

• Операциядан кийин 6-7 саат дегенде тамак ичип, өзү басып калат. Андыктан ичегинин жабышып калуусунун алдын алат.

Терс таасирлери

• Туура эмес сайылса жүлүн сезгенип, менингит оорусу келип чыгат

• Кан басымды төмөндөтүп жибериши мүмкүн

• Анестетикке аллергия жаралуусу ыктымал

• Айрымдарда бир топ убакытка чейин баш оорутууну жаратышы мүмкүн

• Нервдин жабыркоосу (бут, жамбаштын нервдеринин сезүүсү азайышы мүмкүн) Эпидуралдык анестезия

Жүлүндү каптап туруучу катуу кабыкча менен омуртка каналынын ортосуна жоонураак ийне аркылуу ичке түтүкчө (катетер) киргизилет. Түтүкчөгө анестетик ийне аркылуу куюлат. Түтүкчө сөзсүз бел омурткасына эмес, көкүрөк омурткалар аралыгына киргизилсе деле боло берет. Анестетик берилгенден кийин 20-35 мүнөттө таасир этет. Анестетик берилгенден кийин канча бир убакыттан соң дагы берип, операция убагын керектүү убакытка чейин узартса болот. Төрөт учурунда абал оорлосо, мисалы, аялдын жатын моюнчасы жетишерлик деңгээлде ачылбаса, төрөт кечеңдеп баланын дем алуусу кыйындап баштаса же аялдын кан басымы түшүп кетсе, анда ошол берилген анестетик менен операция жасалып кете берет. Болгону кошумча наркоз да берилет.

Кайсы учурларда колдонулат?

• Пландалган кадимки төрөт учурунда оорутууну сезбөө үчүн аялдын каалоосу менен

• Ичтеги бала өлүп калса

• Убактысынан мурун төрөттө

• Вена же артерияда тромбоз болсо

• Жатындын жыйрылып иштешинде мандем болсо

• Жатындын моюнчасы өтө жай ачылганда

• Заарадан белок чыккан жогорку кан басымда (преэклампсия)

• Бөйрөк, жүрөк, оорусунун жана кант диабетинин, бронхиалдык астманын жеңил жана орточо деңгээлинде.

Ал эми артыкчылыгы жана терс таасирлери, кайсы учурда колдонулбагандыгы жүлүнгө сайылуучу наркоздой эле. Терс таасирине дагы кокус ийне менен анестезия жасап жаткан кезде жүлүндүн калың кабыкчасын тешип алса баш 1-2 апта ооруйт. Мындан тышкары анестетик куйган кезде катетер бир тарапка жылып кеткен болсо, оорутууну ошол тарап гана сезбей, берки тарап сезе бериши мүмкүн. Эгер ушундай болуп калса аялдын венасына анестетиктин бир түрү сайылып, төрөт кабыл алына берет. Кататер да кымбатыраак турат.

Паравертебралдык анестезия

– Төрөт 1,5-2 сааттан ашпайт деп белгиленген учурда аялдын макулдугу менен кадимки төрөттө оорутууну сездирбөө үчүн колдонулат. Омуртка араларынан чыккан нервдерге сайылат. 10-15 мүнөттө таасир этет. Жүлүнгө сайылбагандыктан коркунучсуз.

Төрөт убагы узарып кетсе 3-4 сааттан кийин анестетик дарыны кайталап саюуга болот. Терс таасирлери жокко эсе. Жүлүнгө сайылуучу анестезия кайсы учурларда колдонулбаса, мында деле ошондой. Аялдын грыжа, остеохондрозу болсо да сайылат

– Төрөттө дененин керектүү бөлүгүн, жерин гана убактылуу жансыздандырып коючу анестетиктер аялда омуртканын грыжасы, остеохондроз оорусу болсо деле сайыла берет. Болгону омуртканын кыйшаюусунун оор түрүндө гана сайылбайт. Кош бойлуу кезде аял чалкалап басып калгандыктан бел омурткаларына, байламталарына кошумча күч келет. Төрөттөн соң ал омурткалар, байламталар бошойт да, грыжа, остеохондроз оорусу күчөйт. Андыктан “жүлүнгө анестетик сайдырдым эле, төрөгөндөн кийин ошол жерим ооруп жатат” дегендер бар. Анын үстүнө анестетиктин терс таасири да тийиши ыктымал. Жогоруда айтылган анестетиктердин жалпы наркозго караганда терс таасирлери өтө аз. Аял төрөөрдөн мурда анестезиолог менен кеңешип, анестетик түрүн тандап алуусу керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан