АЗЫР ТОҢДУРУП, КЫШТА ЖЕ!

Жайдын даамын кышта сезүү үчүн кожойкелер көптөгөн ыкмаларды колдонуп жүрүшөт. Алардын ичинен тоңдуруу аркылуу кышкыга камдоодо азыктын түсү, формасы, пайдалуулугу көбүрөөк сакталат. Кандай азыктарды кантип тоңдуруу шарт? Макалабыз ушул тууралуу болсун.

МАЛИНА

Малина тоңдурулса да даамын, формасын, пайдалуулугун жоготуп жибербеген азыктардын бири. Болгону жибигенден кийин сууланышып калат. Малина менен кулпунай көбүнчө десерттерди кооздоо, мөмө-жемиш чайлары, компот үчүн бүтүн бойдон тоңдурулса, эзилген түрүндө кыям, таттуулардын толтурмасына тоңдурулат.

1. Малинаны бүтүн бойдон тоңдуруу үчүн жуубаш керек. Атайын тоңдургучтун подносуна бир катар тизип, тоңдургучка 2-3 саатка коёбуз. Мөмөлөрдү алып чыгып контейнерлерге салып, оозун бекем жабабыз. Болбосо тоңдургучтагы башка жыттарды өзүнө сиңирип алат.

2. Эзип тоңдуруу үчүн ошол өлчөмдөгү кумшекерди кошуп кол менен эзебиз да, порция-порция кылып бөлүп герметикалык баштыктарга куюп тоңдурабыз.

КУЛПУНАЙ

Кулпунай малина сымал пайдалуулугун, даамын, формасын жоготпойт. Бул азыктар тоңгон калыбында 8-10 айга чейин тура берет.

1. Бүтүн бойдон тоңдуруу үчүн кургакта чогултулуп, эзилип калбаганын тандоо керек. Мөмөлөрдү агып жаткан сууга кармалабай жууп, сүлгү менен жаап кургатып алабыз. Эми контейнерлерге салып оозун жаап тоңдургучка коёбуз. Араларына кумшекер себелеп тоңдурууга да болот.

2. Кулпунайды эзүү үчүн блендерди же эт туурагычты колдонобуз. Кумшекер кошуп да, кошпой да герметикалык баштыктарга салып тоңдура бериңиз.

БУУРЧАК

Ашпоздор “кышкысын салат, шорпо, гарнирге консерваланган буурчактын ордуна тоңдурулган буурчактарды колдонуу туура, даамы да жаңы үзүлгөн буурчактыкындай болот” дешет. Ошондуктан жок дегенде сүйүктүү оливье салаты үчүн буурчак тоңдуруп алууну сунуштайбыз. Ал үчүн буурчакты сырткы кабыгынан бөлүп алабыз. Ушул боюнча эле баштыктарга бөлүштүрүп тоңдуруп коюуга болот, бирок жибиген соң даамын, өңүн өзгөртүп жиберет. Мунун алдын алуу үчүн буурчактарды дуршлагга салып, кайнап жаткан сууга 2-3 мүнөт малып, кайра муздак сууга салып чыгарабыз. Суусу сарыгып кургаган соң баштыктарга бөлүштүрүп тоңдургучка коёбуз. Буурчакты тоңдургучта бир жылга чейин сактоого болот.

ЖАШЫЛЧА АРАЛАШМАСЫ

Шорпо же гарнир үчүн жыттуу, түстүү жашылчалар аралашмасын тоңдуруп коюңуз.

Керектелүүчү азыктар:

Буурчак – 200 грамм

Жандоо – 200 грамм

Сабиз – 2 даана

Болгар калемпири –
2 даана

Жүгөрү – 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Буурчак менен жүгөрүнү алдын ала даярдоодо буурчакта колдонулган ыкманы колдонобуз.

2. Жандоону 2 сантиметр узундукта, сабизди жарым тегерек кылып туурап, дуршлаг менен кайнак сууга салып, кайра чыгарып кургатып алабыз.

3. Болгар калемпирин төрт чарчы туурайбыз. Бардык азыктарды бириктирип аралаштырып, баштыктарга салыштырып, тоңдургучка жайгаштырабыз. Бул аралашманы 8 айдын ичинде колдонуу керек.

ПОМИДОР

Тамак-ашка көп колдонулган азык болгондуктан кышкыга тоңдуруп алуу оң. Помидор тоңгон соң даамы, формасы мурункудай болбой калат, ошондуктан салаттан башка тамактардын даамын арттырууда, томат ширесин даярдоо үчүн колдоно берсеңиз болот. Помидор 6-8 айга чейин тоңдургучта сакталат.

1. Помидорду кесим менен тоңдуруу үчүн эттүүсүн тандайбыз. Жуулуп, тазаланган помидорлорду тегерек же төрт чарчы туурап, герметикалык баштыктарга же контейнерлерге салып тоңдурабыз.

2. Томат түрүндө тоңдуруу

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 2 килограмм

Сарымсак – 4 тишче

Зайтун же өсүмдүк майы –
15 миллилитр

Прован татымалы – 1 чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Эттүү помидорду жууп-тазалап төрткө бөлөбүз. Электр мешинин табасын жакшылап майлап, кесимдерди тыгыз жайгаштырып, үстүнө майды, татымалдарды себелеп, 150 градуста ысып турган электр мешине 1 саатка салабыз.

2. Ширесинен арылган помдорду алып чыгып эзип, чыпкалайбыз. Даяр болгон томатты баштыктарга бөлүштүрүп, тоңдургучка салабыз.

ТОҢДУРУУДА ЭСКЕ АЛУУЧУ ЖАГДАЙЛАР

• Жуулган азыктардын баарын кургатып анан тоңдургучка салуу керек

• Жашылчалар салат үчүн колдонууда жибитилбесе, калган убакта тоң бойдон колдонууга болот.

• Тоңдуруу үчүн эң ылайыктуу температура -18 градус.

• Ашкөк тоңдурсаңыз 12 айга чейин сактоого болот.

• Болгар калемпиринин, ашкөктөрдүн жанына мөмө-жемиштерди коюуга болбойт. Булар тоңгондон кийин да жыт чыгарат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан