Арзыбек Кожошев, ЕЭКтин энергетика жана транспорт боюнча коллегиясынын мүчөсү: “ЖҮК ТАШУУДАГЫ ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ЖОЮУ БОЮНЧА МАКУЛДАШУУ ДАЯРДАДЫК”

Евразиялык экономикалык союзда Кыргызстандын келечеги кандай? Азыркы таптагы жыйынтыктар купулга толорлукпу? Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана транспорт боюнча коллегиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев менен ушул темада баарлаштык.

– Арзыбек Орозбекович, транспорттук байланыш экономикада ар дайым негизги ролду ойноп келген. ЕАЭБдин транспорттук желесин өнүктүрүүдө кандай жетишкендиктер бар?

– Ооба, заманбап транспорттук желе биздин мамлекет үчүн маанилүү орунду ээлейт. Автотрасса же темир жол түрүндөгү транспорттук коммуникация – бул биздин экономиканын кан тамыры. Анын үстүнө бүгүнкү күндө эл аралык маршруттарды тездик менен өнүктүрүү жана жаңы туруктуу логистикалык чынжырчаны түзүү актуалдуулугу болуп көрбөгөндөй өстү.

Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү багытында бараандуу иштер жүргүзүлүп жатат, мисалы, былтыркы жылдын август айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорт тармагында артыкчылыктуу инфраструктуралык интеграциялык долбоорлордун тизмеси бекитилди. Бул келечекте уюмдагы өлкөлөрдүн транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорун координациялоону камсыздоо үчүн база түзүүгө негиз болуп бермекчи. Кыргыз Республикасынан аталган тизмеге “Луговая–Балыкчы” темир жол тилкесин электрификациялоо долбоору киргизилди. Ошондой эле дагы эки долбоорду кошуу процесси жүрүүдө, алардын бири: өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал – Жалал-Абад” темир жолу.

Азыркы тапта “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу мегадолбоору менен биргеликте алдыга жылдырылып жаткан жогоруда аталган долбоорлор бирдиктүү ички темир жол желесин түзүү менен гана чектелбей, Кыргызстан аркылуу ЕАЭБдеги өлкөлөргө экспорт-импорттук жана транзиттик жүктөрдү ташууну камсыздоого шарт түзөт. Ошондой эле коридор аркылуу жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн транзитин ыңгайлуураак жана тезирээк кылууга, транспорт коопсуздугунун деңгээлин көтөрүүгө жол ачат.

– ЕАЭБдеги өлкөлөрдө жүк ташуучулардын жүк ташуунун жол берилген тонналык талаптарына ылайык келбестиги боюнча чектөөлөр бар. Аларга карата комиссия эмнелерди жасап жатат? Бул кырдаалды жөнгө салууга мүмкүнбү?

– Ооба, андай чектөөлөр бар. Буга байланыштуу биз атайын макулдашуунун долбоорун иштеп чыктык. Анын кабыл алынышы келечекте жүк ташуунун шарттарын гармонизациялап, транспорт каражаттарынын ары-бери катташын жеңилдетет, сиз айткан чектөөлөрдү жок кылууга мүмкүндүк жаратат.

– Жакшы. Союз габарит жана массага карата талаптарды аныктайт, транспорттук коридорлорду белгилейт. Союзга мүчө мамлекеттин уюмдун бүт аймагында жүк ташуучу автомобилдик кызмат көрсөтүүсүнө жеңилдик берүүнүн келечеги кандай?

– Ушуга байланыштуу ЕАЭКтин жумушунун абдан маанилүү багыттарынын бири ЕАЭБде 2016-2025-жылдар аралыгы автомобилдик жүк ташууну этап-этабы менен либеризациялоо боюнча программасынын алкагында өтүп жатат. Ушул жылы аталган программага ылайык, Орусиянын мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Бул Орусиянын аймагында каботаждык автомобилдик жүктөрдү ташуу үчүн зарыл жана 2025-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет (Армения, Беларусь жана Кыргызстан өзүнүн мыйзамдарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү процедурасын аяктап калды, Казакстан аны 4 этапта ишке ашырууга 2025-жылы киришет).

Программанын негизги милдети – мүчө-мамлекеттерде жүк ташуудагы чектөөлөрдү этап-этабы менен алып салууга багытталган улантуучулук иш-аракеттерди аныктоо болуп саналат.

– Бүгүнкү күндө санариптештирүү ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикасындагы негизги тренддердин бири болууда. Транспорт тармагында бул багыттагы иштер кандай жүрүп жатат?

– Транспорт тармагында санариптештирүү маселесине комиссия өзгөчө көңүл бурат. Ушул жылдын 20-январында “ЕАЭБдин тышкы чек арасында транспорттук көзөмөлдү маалыматтык камсыздоо” жалпы процесси ишке киргизилди. Бул маалыматтык агымды оптимизациялоого, маалыматтык карым-катышты өркүндөтүүгө жана транспорттук көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн күчөтүүгө шарт түзөт.

2023-жылдын 8-июнунда 2023-2025-жылдары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин деңиздик өткөрүү пунктарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул мүчө-мамлекеттердин деңиздик өткөрүү пункттарында санарип технологияларын колдонууга өтүүгө мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле электрондук товар жүгүртүүнүн алкагында маалыматтарды унификациялоону камсыздоо деңиздик өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташууга шарт түзүп, өз кезегинде деңиз портторуна жүк ташууда евразиялык транспорттук коридор жана маршруттардын эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Товар ташууну көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбуларды колдонуу механизмин апробациялоо, товар жеткирүүнү көзөмөлдөө, ошондой эле 3 мамлекеттин (Казакстан, Кыргызстан, Орусия) интеграцияланган маалыматтык системи азыркы учурда пилоттук долбоор катары ишке ашырыла баштады. Бул чек арада көзөмөл-текшерүү иш-чараларын минималдаштырууга жана жүктөрдү өткөрүүнү тездетүүгө жол ачат. Мындан тышкары контрабандалык товарларга бекем тоскоолдук жаратат.

– Эмгек рыногу чектелүү болгондуктан биздин жарандар ЕАЭБдеги өлкөлөргө барып ишке орношуп жатканы белгилүү. Мигранттардын административдик жана башка процедураларын жеңилдетүү үчүн ЕЭК кандай шарттарды түзүүдө?

– Азыркы тапта комиссиянын коллегиясы тарабынан быйыл февралда кабыл алынган сунуштамаларды ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Анын алкагында өлкөлөргө жумушчуларды кабыл алууда административдик процедураларды жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, мүлккө болгон укугун камсыздоо сунушталган. Жумушчуларды миграциялык каттоого коюуну жөнөкөйлөтүү үчүн “Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду миграциялык каттоо жөнүндө” федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Буга ылайык ЕАЭБдин жарандары миграциялык каттоо органына өзүнүн кайсы жерге барганы жөнүндө өз алдынча электрондук форматта билдирүү жөнөтө алышат (2023-жылдын 26-октябрында күчүнө кирет).

– Илимий кызматкерлер дагы бар, алар да жогоруда аталган өзгөртүүлөргө илинишеби?

– Ооба, албетте. 2023-жылдын 8-июнунан тарта Сочи шаарында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде окумуштуулардын даражасы тууралуу документтерди эки тараптуу таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Муну менен жогорку квалификациялуу академиялык кадрлардын мобилдүүлүгү жана илимий кооперациялардын мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

– Чын эле уюмда кадрлардын жана жумушчу күчтөрдүн эркин жүрүүсүнө шарттар түзүлүп жатабы? Пенсиялык төлөмдөр кандай болот, эгер жаран өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгүн уюмга мүчө өлкөлөрдө өткөрсө?

– Бул маанилүү суроо. Ушул жылдын март айында комиссиянын коллегиясынын чечими кабыл алынды, анда пенсиялык камсыздоо тармагында маалыматтык карым-катышты регламенттештире турган технологиялык документтер бекитилди. Пенсияны чегерүү жана төлөөдө тараптардын карым-катышы кагаздан электрондук форматка өткөрүлөт. Пенсия чегерүү жана төлөө боюнча жарандардын арызын кароо мөөнөтү кыскартылып, процедурасы жөнөкөйлөштүрүлөт. Эми сиз экономикалык союздагы өлкөлөрдүн биринде ишенимдүү иштей аласыз, адистерди тартууга мүмкүн. Социалдык кепилдиктер боюнча тынчсызданбай эле койсоңуз болот.

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан