ЦИНК – ЖЫНЫС БЕЗДЕРИНИН ИШТЕШИН ЖӨНГӨ САЛАТ

Цинк (Zn) – организмдин саламаттыгы үчүн темирден кийинки экинчи маанилүү микроэлемент. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, калктын үчтөн бир бөлүгү бул заттын жетишсиздигинен жабыркап, ар кандай ооруларга туш болушат.

Териге тийгизген таасири

Цинк масса үлүшү боюнча да адамдын денесиндеги микроэлементтердин ичинен темирден кийинки орунда. Анын олуттуу пайызы териде жана чачта топтолгон. Теридеги негизги клеткалардын бөлүнүшүн жөнгө салууга катышып, жабыркаган ткандардын кайра калыбына келүүсүнө көмөктөшөт. Бул процесстер теринин саламаттыгын камсыз кылып, зыяндуу нурларга же башка факторлорго туруктуулугун жогорулатат.

Цинк кошулган косметикалык же дары каражаттарын, цинктин өзүн дерматолог, косметологдор безетки, жара, сөөлдөрдү дарылоодо, так түшүүдө кеңири колдонуп келишет. Ошондой эле чачтын активдүү өсүшүнө таасир эткендиктен андроген гормондорунун көбөйүшүнөн улам эркектер таз болуп калган учурларда, аялдардын жаш курагы өйдөлөгөндөгү чач түшүүсүндө, какач жана ашыкча майлуу чач менен күрөшүүдө натыйжасын көрсөткөн.


Цинксиз эркектердеги тестостерон гормону синтезделбейт

Генетикалык маалымат берүүгө жана жыныс гормондорунун иштелип чыгуусуна катышат. Цинк болбосо эркектердеги маанилүү тестостерон гормону синтезделбейт. Буга катар сперматозоиддердин жетилишин, кыймылдуулугун камсыз кылат. Простата безин сезгенүүдөн жана инфекциялардан сактоого жардам берет.

Ал эми аялдарда жумуртканын өсүү процессинде цинк белгилүү бир деңгээли талап кылынат, антпесе алар жетиле албай калат, бул овуляциянын бузулушуна алып келет. Кош бойлуу аялдардын организминде цинк жетиштүү деңгээлде болсо түйүлдүк туура өсүп, баланын ара төрөлүүсүнүн алдын алууга болот. Ошондой эле гормондорду иштеп чыгуучу калкан безинин саламаттыгы үчүн да зарыл.

Жетишсиздиги жана себептери

Цинктин жетишсиздигинин себеби айрыкча ичеги-карын ооруларынан болот. Анткени ичегиде витамин, микро, маркоэлементтердин сиңиши начарлайт. Ошондой эле стресс, бир түрдүү азык менен тамактануу, азыктарды бышырууда көп кайнатып, кууруп, күйгүзө бышыруу, спирт ичимдиктери да цинктин жетишсиздигине алып келет.

• Теринин кургашы, чачтын түшүшү, тырмактарда ак чекиттердин, сызыктардын пайда болушу

• Калкан безинин жана боордун оорулары

• Маанайдын чөгүп, жыныстык жашоого каалоонун төмөндөшү, эркектерде сакал-муруттун, денедеги түктөрдүн начар өсүшү

• Балдардын боюнун өспөй жатышы

• Иммундук коргоо системи төмөндөп, жугуштуу оорулар менен бат-бат ооруу

• Жаракат алган, күйгөн жерлердин айыкпай жүрө бериши, кеч айыгышы

• Күүгүмдө көрүүнүн начарлашы,

• Жыт, даам сезүүнүн начарлашы, аппетиттин жоголушу жана өтө арыктоо

• Депрессиялык абалдар, эрксиздик, тынчсыздануу, окуу жөндөмүнүн төмөндөшү

Жетишсиз болгондогу белгилери байкалса курамында цинк көп тамак-аштарды ичип, анан адиске кайрылуу кажет. Ал эми биологиялык активдүү кошулма катары цинкти өз алдынча ичүүгө болбойт. Ичүү керек же керек эмес экенин адис чечет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан