ЖАШТАРГА АЙТКАН КЕҢЕШИ АЖОНУН КӨҢҮЛҮН БУРГАН ЭНЕ

Каарманыбыз Уулбү Чотоеванын элди тазалыкка үндөп, Ош-Бишкек жолунун боюнда таштанды чогултуп жатканы тартылган видео интернет желесине тараган. “Балдарым, кыздарым, өйдө-төмөн өткөндө минтип таштанды таштабагыла, уят болот” дейт ал видеодо. Анын бул чакырыгы президент Садыр Жапаровдун да көңүлүн бурду. Ажо аталган видеону өз баракчасы аркылуу бөлүштү. 80 жаштагы эне Токтогул районунун Жетиген айылынын тургуну.

- Апа, арыбаңыз! Интернетте жылдыз болуп кеттиңиз, өзүңүз билдиңизби?

- Бар болгула. Ооба, билдим. Балдар-кыздарым, кошуналар айтып, көрсөтүп жатышат.

- Ал видео кандайча тартылып калды эле?

- Жакындарыбыз той берип, Каракөлгө тойго бара жатканбыз. Көк-Белден токтодук, унаанын бир жерин оңдошту окшойт. Ошол жерден жол бойлой жаткан желим бөтөлкө, баштык, айтор, жайнаган таштандыны көрүп зээним кейип, чогулта баштагам. Ар бир адам отурган жерин, ичкен-жегенинин артынан тазалап кетсе, жол-белде таштанды ыргытпаса жакшы да. Жеп-ичкенден кийин таштандыны чогултуп унаага сала кетип, таштанды урнасына салып койсо болот да. Ошентип тазалап жатсам башка унаада бара жаткан кыздар тартып алышты. Интернетке чыгарабыз деп деле айтышкан эмес. Чыгарып коюшуптур, анан жылдыз болуп кетиптирмин. “Телефонго чыгып калыптырсың” деп көрсөтүштү. Балдарыма “апаңар жылдыз болуп жатат го” деп жатышыптыр. Отуруп калдым жылдыз болгон ушундай болот экен деп (күлүп).

- Жакшы үлгү болдуңуз. Ыраазы болуп пикир жазгандар, ал видеону көрүп “экинчи таштанды таштабайбыз” дегендер чыкты...

- Жакшы экен. Ошолорго рахмат. Мен Бишкекке кыздарыма барып турам. Дайыма баратканда ушул көрүнүштү көрүп зээним кейийт. Жашыбыз өтүп калды. Жаш болсом жол боюндагы таштандынын баарын тазалап терет элем.

- Жаштарга сизден кеңеш болсун...

- Балдарым, кыздарым, таштанды таштабагыла. Отурган жериңерди таза кармагыла. Артыбыздан тазалаганды үйрөнөлү. Уят, башка мамлекеттерден да кишилер келип жатат.

- Эми өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...

- Токтогул районунун Үч-Терек айлында 1942-жылы туулгам. 7 класстык билимим бар. 17 жашымда турмушка чыгып, 10 баланын апасы болдум. Окуу менен деле ишибиз болбоптур. Ата-энем деле унчукпай узатып коюшту. Атам түшүнүктүү киши эле, күч түзүмүндө иштечү. Эмнеге окутайын деген эмес, билбейм.

- Окубай калдым деп өкүнүп калдыңызбы?

- Ооба, өкүнөм. Ата-энеме “мени окуткан жоксуңар” деп кийин да айтып жүрдүм.

Менден кийинкилерин окутушту. Биз абышкам экөөбүз балдарыбызды окутууга аракет кылдык. Балдарымдын арасында мугалими, медайымы, дүкөнчүсү бар, мигрант болуп чет жакта жүргөнү бар. Баары окуп, иштеп кетишти. Учурда Токтогулдун Жетиген деген айылында турабыз. Жетиген тоонун жээгиндеги кичинекей айыл. Негизинен мал багуу, дыйканчылык менен оокат кылабыз. Бизде суу тартыш, быйыл ого бетер кургакчылык болду. Биздин айылга өкмөт көңүл бурбай жатат. Жолдорубуз жаман, көптөгөн көйгөйлөрүбүз чечилбей келет. Айылыбыздын жаштары, кийинки муун жакшы жашоо көрсө дейбиз.

- Айткандарыңыз биздин гезит аркылуу тиешелүү органдарга жетет деген үмүттөбүз. Жакшы туруңуз, көп жашаңыз!

- Рахмат, айланайын. Силердин да ишиңерге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан