Каарманыбыз кырдач мурун, керме каш, сулуу гана эмес, коңур үндүн ээси. Анын “Сыздасын дегениңби, сырымды билбей койдуң” деген саптары бар ырын дагы деле кыңылдап ырдап жүргөндөр арбын. Назира Токонова “ырчы болуш оңой, жашоосу жыргал, жалтырак кийим кийип сахнада ырдап койсо эле алган акчасы менен байып кетет деген ойдон алыс болушубуз керек” дейт.
– Саламатсыңбы, Назира? Учурда той-концерттерден сырткары эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Саламатчылык, негизи ырчынын чыгармачылыгы той-концерттерден турат да. Андан сырткары бир нерсе менен алектенгенге убакыт деле жок го дейм. Мен Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда солист болуп иштейм. Кесибиң чыгармачылык болгондон кийин ушул эле чөйрөдө айланып жүрө берет экенсиң.
– Жумушуңдан тажап, иштегиң келбей калган учурлар болгонбу?
– Мен улуттук консерваторияны бүткөндө устатым Улукмырза Полотов “сенин ордуң ушул жерде” деп 2013-жылы өзү филармонияга жумушка киргизип кеткен. Бул жакта ишетегениме быйыл 10 жыл болду. Бул куттуу жерде кыргыздын эмне деген каймактары иштеп кетпеген. Кээ бири эртең менен жумушка тургусу келбей, моюнунан байлаган иттей болуп араң кетишет го, менде андай эмес. Күндө жумушка шашып, ошол жердеги чөйрө менен аралашкым, сүйлөшкүм келип барам. Жан дүйнөң менен сүйүп иштеген жумуш керемет да. Чыгармачылык менен жашайм, солисттер менен баарлашып гастролго чыгуу, репетиция учурлары бизде абдан кызыктуу өтөт. Гастролдорубуз андан шаңдуу.
– Быйыл мамлекеттик маданий иш-чараларда фонограммасыз ырдоо мыйзамы күчүнө кирди. Айрым кесиптештериң “концерттик залдар жок, музыкалык аппараттар начар, жандуу ырдаганга шарт жок” деп буга каршы чыгышты? Сени чочулаткан жокпу бул демилге?
– Мени бул мыйзам чочулаткан жок, филармониянын солисттери башынан эле концерттерде жандуу үн менен ырдайбыз. Бир чети кесиптештердин айтканына да кошулам, бизде филармониядан башка маданий жайларда музыкалык аппараттардын абалы өтө начар. Ошол эле Спорт сарайында, “Сейтек” борборунда жандуу ырдасаң үнүңдү такыр эле өзгөртүп салат. Жандуу ырдоо үчүн да ага ылайык шарт түзүп бериши керек деп ойлойм.
– Маараке, иш-чараларга чакырылган ырчылардын “ставкасы” кымбат деген сындарды көп угабыз. Кандай ойлойсуң, ставкасын ырчы эмнесине карап коюшат? Талантынабы, кийиминеби, балким, башка бир артыкчылыктарынан уламдыр?
– Чыгармачылыкты алып кетүү, аны алып жүрүү деле оңой иш эмес. Ырчынын жашоосу жеңил, жалтырак көйнөк кийип ырдап койсо, алган акчасы менен байып кетет деген ойдон алыс болушубуз керек. Аранжировкага, кийим тиктиргенге, клип тарттырганга эле бир топ чыгым кетет. Сапаттуу ыр жаздырыш үчүн ырчы көп чыгымга учурайт. Албетте, ырчынын деңгээлине эл баа берет, ставкасы ошол элдин баасы менен ченелет. Эгер эч ким көңүл бөлбөй койсо, эл да баалабайт, деңгээли да башкача болот.
– Назира, комузду укмуш чертесиң, бирок негедир бул өнөрүңдү андан ары өнүктүрүүгө басым жасабайсың. Эстрада жанрында ырдап жүрөсүң көбүнчө...
– Ооба, улуттук консерваториянын элдик ырлар факультетин аяктагам. Эстеп көрсөм, филармонияда иштегенден бери бир эле жолу концертте комуз менен ырдаптырмын. Көбүнчө эстрада, оркестр менен ырдап көнүп калган окшойм. Комузду жакшы чертем, алдыда бул өнөрүмдү да кесип катары алып кетүү планымда бар.
– Чыгармачылыктагы кайсы ийгиликтериң менен мактана аласың?
– Өнөр дүйнөсүндө жүргөнүмө быйыл 15 жыл болуптур. 2016-жылы жеке концертимди бергем. Ал эми тушоо кесүү концертимди өзүмдүн кичи мекеним Суусамырдагы Кызыл-Ой айылына берип келгем. “Астана-аркау” деген эл аралык фестивалга көп чакырылдым, уюштуруу иштери мыкты, жакшы өтөт жылда. Дайыма куру коё беришпей диплом, сыйлыктары менен узатышат.
– Эл арасында жүргөндө күйөрмандар сени ыңгайсыз абалга калтырган учур болду беле?
– Күйөрмандарым мени эмес, тескерисинче, мен аларды ыңгайсыз абалга калтырып койгон учурлар болот. Менде такыр “мен ырчымын, көчөдөгүлөр мени таанып жатышат” деген ой жашабайт өзү. Ырчы экенимди көп учурда унутуп калам. Дүкөндөн, базардан бейтааныш эле адамдар “Назира эже, кандайсыз, жакшысызбы?” деп учурашып калса, “сиз ким элеңиз, экөөбүз таанышпызбы?” деп сурап коём да. Ал “эже, мен сиздин катталуучуңузмун, ырларыңызды сүйүп угам” десе анан ырчы экенимди эстеп кетем. Менде ушундай учурлар көп болот.
– Сахна артындагы кызыктуу окуялардан кеп кыла кетпейлиби?
– Артисттерде андай окуялар көп болот. Бир жолу Жалал-Абадга Байыш Момунов, Рустам Сагыналиев, Чыңгыз Мырзаев болуп гастролго чыгып калдык. Жалаң балдар жана мен. Менин 2 эле формам бар эле. Концерт башталайын дегенде көйнөгүмдүн сыдырмасы бузулуп калса болобу. Сыдырмасы да далымдан баштап көйнөктүн этегине чейин болчу да. Эмне кылам эми деп чыйпылыктасам, балдар дүкөндөн толтура төөнөгүч алып келип төөнөп беришкен. Баары менин артыма туруп алып төөнөп жатышат деп кой, ошентип комедия болгонбуз. Дагы бир кызыктуу окуя. Бир жолу мени Рыспай Абдыкадыровду эскерүү концертине чакырып калышты. Анын “Сагынуу” деген ырын жатка билет болчумун, түнү түшүмдөн ойготуп ырдатса да ырдап берет элем. Концертте сахнага чыгып ырдап баштадым. Негизи мен ырдап жатканда башка дүйнөгө кирип кетмей адатым бар. Бир маалда өзүмдүн ырдап жатканымды чоң экрандан көрүп калып, ырдын текстин унутуп калсам болобу. Ыр саптарын эстей албай, сөздөрүн токуп ырдап уят болгом. Ошол окуя эч эсимден кетпейт.– Балаң чоңоюп калды, үйдө кандай апа болуп жатасың?
– Көп эле эжелер “бала мынчалык таттуу болорун билгенде эрте эле турмушка чыкмак экенмин” деп калышат го. Менде да ошондой ойлор болот, бирок башынан эле 29 жашымда турмушка чыгып, 30 жашымда төрөйм деп кыялданчумун. Кудай ошол кыялымды эле орундатты окшойт. Энелик бакытты ар кимге эле буюра бербейт. Мурун алыска, талаа-түзгө гастролдоп кете берчүмүн, азыр алыска жолго чыккандан кооптоном, үйгө, балама аман-эсен жетсем экен деп шашам.
– Бардык аялзаты үйүнө, баласына эле шашып турсун, маегиңе чоң рахмат!
Лунара Бекиева