Бири блогер, бири актёр, чет жерде концерт уюштуруучу, кинодистрибьютор. Экөө кол кармашып үй-бүлөлүк жашоо башташканына 1 ай болуп калды. Шоу-бизнестеги татуу түгөйлөрдүн катарын толукташкан Чыңгыз Максүтов менен Айдина Турдалиеванын сүйүү баяны тууралуу маекке гезитибизден орун бердик.
– Салам, жаш жубайлар! Алгач экөөңүздөрдү табыштырган күндү эстейли...
Чыңгыз: – 2022-жылы август айында үйлөнүү тойдон таанышканбыз. Тойдон кийин Айдинаны үйүнө жеткиргем. Андан кийин кандайдыр бир себептерден улам сүйлөшө албай калып, 3 айдан кийин кайра сүйлөшө баштадык.
Айдина: – Үйгө жеткиргенде телефон номеримди сурап алган. Чалып, бир жолу сүйлөштүк. Андан кийин чалганда бошобой калдым. Ошого таарындыбы, чалбай калды. Анан 3 айдан кийин кечки тамактанууга чакырды.
Ч.: – Биринчи көргөндө эле Айдина менин жүрөгүмдү уурдап кеткен. Башкача сезимдер болгон, сөз менен түшүндүрө албай жатам. Бул кыз мени оор басырыктуулугу менен таң калтырган. Анткени көп кыздардан мындай сапатты жолуктурган эмесмин.
А.: – Башында Чыңгызды байке катары кабыл алгам. Мени жактырып калды, ушул жигит менен сүйлөшөм же ага турмушка чыгам деген ой такыр келген эмес. Анча көңүл бурбаптырмын.
Ч.: – Артынан чуркап жүрдүм анан көңүл бурдурайын деп. Кийин менин оюм түз экенин түшүндү окшойт.
– Артынан чуркап жүрдүм дейт Чыңгыз мырза...
А.: – Көңүл буруп, кам көрүп, гүл берип, кафеге, киного чакырып жүрдү. Кээде барсам, кээде барчу эмесмин. Берген гүлүн кээде алып, кээде “коюңуз, байке” деп албай койчумун. Бир жолу катуу урушуп кеткенде 101 роза белек кылып, концертке чакырган. Анда да бара албай калдым. Ошентип жүрүп ата-энем менен таанышты, алар жактырышты. Анан үйлөнүү сунушун киргизди.
– Айдина эл көзүндөгү адам, көз арткан мырзалар көп болгондур. Башкалардан кайсы сапатыңыз менен өзгөчөлөнө алдым деп ойлойсуз?
Ч.: – Башынан эле менин оюм түз болчу. Бул деле жакшы бала экенимди түшүндү да. Жаман адаттарым жок. Мунун жанында жасалма болбойм, кандай болсом, өзүмдү ошондой алып жүрөм.
А.: – Башында кичине жасалма болгон. 1-2 жолугушууда өзүнчө эле укмуш болуп мактанган (күлүп). Менде жасалмалуулук жок экенин көрүп, анан бул да жасалма болбой калды.
– Анда сиз айтыңызчы, Чыңгыз мырзанын башка жигиттерден өзгөчөлүгү эмне болду?
А.: – Башкалардан айырмаланып турчу, бирок эмнеси менен экенин билбейм. Мүнөзүнө келсек, мүнөзү жакшы, аялдарга сылык мамиле жасайт. Жөн жерден уруш чыгара бербейт. Токтоо, сабырдуу.
– Кыз-жигит кезиңиздердеги эң романтикалуу учур...
А.: – Бизде күндө эле романтика боло берчү. Киного, тамактанууга алып барчу. Азыр деле чогуу бир жактарга барып турабыз. Эң романтикалуусу – мага сунуш киргизген учур болду окшойт. Мен үчүн күтүүсүз болгон. Аябай толкундангам.
Ч.: – Мен үчүн азыр деле ар бир күн романтикалуу болуп жатат. Айдина чай куюп берсе деле романтика. Андан бийик сезимдерди сезип көрө элекмин. Мен үчүн ошол нерселер бакыт. Жакшы кадам таштап койсо, жылуу сөз сүйлөп койсо деле романтика, элжиреп кетем.
– Баш кошуу сунушуна чейин деле ортодо үйлөнүү тууралуу сөз болчу да, ээ?
Ч.: – Мен айтчумун. Бирок Айдинанын турмушка чыгам деген ою жок болчу. Үйлөнүү тууралуу кеп баштасам эле сөздү башка нукка буруп кетчү. Анан кыз-жигит болуп көпкө жүрө берсең, майда-чүйдө келишпестиктер болуп, болбогон нерселерге таарыныша берет экенсиң. Экөөбүз тең көпкө сүйлөшүп жүрө берген болбой турганын түшүндүк окшойт. Биринчи көргөндө эле Айдинаны жубайым деп элестеткем. Кудайга шүгүр, адашкан жокмун. Келинчегим менен өткөргөн ар бир күн өзгөчө.
– Кыздар кыялкеч болушат эмеспи. Ачык айтсаңыз, жолдошуңуздун кандай болушун кыялданчу элеңиз?
А.: – Күйөөм ичпесе, чекпесе экен дечүмүн. Аял кишиге катуу сүйлөбөгөн, кол көтөрбөгөн, сабырдуу, чечкиндүү, ыймандуу, улуу кишилерди сыйлаган жигит болсо деп кыялданчумун. Ошондой болду, шүгүр.
– Чыңгыз, сизчи?
Ч.: – Мени түшүнгөн, тың, ыймандуу болсо дечүмүн. Тың дегенимдин себеби, мен жумшакмын да. Экөөбүз тең эзилип жүрсөк, анда турмуш окшошпой калмак го.
– Өзгөнгө, Чыңгыз мырзанын кичи мекенине барып жүрүп келдиңиздер...
– Ооба, барып келдик. Апам да, атам да жакшы кишилер. Апам жумшап, акыл үйрөтүп, кайненелик кылайын дебейт. Жумуш кылып жатканын көрүп калсам колунан ала калып жардам берем.
Жасаш керек болгон жумуштарды айттырбай эле жасап жаттым. Мага баары жакты. Кызыктуу окуялардан айтсам, мен Чүйдөнмүн да. Биз бир чайнекке чайдын кызылын демдеп, экинчи чайнектен кайнак суу даярдап, анан пиалага экөөнү аралаштыра куюп чай сунабыз да. Бул жакта бир эле чайнекке демдеп, ошондон эле куюп ичишет экен. Бир жолу үйгө коноктор келди. Бир чайнекке чайдын кызылын демдедим, апам болсо берки чайнектеги кайнак суунун үстүнө муздак суу куюп салыптыр. Анан аны кайнасын деп күтүп отура бердим. Коноктор да түшүнбөй мени карап отура беришти (күлүп). Анан Чыңгыз байкап калып айтты.
– Үй-бүлөлүү болгондон кийин эмнелер өзгөрдү?
А.: – Туугандарым гана жанымда эмес, калганы мурдагыдай эле.
Ч.: – Жан дүйнөм тынчтанып калды. Бир жакка чыксам үйгө шашып калдым, жагымдуу сезим экен.
Ушул сезим менде дайыма жашашын каалайм. Үйгө шашуу, үйдө сени бирөө күтүп турганын билүү сонун тура. Келинчегимдин жанында жүрөгүм тынч. Көчөдөн тамак жегим келбейт, Айдина тамакты сонун жасайт.
– Алдыдагы жашооңуздарды кандай элестетесиздер?
А.: – Өзүбүздүн жер тамыбыз, 3 балабыз болгонун, менин жеке бизнесим болгонун элестетем. Аялга ушул эле керек деп ойлойм.
Ч.: – Көп балалуу болгонубузду, сүйүүбүздүн, сыйыбыздын мындан да күчтүү болушун элестетем. Мен сюрприз жасаганды жакшы көрөм. Буюрса, келечекте ошондой эсте калчу учурларды көп тартууласам дейм.
– Чыңгыз, сизди клиптерден, ырчылардын жанында жүргөнүңүздү көрүп калабыз. Негизи эмне менен алектенесиз?
Ч.: – Орусия, Түштүк Кореяда кыргыз ырчыларынын концерттерин уюштурам. Ошондуктан ырчылар менен, алардын менеджер, продюсерлери менен мамилем жакшы. Андан тышкары кинодистрибьютормун, кыргыз кинолорун Орусиянын аймактарында коёбуз.
– Жакшы, маегиңиздерге рахмат. Бактылуу, үлгүлүү үй-бүлө болушуңарды каалайбыз!
– Рахмат, сиздерге да ийгилик!
Перизат Музуратбекова