КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Сүрөттү чоңойтуп карасам дал ошол, Касыкени өлтүргөн адам эле. Сүрөттүн астына аты, фамилиясы да жазылыптыр, Бекбоев Эрмек деген адам экен. Ваня байкенин телефондогу “Эрма Боссу” да. Түндө машинада келишкендер да ушулар эле болушу керек. Көздөрү каристердикине окшоп кичинекей, каректери бир башкача муздак болчу, мен ошо суук көздөрүн эстеп калган экенмин. Берки эки сүрөттү да чоңойтуп эркегин тааныбадым, сакалчан, кейпи суук, дүңүрөйгөн капкара адам эле, аты-жөнү Бактияр Жанабаев экен. А кызды дароо эле тааныдым... Асел эле!!! Гезиттеги сүрөтүндө хиджаб кийип, оронуп чулганып алган экен, ошого окшоштура албаган окшойм. Аселдин өз аты Караева Гүлүмкан деп жүрөт. Макаланы окуп чыктым, кыскача мазмуну мындай экен:

Асел ошол бизнесменге турмушка чыгыптыр. Бир жылдай жашагандан кийин, өлтүрөр күнү эшикти Асел ачып берип, шериктери кирип бизнесмендин колу-бутун байлап, кыйнап, аябай көп акчасын алып, өзүн жип менен муунтуп өлтүрүп, из жашырып кетишиптир. Ошол бойдон кармалбай, дайынсыз кетишкен экен. Бир ордумда тынч тура албай калдым. Чынын айтайын, корко баштадым. Саат эми жети жарым болду. Же кете берсемби азыр эле. Ваня байке кеткенимди билип калса Аселге айтса, Асел менттерге айтса, Россиядан да чыга албай калам. Ваня байкеге эптеп бир жолун таап, дагы уйку дары беришим керек, антип-минтип ойгонгуча учуп кетем да Кыргызстанга. Же кармап, колу-бутун байлап, камап салыш керек. Сыртка чыгып тамеки чегип отурдум. Негедир бир нерсе жетишпей жаткансып жүрөгүм түпөйүл боло берди, эки жакты карап, эмне жетишпей жатат деп изилдедим. Ошондо оюма келди, Вулкан көрүнбөйт. Эшикке чыкканымды билсе сөзсүз шыйпаңдап жаныма келчү эле, атайын жөтөлүп да көрдүм, жок. Ваня байке гаражга камаптыр да. Демек, азыр келишет экен да, же эчак эле келип мени аңдып турушабы? Тамекимди чегип отуруп акырын эки жакты карасам эч нерсенин шеги билинбейт. Тапанчаны жер төлөгө, иштеп жаткан бөлмөмө бекиткен элем, тамекимди өчүрүп, шашканымды билдирбей акырын басып үйгө кирип жер төлөгө түштүм. Эшикти ачарым менен жүрөгүм шуу деди, маңдайыма тапанча такап баягы сүрөттөгү экөө турат. Касыкени өлтүргөнү - Эрмек бою узун, көлөмдүү адам экен. Берки шериги Бактияр, сакалчан, бою менден бир аз кичирээк, бирок аябай машыгыптыр, булчуңдары буржуйган күчтүү бала экен. Экөөсүнүн тең колунда тапанча, мага мээлеп турушат. Эмне кылышты билбей нес боло туруп калсам Ваня байке артымдан бекинип келген окшойт, тепкичтен түшүп келип тапанчасы менен нукуп:

– Кир, Руслан, кир,- деп түртүп киргизип, өзү да кирип эшикти ичинен жаап алды. Экөө мени сынап карап турду. Мен башымды жерге салып эле туруп бердим. Эрмек Ваня байкеге:

– Сыртты карап тур,- деп жөнөтүп жиберип, тапанчасын артына, шымына кыстарып мага жакын келди да, ушунчалык тездик менен ичиме бир урду. Көзүмдөн от чагылышып, дем жетпей, өзөрүп жатып калдым. Бир топко жаттым өзүмө келе албай. Бокс менен машыккан окшойт, барскан менен эле ургандай болду. Бул соккуну бокста “апперкот” деп коёт, ылдыйдан жогору каратып урганда эгер ээкке тийсе, мындай соккудан кийин анча-мынча адам тиги дүйнөгө сапар тартат ошондон ары.

– Эу, тур эй, эркексиңби? Ушул соккуга да ушунча жатасыңбы? Мунун жаны деле жок турбайбы,- деп коёт тиги Бактияры.

– Тим кой, бир аз өзүнө келсин. Сен барып алконавтты карап кой. Ичпесин, эки жакты жакшылап карасын. Итти да бошотуп койсун, айтып кой, бирөө келсе үрүп белги берип турат. Анан компьютерден “жесткий дискти” чыгарып кел,- деп жөнөтүп жиберип, өзү жалгыз калды. Эптеп дубалга сүйөнүп туруп Эрмекти карасам мени кантип урсам деп муштумун даярдап турган экен. Бир аз түздөлсөм дагы ичиме катуу уруп, эки бүктөлүп калсам далыма бир урду эле кайра жыгылып түштүм. Дем жетпей, эптеп өзүмө келдим. Дубалга сүйөнүп отуруп калдым. Эрмек чачымдан кармап тартып башымды көтөрүп көзүмө карап турду да, жетишет деди окшойт, чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып күйгүзүп, жер төлөнүн кичинекей терезесинен сыртты карап турду. Тамекинин түтүнүн ошол терезеден сыртка үйлөп жатты. Дем алуум араң калыбына келди. Акырын эки жакты карасам Эрмектин бутунун жанында перфоратор жатыптыр. Жарайт. Дагы бир аз отуруп, эптеп турдум. Эрмек мени бурулуп карады эле, чөнтөгүмдөн тамеки алып чыгып, бир даанасын оозума тиштеп, чөнтөктөрүмдү сыйпалап зажигалкамды таппай жаткандай түр көрсөтүп жатсам Эрмек зажигалкасын мага сунду. Мен бир колум менен тамекини кармап, бир колум менен ичимди басып араң жылып жанына барсам бир колу менен “зажигалканы” күйгүзүп, экинчи колу менен анын отун шамалдан калкалагансып мага бир аз эңкейди. Тамекимди оозума тиштеп эңкейип жакындасам, ал башын бир аз аркараак тартты эле ээги ачылып калды. Күчүмдүн болушунча ээгине бир урсам, бир саамга өзүн жоготуп койду, дароо жерде жаткан перфораторду алып дал чекесине согуп калдым. Шылк эле кулап түштү. Эшикти ичинен кулпулап, мен иштеткен скотч бар эле, аны менен колун артына кайрып бириктирип, кабат-кабат кылып ороп салдым. Бутун да, оозун да скотчтоп таңып таштадым. Эрмек баары бир күчтүү адам экен, бир заматта өзүнө келип, мага каршылык көрсөтүүгө аракет кылды. Эки кулагынан кармап күчүмдүн болушунча полго сүздүрүп салсам унчукпай калды. Дароо тапанчасын алып, эшикти тыңшасам эч дабыш билинбейт, акырын ачып тепкич менен көтөрүлүп холлдун ичин карасам эч ким көрүнбөйт. Бутумдагы сланцыны чечип, акырын компьютер турган бөлмөгө барсам Бактияр отуруп алып процессордун ичин чукулап жатыптыр, артынан барсам байкабады. Башына тапанчаны такап, шымына кыстарылган тапанчасын алып далысына, жүрөк тушуна такадым:

– Кыймылдаба, үнүңдү чыгарба. Көтөр колуңду! Кымындай эле кыйшаңдасаң атып таштайм, түшүндүңбү?

– Түшүндүм, түшүндүм...

– Бас!- деп тапанчаны башына такаган бойдон жер төлөгө алып түшүп кеттим. Ваня байке көрүнбөйт. Эрмек кадимкидей өзүнө келип, дубалга сүйөнүп эмне кыларын билбей жаны кашайып отурган экен. Эшикти ичинен илип, Бактиярды тапанчанын арты менен желкесине катуу бир койсом жыгылып калды. Анын да колу-бутун, оозун скотч менен чытыратып ороп, сүйрөп Эрмектин жанына алып барып, дубалга сүйөнтүп отургузуп койдум. Терезе кичинекей эле, сырттан эч нерсе көрүнбөгүдөй кылып жаап салдым. Аңгыча Бактияр да өзүнө келди. Эки жакты карап, мени карап, колу-бутун бошотууга аракет кылып көрдү да, чече албасына көзү жеттиби, айласы жок отуруп калды. Булар өлүмдөн да коркпогон жанкечтилер экен. Экөөсүн телефонго видеого тартып, Касыкени өлтүргөнү тартылган видеону кошуп Кайратка жөнөттүм. “Кайрат ушул видеолорду бир флешкага көчүрүп бекитип кой да, телефонуңдан өчүрүп сал, эч ким көрбөсүн. Керек болгондо сурайм” деп жаздым. Кайрат дароо эле окуду жазганымды. “Азырынча мага чалбай тур, эч нерсе сураба” деп да жазып койдум. Чалган жок. “Түшүндүм” деген гана кыска жооп жазды. Кайратка жөнөткөнүмдү эч ким билбеши үчүн өзүмдүн да телефонумдагы жазышуулардын баарын өчүрүп салдым. Эми полицияга чалса болот. Чалсам, тутканы дароо эле алышты.

– Алло, полиция, тез келип калгыла, үйгө ууру кирди,- деп даректи айтсам нөөмөттө турган кызматкер ордунан секирип эле кетти окшойт…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан