СИЗГЕ КЕРЕГИ ЖОК АДАМДАР

Сизге кимдин кереги жок болушу мүмкүн? Эгер өсүп-өнүгүүңүзгө, психикалык абалыңызга терс таасир тийгизген, жашоого болгон мотивацияны кубалаган тааныштарыңыз болсо, алардан качуу керек. Мисалы, кимден?

“Диван сынчылар”

Оо, азыркы заманда ар бир экинчи адам “диван сынчысына” айланган. Андай адамдар дайыма кимдин кандай жашаш керектигин, ким менен мамиле түзүп, качан үй-бүлө куруш кажет, балдарга эмне тамак берип, кандай тарбиялаш керек, кандай иш баштаса байып кетеринен бери “мыкты” билишет. Алар адабият, маданият, музыка, айтор, искусство жаатында да эксперт келишет. Ким ырдай алат, ким туура эмес кийинет, ким жаман актёр экенин көзү ачыктай эле айтышат. Философия, саясат, психология жаатында маселе болсо да чече алат. Эгер ал бийликте болсо мындай маселелер жаралмак эмес. Тилекке каршы, баарын сөз менен гана чечет. Иш жүзүндө үйүндөгү дивандан анда-санда турган адам.

Драма сүйүүчүлөр

Мындай адамдар да жашообузда кездешпей койбойт. Сиз ал адамдын жашоосунун үтүр-чекитине чейин билесиз. Анткени жолуккандан кеткенге чейин өз жашоосун айтат, бардык учурда өзү курмандык, ал эми жанындагылар зомбулук көрсөткөн адамдар болуп чыгат. Башкача айтканда, жашоосун драмага айлантып, өзү андагы оң каарман, калгандары терс каарман болуп чыгат. Мындай адамдарга сиздин кеңешиңиз деле кереги жок, болгону “таштанды челек” болуп анын маселелерин уккан адам керек. Жооп катары сиздин жашооңузга кызыкпайт, укса да кулак учунан кетирип жиберет. Аныкы маселе, сиздики сөздүн жели гана болуп калат. Психологдор мындай адамдар кичинесинде кандайдыр бир психикалык травма алган болушу мүмкүн дешет.

Акылмандар

Акылмандар “диван сынчыларына” окшошуп кетет. Болгону анын максаты – өз билими, акылы менен маектешин басуу, андан кыйын экенин көрсөтүү. Кандай темада сүйлөшпө сөзүңдү бөлүп “ооба, билем, ал мындай” деп маекти өзү улантып кетет. Мындай адамдын жанында отурсаң чүнчүп, өзүңдү ыңгайсыз сезе баштайсың.

Мактанчаактар

Кайсы бир ийгилигиңди, жакшылыгыңды мактоо сонун нерсе. Мактоо сөз уксаң андан жакшы, мотивация аласың. Бирок ар бир кадамын мактаган адамдардан сак болуш керек. Мындай адамдар мактанып жатып жанындагы адамды кемсинтип же анын жегенин, кийингенин, жумушун, жашоо шартын жокко чыгарып салганын байкабай калышат. Байкаса да “чычаласа мендей кыйын болуп алсын” деген принципке туруп коюшат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан