ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Орусия

ЖАН КЕЧТИЛЕР АЭРОПОРТТУ ЖАРДЫРЫШТЫ
Москва шаарындагы ири аэропорттордун бири “Домодедоводо” 24-январь күнү жардыруу болду. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 35 киши каза болуп, 180 киши жаракат алган. Жардырууну жан кечти террорчу ишке ашырганы же бомба коюлганы такталууда. Кылмышка кавказ улутундагы эки адам шектелүүдө. Жардыргыч заттын кубаттуулугу тротил эквивалентинде, салмагы 2-5 килограммдын тегерегинде экен.
Каза болгон адамдардын тизмесинде кыргызстандык жаран 24 жаштагы Хакназаров Мурат Худайназарович бар. Андан сырткары бул каргашалуу окуяда Орусия, Улуу Британия, Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары көз жумушту.

ЛЕНИНДИН МАВЗОЛЕЙИ ЖАБЫЛАБЫ?
Орусиянын бийликчил “Единая Россия” партиясы Москва шаарындагы Кызыл Аянттан орун алган Лениндин сөөгүн жерге берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Алардын айтымында, Компартиянын негиздөөчүсү Владимир Лениндин сөөгүн мавзолейде кармап отурбай, бардык эрежелер менен көмүү керек. Эскерте кетсек, коммунисттердин жол башчысынын денеси 1924-жылы бальзамдалган болчу. Учурда Лениндин сөөгүн жерге берүү демилгеси боюнча атайын ачылган электрондук “Гудбай, Ленин!” сайтында жол башчынын сөөгүнүн тагдырын чечүүнү добушка коюу сунушталды.

Беларусь

ЛУКАШЕНКО 4-ИРЕТ ТААЖЫ КИЙДИ
Беларустун борбору Минск шаарында 21-январда Александр Лукашенконун инаугурациясы болду. Александр Лукашенконун ушуну менен 4-ирет таажы кийиши. Анын президент болушуна каршы чыккан топтордун абдан көптүгүнө карабастан, ал 4-ирет президенттик кызматка киришти. Ошол эле учурда нааразычылык акцияларын уюштурган оппозиция өкүлдөрүнө карата жүргүзүлгөн саясий куугунтуктун айынан Европалык Союз өз санкциясын жарыялады. “Европалыктар дагы, америкалыктар дагы жардам бере алышпайт” деген Лукашенконун мурдун балта кескен жок. Санкцияга ылайык, ЕСнын өлкөлөрүнө баруу үчүн Беларустун аткаминерлерине виза берүүгө тыюу салынат.

Ливан

ӨКМӨТ БАШЫНДА – “ХИЗБАЛЛА”
Ливандын тагдыры радикалдуу шийиттердин “Хизбалла” тобунан көз каранды болот. Анткени “Хизбалла” тарабынан премьер-министрлик кызматка көрсөтүлгөн талапкер, тактап айтканда, ишкер Нажиба Микати парламентте көп добушту илип кетти. Серепчилер дагы шийиттер тобунун өкмөттү негиздөөгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар дешүүдө. Ливандын көпчүлүгүн түзгөн сүннөт тобу каршылык акциясына чыкты.
Маалымат үчүн: Расмий Вашингтон “Хизбалла” тобун “террордук уюм” деп жарыялаган.

Бразилия

СЕЛДЕН 800 КИШИ КӨЗ ЖУМДУ
Бразилияда сел жана суу ташкындан каза болгондордун саны 800дөн ашуун кишиге жетти. Алардын ар бир үчүнчүсү жаш балдар жана өспүрүмдөр. Көз жумгандардын ичинен эң кичүү чүрпөнүн төрөлгөнүнө араң 5 күн болгон. Андан сырткары 300гө чукул адамдын тагдыры белгисиз боюнча калууда. Ал эми 20 миңдей адам үй-жайсыз калып, учурда чатырлардан тигилген шаарчада күн өткөрүп жатышат. Аталган өлкөдө Рио-де-Жанейро, Сан-Пауло жана Санта-Катарина штаттары эң көп зыян тартышты.

Япония

ОКУМУШТУУ МАМОНТТУ ТИРИЛТЕТ
80 жашка чыгып калган япониялык изилдөөчү Акира Иритани илимий ачылыштын алдында турат. Мамонтту кайра тирилтүү аракети менен Акира 30 жылдан бери алек. Эскерте кетсек, пилдин “тууганы” деп саналган мамонттор 10 миң жыл мурун тукум курут болушкан. Алардын калдыктары Чыгыш Сибирдеги муздун арасынан табылып, 2008-жылы мамонттун гени окумуштуулар тарабынан изилденип чыккан. Эми дал ушул табылган мамонттун тоңдурулган клеткасынан “кайра жаралуу” доору башталмакчы. Акиранын айтымында, мамонттор туулганда, алар Сибирдеги атайын коргоочу жайда жашоосун улантышат. Окумуштуу 8 жыл бою дүйнөнү кыдырып жүрүп, ушул жайды тандап алууну чечкен.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
honey
2011-01-31 11:50:00
Жашоо - бумеранг. Жаман нерсени жасаган адамдар, анын баардыгы, кайра айланып эле оздоруно келерин билишет болду бекен.
0
Taalaibek
2011-02-01 01:52:32
Ото эле тангалыштуу.
0
Tokmok
2011-02-01 21:53:21
Lenindin soogun jer albait, antkeni al kudai jok dep eldin baaryn kurutkan.
Sel jurup, elder birin biri kyryp, miting, jana bashkalar koboidu.... Adam balasynyn peiyili buzulup, jerda kotoro albagandai.........
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан