Бекболот Токтогонов, самбочу: “ӨЗҮҢДӨН ООР САЛМАКТАГЫЛАР МЕНЕН БЕТТЕШҮҮ ЖЕҢИЛИРЭЭК”

Кыргызстанда самбо спорту 1960-жылдары, дзюдо 1972-жылдары өнүгүп баштаган. Учурда спорттун бул түрү боюнча ийгилик жараткандар көбөйүүдө. Алардын бири Бекболот Токтогонов. Ал жакында Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Өткөн жылы да алтын медаль өңөрүп келген эле.

Туулган жери – Талас району, Көк-Кашат айылы

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 1-июль

Бою – 193 сантиметр

Салмагы – 138 килограмм

Билими – жогорку, экономист адистигине окуган

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Жетишкендиктери – Дзюдо боюнча Жайкы олимпиада оюндарында 3-орун (Сингапур, 2010-жыл), Азиянын 2 жолку чемпиону, алтын медаль ээси (Ливан 2011-жыл, Тайвань 2012-жыл), “Чоң шлем” турниринде 3-орун (Германия, 2018-жыл)

Самбо боюнча Дүйнө кубогунун 2 жолку чемпиону, алтын медалдардын ээси (Бишкек, 2022-жыл, Чолпон-Ата 2023-жыл)

– Бекболот, жакында Чолпон-Атада өткөн самбо боюнча Дүйнө кубогуна катышып, 98 килограмм салмактан жогорку категорияда алтын медаль уттуңуз. Жеңем деген ишеним күчтүү беле?

– Дүйнө кубогуна Кыргызстандан тышкары 14 өлкө катышты. Мен 4 беттеш өткөрүп, казак, орус, беларусь балбандары менен күч сынаштым. Финалга кайрадан Орусиянын балбаны менен чыктым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду. Анткени бутумдан алган мурунку жараттарым кыйнады, анын үстүнө ал тажрыйбалуу атаандаш эле. Бирок ички туюмумда жеңериме ишенгем. Кыргызстандын куржунуна алтын медаль салганыма сыймыктандым. Беттештерде чарчайсың, бирок жеңиш баарын унуттурат. Кыргызстанда самбонун келечеги бар. Федерация спортчуларга жакшы көңүл буруп, шарт түзүп жатат. Бирок бизде оор салмактагы самбочулар аз. Менин ийгилигим машыктыруучум Азамат Казакбаевдин арты менен келди. Ага рахматымды айтам.

– Жеңишиңизди үйүңүздөгүлөр да чоң сүйүнүч менен кабыл алышса керек?

– Ата-энем мен ар бир мелдешке катышкан сайын санааркашат. Өткөн жылы да, быйыл да беттештин жүрүшүн атам залда көрүп отурду. Ошондуктан жеңишиме менден мурун ал сүйүндү десем болот. Апам болсо ар жеңишимде сүйүнүчтөн ыйлайт.

– Алп денелүү жигитсиз. Бул жагынан кимди тарткансыз?

– Биз 4 бир тууганбыз, баарыбыз эркектербиз. Баарыбыздын боюбуз узун. Чоң аталарыбыз бойлуу адамдар болушкан, бирок тай жагымдагылар алардан да ашып түшкөндөр. Ошентип 2 жактан тең ген берилген. 2 инимдин салмактары да 100 килограммдан ашыгыраак.

Бир туугандарым да спортчулар. Агам грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону. Бир иним эркин күрөш, дагы бири дзюдо менен алектенет.

– Спортко сиздерди ким кызыктырып, ким алып келген?

– Атам Замир Рысбеков алып келген. Ал кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону. Кичинебизде сыналгыдан атама кошулуп алып спорттук берүүлөрдү көрчүбүз. Ошондой берүүлөрдүн биринен мен япондук дзюдочу Такаси Оно тууралуу билдим. Ал өз стили бар спортчу. Мен да ошондой болгум келген. Ошентип 13 жашымда Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайына кирип, дзюдо менен алектене баштадым. Режимди сактап, күнүгө 2 ирет машыкчубуз. Айта кетчү нерсе, апам 1990-жылдан бери ошол окуу жайда математика мугалими болуп иштеп келе жатат. Мугалимдин баласы мыкты окушу керек деп мага талап катуу болду да (күлүп). Апам убагында Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөновдун класс жетекчиси болгон.

– Орусиянын Самбо федерациясы самбо боюнча тасма тартып жатканын, ага сиздин да тартылганыңызды уктум...

– Ооба, СССРде самбо спорту 1938-жылы 16-ноябрда негизделген. Ошонун 85 жылдыгына карата “Самбо-85” деген документалдык фильм тартып жатышат. Анда самбонун тарыхы чагылдырылып, айрым белгилүү самбочуларды тартып жатышыптыр. Учурдагы самбочулардан мени кошушуптур. Тартып кетишти. Сыягы, буга жеңиштерим себеп болду окшойт.

– Жакшы. Жана бутумдан жаракат алгам деп калдыңыз...

– Беттештер өзүнүн терс таасирин тийгизбей койбойт. 2015-жылы Беларустагы турнирде бир тиземден, Кыргызстандагы спартакиадада 2-тиземден жаракат алгам. Алгач ооруп басылат го деп ойлогом. Бирок текшерилгенде тиземдеги тарамыштар үзүлүп кеткени белгилүү болду. Оң бутумдун ошол жеринен кайта-кайта жаракат алып, жалпы 5 ирет операция жасаттым. Азыркы тапта кээде тизелерим ооруп калат.

– Сиздин жылдызыңыз жанган учур 2022-жыл болду окшойт. 2 айда 3 ийгилик жараттыңыз...

– Ооба, 2022-жылы 9-январда 100 килограмм салмактан жогорку категорияда дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиондугун утуп, алтын медаль тагындым. Бир аптадан кийин эркин күрөш боюнча өлкөнүн чемпиондугунда 2-орунга ээ болдум. Ал эми 6-февралда самбо боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, алтын медаль тагындым.

– Келиңиз эми, 2010-жылы Сингапурда өткөн жаштар аралык Олимпиада оюндарын бир эстейли...

– Мен ага чейин 81 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча мелдештерге чыгып, Кыргызстандын чемпиону элем. Машыктыруучулар Будапештте өтө турган дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна 90 килограммга чейинки категорияда чыгасың деп калышты. 5 килограмм салмак кошуп, барып беттешип, бирок 7-орунду алып калгам. Анан Азия чемпиондугуна катышып 3-орунду утуп, Сингапурдагы Олимпиадага жолдомо алдым. Лицензияны мага 100 килограмм салмак категориясына берип салышты. Күчтөнүп тамактанып, машыгып отуруп 1 жыл ичинде 15 килограмм салмак коштум. Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүп өттүм. Ошондо абдан толкундандым. Беттеште 3-орунга илингем.

– Тууну сизге көтөртүүнүн себеби эмнеде болду?

– Спортчулардын ар бири Олимпиадага барганга чейин биздин өлкөнүн президентине жолугушууга барганда айта турган сөздөрүн даярдашты. Репетицияда менин сөздөрүм артыкчылык кылды. Президентке киргенибизде да жакшы сүйлөдүм. Ошого тууну мага карматышты.

– Өзүңүздөн кыйла оор салмактагы атаандаштар менен күрөшкөн учурлар болобу?

– Эң оор салмактагысы 160 килограмм болгон. Беттеште мен уттум. Өзүңдөн оор салмактагылар менен беттешкен жеңилирээк. Анткени алар бат чарчап калышат.

– Чет өлкөлүк олуттуу атаандаштар деп кимдерди айта аласыз?

– Дзюдочулардан айтсам, Чехиялык Лукаш Крпалек, нидерланддык Рой Мейер бар. Мейер менен 3 жолу беттешип, утулуп калгам. Дагы беттешсем дейм. Дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, франциялык Тедди Ринер 2010-жылдан бери эч кимге утула элек. 2019-жылы Япониядагы сбордо ага сунуштадым эле, спарринг өткөрдүк. 5 мүнөт күрөштүк. Мыкты, коргошунду уютуп койгондой чың денелүү неме экен. Экөөбүз кайсы бир беттеште бир чыгып калсак, утканга аракет кылам.

– Маегиңизе рахмат! Ийгиликтерди жарата бериңиз!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан