ЮМОР СЕЗИМИ КҮЧТҮҮ АДАМДАР ИЙГИЛИККЕ ЖАКЫН БОЛУШАБЫ?

“Күлкү – өмүрдү узартат” деген кеп эл арасында бекер айтылбаса керек. Маектеш менен баарлашып анын көңүлүн бурууда, эмоционалдык байланышты жана симпатияны тереңдетүүгө, олуттуу нерселер жөнүндө сүйлөшүүгө дал ушул күлкү жардамга келет. Адамдагы жакшы юмор сезими аны жагымдуу гана көрсөтпөстөн, өнүккөн интеллекттен да кабар берет. Төмөндө юмор сезиминин адамдын психологиялык абалына тийгизген таасири, артыкчылыктары тууралуу сөз кылабыз.

Жасалма күлкү да позитив чакырат

Юмор – бул жакшы маанай жаратуунун, адамдар ортосундагы чыңалууну басаңдатуунун, жакшы мамилени сактап калуунун эң оңой жолу. Окуянын, кубулуштардын күлкүлүү тарабын көрө билүү сиздеги чочулоо сезимин жок кылат. Суз маанай, стресс, депрессияга каршы мыкты курал. Улуу британиялык окумуштуулар күлкү, жылмаюу, мейли, жасалма болсо да адамда позитивдүү маанай жаратарын далилдешкен. Психологиялык эксперименттерде эгер адам тынчсызданып жатканда күлкүлүү телеберүү же тасма көрсө анын тынчсыздануу сезими төмөндөгөнүн аныкташкан. Көп күлүп жүрсөңүз оюңузга да күлкүлүү нерселер келет, шайыр жүрсөңүз ал абал сөзсүз психологиялык абалыңызга таасирин тийгизет. Байыркы грек философу Аристотель жана дүйнөнүн көптөгөн дарыгерлери күлкү ден соолукка чоң пайда алып келерин байкашкан: ал кан айланууну, тамак сиңирүүнү жакшыртып, күч-кубатты калыбына келтирип, депрессияга каршы турат, адам күлгөндө дем алуусу узак жана терең болуп өпкө тазаланат дешкен.

IQ деңгээли жогору адамдар тамашакөй болушат

Изилдөөлөргө таянсак, мырзалар да, айымдар да тамашакөй адамдарды жагымдуу деп эсептеп, бул өнөктөштүк мамиледеги эң маанилүү сапаттардын бири экенин айтышат. Психологдор бул жөндөм тукум куучулук касиетке ээ экенин жана психикалык ден соолукту, тунук акылды көрсөтөт деп айтышат. Күлкүлүү нерсени көрүү жана ойлоп табуу жөндөмү бар адамдардын IQ деңгээли жогору болору аныкталган. Юмор сезими өөрчүгөн адамдардын дагы бир артыкчылыгы – алар таасирдүү, ишенимдүү болушат. Ийгиликтүү компаниялардын менеджерлери муну такай колдонуп келишет. Адамдын иштөөсү канчалык кызыктуу болсо, анын жемиши да ошончолук жогору болот. Окуучуларга да тамашакөй мугалимдер жагат, ал үйрөткөн нерселер эсте калат.

Эгер адам тамашаны түшүнбөй агрессия менен жооп берип, таарынууга өтсө, ал өзүнүн эмоционалдык интеллектисинин үстүнөн иштеши керек. Психикалык ооруга ыктаган адамдардын юморду кабыл алуу жөндөмү төмөн. Мисалы, юморду клиникалык диагностикалык курал катары колдонуу сунушталган. Атасак, шизофрения менен ооруган бейтаптарда юморду таануу сезими төмөн, күлүү жана юмордон ырахат алуу жөндөмү жок. Мындай тыянакка окумуштуулар юмор аркылуу текшерүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин келишкен.

Этика же психология: Тамашанын чеги болушу керекпи?

Тамашалабай турган темалар барбы? Тамашанын орунсуз айтылганын кантип билебиз? Юмордун социалдык жоопкерчилиги тууралуу билесизби? Кээ бир тамашалар эмне үчүн терс кесепеттерге алып келет? Жакында орусиялык стендапер Нурлан Сабуровдун концерттеринин биринде чоң жаңжал чыкты. Нурлан Сабуров сахнада көрүүчүлөрдү күлдүрүп жаткан маалда украиналык сүрөтчү жана жарандык активист Юлия Косивчук канды элестеткен, кызыл түскө боёлгон узун көйнөгү менен сахнага чыгууга аракет кылды. Аны коопсуздук кызматкерлери чыгарып баратканда Сабуров "кечиресиз, этек кириңиз келди беле?" деп суроо узатып, зал күлкүдөн дуу жарылды. Кийинчерээк Сабуровдун дүйнөлүк гастролун жокко чыгаруу толкуну пайда болуп, аны социалдык тармактардан айыптоо күч алды. Кээ бирлер анын сүрөтчү айымды шылдыңдаганына жинденсе, айрымдары аялдардын айызын айтып күлгөнүнө кыжырданышкан. Кыргыз күлкү жаратуучулары арасында да белден ылдый тамашалар көп жана алар такай сынга кабылып келет. Психолог Чолпон Сманова юмордун алгылыктуулугун этика жана психологиялык өңүттөн кароону сунуштайт:

– Тамашанын туура же туура эместигин ушул эки байланыш аныктайт. Мисалы, машыгуу залында эркектер арасында же үй-бүлөлүк кечки дасторкондо айтыла турган тамашалар бар. Башкалар күлүп же тескерисинче таарынып калбашы үчүн тамашалаган адам чөйрөсүн, аудиториясын сезе билиши керек. Автордун айлана-чөйрөнүн реакциясына сезимталдыкты сактоосу маанилүү. Бул өтө кылдат дипломатиялык талантты талап кылат. Сергек юмору өнүккөн адамдар өтө баамчыл, акылы тунук, сезимтал болушат. Ойду-келди тамаша деп сүйлөй бергендер интеллектисинин деңгээлинин үстүнөн иштөөсү зарыл. Болбосо адамдарды күлдүрбөй эле, тескерисинче, агрессияга туш болушат.

Света Аширалиева, психолог: “Каталарыңызга сиз күлбөсөңүз, башкалар күлүшөт”

– Юмор сезими өнүккөн адамдар өзүнө ишенген, лидерлик сапатка ээ жарандар. Адам тамашакөй болсо, демек, психологиялык жана физикалык абалы туруктуу деп билсеңиз болот. Айрыкча өзүнүн кемчилиги, каталарынын үстүнөн күлгөн адамдар табиятынан шайыр келишет. Ката кетирген мезгилиңди эстедиңби жөн эле жылмайып кой, же чын жүрөктөн каткырып алыңыз, ошондо руханий жактан тазарасыз. Каталарыңыздын үстүнөн күлүңүз, болбосо ордуңузга башкалар күлүшөт. Юмордук сезим оор кырдаалдарды турукташтырат, чыгармачыл ой жүгүртүүнү күчөтүп, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн өнүктүрөт. Мисалы, көңүлүңүз чөгүп турганда комедиялык тасма көрсөңүз депрессияга ооп бараткан организм кадимкидей турукташып калат. Күлкү эмпатияны ойготот. “Коом ийгиликсиз адамдарды жакшы көрөт” деп айтып коюшат эмеспи. Алсак, кайсы бир кечеге колготкинин үстүнөн байпак кийип же спорттук костюм менен туфли кийип барганыңызды айтып берсеңиз, уккандар ага күлүшөт. Эч ким ал кылыгыңыз үчүн сизди айыптабайт. Жашообузда жаман окуялар болбойт деп эч кимибиз кепилдик бере албайбыз. Аны туура нукка буруу, баарын күлкү менен жеңүү юмор сезими күчтүү адамдарда гана болот.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан