ТУУРА ТАМАКТАНУУ: КЕЧКИСИН ЭМНЕ ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ?

Кечкисин туура эмес тамактануу келбетке эле таасир бербестен, организмге да зыянын тийгизет. Диетологдор арыктайм деп кечкисин такыр тамактанбай коюу да туура эмес дешет. Уктаарга 2-3 саат калганда акыркы азыктануу болушу шарт.

Кечки тамактанууда бул азыктарды жебеңиз

1. Ун азыктарынан жасалган бардык тамактар, кондитердик азыктар

2. Ак күрүч, картошка

3. Куурулган, ышталган, туздалган тамак-аштар

4. Курамында канты көп жер-жемиштер (банан, коон, таттуу жүзүм жана башка)

5. Жаңгактын түрлөрү

6. Сыр, таттуу йогурт, таттуу быштак, таттуу айран

Бул азыктардын арасында организмге пайдалуулары да көп, бирок кечки тамактанууга колдонууда эч кандай пайда алып келбейт.

Кайсы тамак-аштарды жегенге болот?

1. Балык (майлуу эмес), деңиз жандыктары – түрдүү витаминдерге, белокко бай бул азыктар организмге керектүү бардык заттарга ээ, ошол эле учурда жеңил, сиңирүүгө оңой болот.

2. Үндүк, тоок эти – балык сыяктуу эле белокко бай келишет. Бул канаттуулардын этин да куурбай, шорпого же электр мешине бышырып алып жесеңиз сонун болот.

3. Быштак – дүкөндөн алган быштак жарабайт. Анткени анда кант болбосо да, түрдүү химиялык кошулмалар болушу ыктымал. Үй шартында өзүңүз жасаган быштак да белокко бай келет. Андыктан мындай быштакты кечкисин өзүн же салатка кошуп жей берсеңиз жарайт.

4. Жашылчалар. Курамында крахмалы жок жашылчалардын түрүн салат кылып, сууга-бууга бышырып жей бериңиз.

5. Жумуртка. Такыр эле курсагыңыз курулдап жатса сууга 2 даана жумуртка бышырып жесеңиз ток кармайт. Жумурткага түрдүү жашылчаларды кошуп омлет жасап жесеңиз да болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан