9 БАЛАЛУУ ТҮГӨЙЛӨР КЕПЕДЕ БАШ КАЛКАЛАП ЖАТЫШАТ

Каарманыбыздын 9 баласы бар. Улуусу 17, кичүүсү 1 жашта. Оор турмуштан кыйналып жатканын айтып, “бир аз колдоо болсо үй-бүлөлүк түйшүгүм жеңилдеп, оорукчан кызымды дарылатып алат элем” дейт ал.

“Биринчи жолдошум менен ичкиликтин айынан ажырашкам”

– Аты-жөнүм Нурия Мирзаева. Жашым 36да. Туулган жерим Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылы. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окуганга шарт болбоду. Талаа иштеринде иштеп жүрүп, биринчи жолдошум менен таанышып, ага турмушка чыктым. Жашообуз башында жакшы эле болчу. Экөөбүз 2 кыз, 3 уулдуу болдук. Кийин жолдошум ичкиликке берилип, көп ичип, үйдө тез-тезден чыр-чатак чыгарып, себепсиз эле жаңжал сала баштады. Ичип келди дегиче үйдө тынчтык жок. Балдарым да уруш-талаш, жаңжалдан жадап кетти. Атасы ичип келсе баарыбыздын жүрөгүбүз түшчү. Акыры адам болбойт экен деп ажырашканга туура келди.

Балдарым менен ар кайсы жакта жашап жүрдүм. Атам жок, апам бар. Апамдын жүрөгүнө операция жасалган, оорукчан киши. Өзүм 5 бир тууганмын, 3 уул, 2 кызбыз. Бирок баарынын өз түйшүгү, үй-бүлө, бала-чакасы бар дегендей, бир үйдүн жарыгы башка үйгө тийбейт экен. Мурун кээде каралашып калышчу, азыр эч кимиси каралашпайт деле.

Балдарым менен өлбөстүн күнүн көрүп жүрүп, азыркы жолдошум менен таанышып, турмушка чыктым. Анын кичи мекени – Аксы. Бирге жашаганыбызга 8 жыл болду. Экөөбүздүн ортобузда 4 балабыз бар. Балдарыбыздын улуусу 17 жашта, кичүүсү 1 жаштан өттү. Жаш айырмачылыктары эки жана бир жаштан.

Азыркы жолдошум мурунку жолдошумдан тапкан балдарымды өгөйлөбөй, жакшы карайт. Күйөөм да мектепти бүткөндөн кийин окуган эмес. Анын 5 бир тууганы бар, ата-энесинин көзү өтүп кеткен. Бир туугандары деле меникиндей, тапкандары өздөрүнөн ашпайт. Кээде гана каралашып калышат.

“Ээн талаада темир кепеде жашадык”

– Кара-Суу районунда ар кайсы жерде 15 жыл балдар менен батирлеп жашадык. Акыры райондун Сары-Колот айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштардын биринен 6 сотых жер тилкесине ээ болдук. Айылдык кеңештин бир депутаты абалыбызды түшүнүп, 2 жыл мурун 1 жер тилкесин бөлдүртүп берген. Үй сала бергиле, кызыл китебин кийин аласыңар деди. Ошол тегеректе башкалар салган бирин-серин үйлөр бар. Аларга да кызыл китепти акырындап берип жатышат. Ошол ээн талаага, жерибизге былтыр узундугу 8,5 метр, туурасы 4,5 метр кылып пайдубал куйдук. Бирок андан ары салганга акчабыз жок калды. Айрымдар керегиңерге жараткыла деп берген эски тактайлар бар. Мурун колдонулган эшик, терезени жолдошум сатып келип койгон. Дубалын тургузуп, үстүн жаап, шыбап, полдогонго каражатыбыз жок башыбыз катууда. Ошого элден жардам сурап кайрылып жатабыз.

Ошол жер тилкебизге алгач жолдошум темирлерден кураштырып алачык тургузуп, ошондо балдар менен жайы бою жашадык. Күн абдан ысып, күн менен кошо темирлер да ысып, ичинде отурсак башыбызга ысык өтөт. Жамгыр жааса төбөсүнөн ар жагынан жамгыр агат. Ээн жерде шамал да катуу болот экен, шамал болгон сайын катуу калдырайт. Ошол болсо да башпаана болгонго жарады эптеп. Кийин ал жерге 1 бөлмөлүү кичинекей времянка тургуздук. Анда жашадык.

“Кызым оорукчан, менин көзүм жакшы көрбөйт”

– Батирлеп жүргөнүбүздө балдарыңар көп экен деп батир бербей койгондор көп болду. Берген күндө да акчасын төлөй албай калган учурлар болуп, кууп чыгып салышчу. Ошентип көп кыйналдык.

Жолдошум акыркы күндөрү гипсоблок чыгарган жерде иштеп, 30 миң сомдой айлык таап жаткан. Бирок ал акча батир акысына, балдар ооруса дарысына, тамак-ашка эле кетип калчу. Жолдошум экөөбүз балдарга жетсин деп кышкы, жазгы 1 сыйра кийимибиз менен жүрөбүз. Каражаттан кыйналганда банктан насыя акча да алган элек. Аны да төлөп жатабыз. Айтор, башыбызга тартсак аягыбызга, аягыбызга тартсак башыбызга жетпейт.

Жакындан бери жолдошум ошол тегеректеги кыш чыгарчу фирмада кара жумушчу болуп иштеп баштады. Ошол жерде жумушчулар үчүн үй бар, иштегендерге 1 бөлмөдөн берет экен. Ошол бөлмөгө көчкөнбүз. Ал жерде тыгылышып тамак ичип, уктап, айтор, эптеп күнүбүз өтүүдө.

Менин көзүм ооруйт, чөнтөк телефон көп карай албайм, гезит окуй албайм. Сыртка күндөн коргоочу көз айнек тагынып гана чыгам. Акча жок, көзүмдү текшерте албай карайлап отурам. Минтип жүрө берсем сокур болуп каламбы деп да корком. Ошого кээде гана иштеп калбасам, балдар менен үйдөмүн. Анын үстүнө балдарыбыз кичине.

“Жардам сурап Камчыбек Ташиевге кат жазганбыз”

– Балдарымдын бири ооруса башкасына да жугуп, баары оорушат. Ошондо абдан кыйналам. Ары карап ыйлап, бери карап күлгөнгө аргасыз болом. Балдарыма кийин ким болосуңар десем, бири врач, бири мугалим дейт, айтор. Ыйлап кейип калсам “апа, сизди кийин Меккеге алпарабыз, ыйлабаңыз ” деп сооротушат.

Жолдошум Камчыбек Ташиевге жардам сурап кат жазып, бирөөлөрдөн берип жиберген. Ал ага алпарып бердиби, жокпу билбейбиз. 3 жашар кызым Фатима оорукчан. 6 айынан бери ооруйт. Башы кысылып төрөлгөн, ошого башым ооруп жатат деп көп ыйлайт. Ыйласа, дене табы көтөрүлсө көгөрүп, тырышып калат. Аны да толук текшертип дарылатуубуз керек болууда. Мектепте 7 балабыз окуйт, аларга да кийим-кечек, окуу кураладары керек. Аларды ала элекпиз. Элден, кайрымдуу адамдардан суранарыбыз – колдон келген жардамдарын беришсе, үйүбүздү бүтүрүп, Фатима кызыбызды жана менин көзүмдү дарылатыбыз алсак деген тилегибиз бар. Сиздер бизге жардам берсеңиздер, жакшылыктарыңыздар Кудайдан кайтсын! Көп түкүрсө көл болот дейт, сиздерден колдоо күтөбүз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом: 0777 878088

МБанк: 0777 878088

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан