ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Аптада байланыштарды, күчтүү жана ишенимдүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү, маанилүү маселелерди чечүү оңой болот. Жумуштарыңызды бүтпөй жатсаңыз, сырттан адистерди тартуу керек. Демилгени колго алуудан коркпоңуз, өз оюңузду билдирип, бирок ошол эле учурда сиздикинен айырмаланган башка көз караштарды четке какпаңыз. Сүйүүдө романтика, назик мамиле жана чык ыкласыңыз менен тартуулаган белегиңиз жакын адамыңызды кубантат.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Алыстан келген коноктор күтүлбөгөн сапары менен сизди таң калтырышат. Андыктан күлкүлүү жана ыңгайсыз жагдайлардан качууга даярданганыңыз оң. Каржы маселесинде бир аз кыйынчылыктар болот, ашыкча чыгымдардан оолак болуңуз. Карьера, жумуш маселелери сизден көп күч-аракетти талап кылат, андыктан талыкпай иштөөгө даяр болуңуз. Энергияңызды үнөмдөп иштетпесеңиз, аны кайра толтуруу кыйыныраак болорун эскертишет жылдыздар.

ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Мурда эч ким даап козгобой келген маселелерди көтөрөсүз. Бул нерсе менен жакындарыңыздын көңүлүн оорутуп, жарасын тырмап алышыңыз мүмкүн. Болуп өткөн окуяны жашоо сабагы катары кабыл алып, андан сөзсүз оң жыйынтык чыгарышыңыз керек. Физикалык жактан активдүү болуңуз, бул аракетиңиз сизди көп оору-сыркоолордон сактайт. Үй-бүлөгө, балдарыңызга убакыт бөлүңүз, чогуу эс алууларды адатка айлантып алганыңыз туура.

БӨЙӨН (22.06–22.07)

Кесиптик чөйрөдө келечектүү сунуштар түшөт. Мунун баары зор жоопкерчиликти талап кылышы мүмкүн. Бирок коркпоңуз, анткени сиздин кесипкөйлүгүңүз жана компетенттүүлүгүңүз бардык нерсеге туруштук бере алат. Ошондой эле достор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн абдан ыңгайлуу мезгил, бирок сиз жакшы билген адамдар менен гана. Сүйүүдө кызганыч сезими тушап, ортодо келишпестик орун алат.

АРСТАН (23.07–23.08)

Буга чейин жумушта жоопкерчиликтүү адис катары таанылсаңыз, айлык маянаңыз көтөрүлүп, кесиптештериңиздин сыйына арзыйсыз. Карьералык өсүү болот. Эң негизгиси карьералык өсүү менен адамдык сапаттарыңызды жоготпоңуз жана досторуңуздун ким экенин унутпаңыз. Бизнес ачууну пландап жаткандар аракетин ушул апта башташса, иштери оңунан чыгат. Жаңы таанышуулар азыркы тапта болуп көрбөгөндөй пайдалуу болмокчу.

БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Сизден чыдамкайлык, токтоолук сапаттар талап кылынат. Туугандык мамиледе пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Майда-чүйдө сөздөргө теригип, ушак сүрүштүрбөңүз, баарын сабырдуулук менен жеңсеңиз болот. Достор менен байланыштар жемиштүү болот, алар күтүлбөгөн сапарларга чакырса баш тартпаңыз. Дем алыш күндөрү хоббилериңиз менен алектенгенге убакыт табыңыз, сүйүктүү жумуш менен алектенүү сизге эргүү тартуулайт.

ТАРАЗА (24.09–23.10)

Апта бою күчүңүздү жашооңуздун материалдык жагына, кошумча киреше табуунун жаңы варианттарын издөөгө жумшайсыз. Негизгиси бул күрөштө сиз андан да баалуу нерсени – үй-бүлөңүздү, жакын адамдарыңызды курмандыкка чалбаңыз. Амбицияңызды ишке ашырууга жана үйдө гармонияны сактоого мүмкүндүк берген алтын ортолукту издеңиз. Бойдоктор, сөз айтып жүргөн селкиңиз же мырзаңыз сезимдериңизге жооп берет.

ЧАЯН (24.10–22.11)

Табигый сүйкүмдүүлүгүңүз менен далайларды өзүңүзгө тартасыз. Алар сиздин досуңуз же ишенимдүү жардамчыңыз болууну каалашат. Бирок башкалардын алсыздыгын өз кызыкчылыгыңыз үчүн колдонбогонго аракет кылыңыз. Ири суммадагы сатып алуу иштериңизди кийинки аптага жылдырыңыз. Кыймылсыз мүлк сатып алууну пландагандардын максаты орундалат. Түшүнүксүз кырдаалга туш болсоңуз, жакындарыңызды жардамга чакырыңыз.

ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жалпысынан сизди жагымдуу апта күтөт. Бирок бардык нерсенин чеги болот, ошол чектен чыкпай мамиле түзүшүңүз керек. Жан дүйнөңүздү ички кубаныч сезимдери каптап, жагымдуу белектерди жана сюрприздерди жасоого, кайрымдуулук кылууга умтуласыз. Бирок ашыкча чыгымдын кереги жок. Унаа башкаргандар жолдо этият болуусу шарт, мүмкүнчүлүк болсо алыс жолго чыкпай туруңуз. Карыз алуу сунушталбайт.

ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Бир эле учурда бир нече тапшырманы аткарууга, аны менен бирге башкалардын маанайын көтөрүп, шыктандырууга жетишесиз. Кыз-жигит мамилесинде жүргөн текечерлер үлпөт тойго даярдык көрө беришсе болот. Тынымсыз иштөө ден соолукка зыян экенин эске алыңыз, эс алууга да кенен убакыт бөлүү керек болот. Балалуу текечерлердин түйшүгү көбөйөт, бул мезгилде сизге бекем сабыр жана чыдамкайлык гана жардам берет.

СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жаңы жеңиштер үчүн тынымсыз жарышта максатыңызга жетүүгө болгон чыныгы кызыгууну жоготкондой сезим болот. Кыска тыныгуу алыңыз, бир эле учурда көп маселени чечүүнүн кажети жок. Жашооңуздун ар бир көз ирмеминен ырахат алганды үйрөнүңүз. Сүйүктүү хоббиңизге убакыт табыңыз. Бардык маанилүү иштерден, жолугушуулардан, узак сапарлардан, күтүлбөгөн чечимдерди кабыл алуудан алыс болуңуз.

БАЛЫК (20.02–20.03)

Күтүлбөгөн чечимдерди кабыл алып, жеңишке умтулуп, мүнөзүңүз менен чөйрөңүздөгүлөрдү таң калтырууга жетишесиз. Жетишилген макулдашууларды документтештирүүгө шашпаңыз, баарын кылдаттык менен таразалап, кайра ойлонуп көрүңүз. Бейтааныш адамдар менен болгон мамиледе өтө этият болуңуз, анткени алар аткарам деген ишине жоопкерчиликтүү боло бербейт. Бойдоктор сезимдерин билдирүүдө тайманбас, өжөр болушу шарт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан