Арнис Кыдырмышев, актёр: “КҮЙӨӨ БАЛАМ МАГА ОКШОШ, ЖАЙДАРЫ”

Кыргыз улуттук драма театрында 21 жылдан бери эмгектенип, театр сахнасын гана эмес, кинолорду да көркүнө чыгарган таланттуу актёр Арнис Кыдырмышев маектешибиз. Театр, кино жана кыздары, жубайы актриса Альбина Имашова тууралуу сүйлөштүк.

– Арнис мырза, кандайсыз? Театрда жаңы сезон ачылганы турат, даярдыктар кандай жүрүп жатат?

– Даярдыктар жакшы. Максим Горькийдин “Түпкүрдө” деген пьесасы коюлат, анда Костылевдин ролундамын. Башка спектаклдерге караганда бул жактагы ролумдун мүнөзү башкача. Буга чейин көбүнчө комедиялык роль ойноп келсем, мында драмалык-психологиялык роль.

– Тасмаларда эпизоддук ролдорду ийине жеткире аткарасыз. Башкы ролду ойногуңуз келеби?

– Ар бир катардагы солдаттын генерал болгусу келет дегендей, мен деле башкы ролду ойногум келет. Актёрлук ушундай экен да, режиссёр берген ролду аткарабыз. “Мен ушуну ойнойм” дей албайбыз. Кудай буюрса, баары алдыда. Келинчегиме да “меники баары алдыда, 50гө келгенде жалаң башкы ролдорду ойнойм. Көрөсүң, мени талашышат” деп тамашалап калам.

– Комедиялык ролдору менен таанылган актёр, актрисалардын “драмалык роль аткаргым келет” дегенин көп уктум. Окшош образдардан алар деле тажайт окшойт?

– Жок, тажабайсың. Ар бир актёр бир жактуу болуп калбай, көп кырдуу талант экенин, өз мүмкүнчүлүктөрүн көргөзгүсү келет да.

– Сизди да комедиялык ролдоруңуз менен тааныйбыз. Жашоодо деле тамашакөй, шайыр адамсызбы?

– Тамашалашып, күлүп жүргөндү жакшы көрөм. Негизи эле бардык адамдардын күлүп-жайнап, юмор менен жашашын каалайм. Олуттуу, күлкүсү жок жашоо кызыксыз го дейм. Адамдын жашоосунда канчалык күлкү көп болсо, адам ошончолук жашарат дейт. Күлүп жүрсөң башкаларга да жагымдуу.

– Эркек балдарга караганда кыздар атага күйүмдүү болот дешет, байкадыңыз болуш керек?

– Уул балдары бар досторубуз “эркек балдар эч нерсени ойлонбой ойноп жүрө беришет, кыздарыбыз башкача” деп калышат. Кыздар чын эле жароокер болушат. Экинчи кызым Арууке учурда 5-класс болуп калды. Кээде жумуштан чарчап келип жатып калсам, жаныма келип өзү эле буту-колумду укалап, үстүмдү жаап калат.

– Кызды катуу кармаш керекпи же өз эркине коюш керекпи?

– Өз эркине коюп салган болбойт го дейм. Чекти билдирип, айтып, көрсөтүп турбасаң баары боло берет экен деп ойлоп, аша чаап кетиши мүмкүн да. Туура жолду көрсөтүш керек.

– Улуу кызыңыз Мадалена бир маегинде “ата-энем актрисалыктан башка кесипти танда деп кеңеш беришти” деген эле...

– Так кесе “актрисалыкты тандабашың керек” деген эмеспиз. Баары бир тандоо өзүндө да. Бирок андан башка кесипти тандаса жакшы болмок дегенбиз. Анткени үйдө башка кесиптин да ээлери болсун деген ой болчу. “Медицина жаатын, мугалимдик жагын байкап көр” дечүбүз. Күйөө балабыз да ушул тармактан болуп калгандыктан да ушул чөйрөгө көбүрөөк аралашып калды. Алар эми өзүнчө үй-бүлө, чечимдер өздөрүнүн колунда. Аларга барып “мындай кылбагыла” дебейбиз. Өз иштерин кылып алдыга жылып жатышат. Ийгиликтүү болушсун дейм, колдойм.

Мадаленанын негизги кесиби мугалимдик, ошол багытта билим алып жатат. Кино, роликтерге хобби катары тартылып жүрөт. Биздин тукумда мугалимдер көп, чоң атам, апам мугалим. Өзүм да училищеде сабак берем. Канында бар, мугалимдикти да аркалап калышы мүмкүн.

– Күйөө балаңыз Нуркул Адылбековдун кайсы сапаттары сизге окшош?

– Жайдары жүргөнү окшош. Өзүнүн апасы да бир жолу “Нуркул сизге аябай окшош экен” деди. Тамашалашып сүйлөгөнү да окшош.

– Күйөрмандардан мактоо көп угасызбы же сынбы?

– Жаман сөз уккан жокмун, мактоолорду эле угуп келе жатам. Көчөдөн, маркеттен көрүп калганда жаш балдар эмоцияларын жашыра алышпайт да, колу менен мени көрсөтүп таң калышат. Чоңдор болсо андайда менин кинодогу каармандарымдын фразаларын айтып каткырып калышат, бул, албетте, жагымдуу.

– Демек, кайсы жерде, кандай учур болбосун өзүңүздү түз алып жүрүүгө аракет кыласыз?

– Бардык адамдар, айрыкча чыгармачыл адамдар өздөрүн жакшы алып жүрүшү керек. Кийимиңден баштап, басып-турганыңа чейин башкаларга үлгү болушу зарыл, көчөдө баратканыңда эл сени суктанып карагыдай болушуң шарт. Студенттерге да “силер актёрсуңар, өзүңөрдү алып жүргөндү үйрөнгүлө” деп айтам.

– Жаш жылдыздардын арасында студенттериңиз бар. Талантын өзгөчө баса белгилеп айта тургандары кимдер?

– Өмүрбек Израиловду айтмакмын. Азыр кесиптеш болуп калдык, театрда иштейт. Элге төбөсү көрүнүп калды. Тырышчаак жигит. Дайым чалып менден кеңеш сурап турат. Ийгиликтерин көрүп сүйүнүп, сыймыктанып калам.

– Комментарийлерден “Альбина Имашова азыркынын Таттыбүбүсү” дегенди окуп калдым...

– Болсун! Мен сыймыктанмакмын. Альбинанын доору болуп жатат азыр, театрда да, кинолордо да ролдорду ойноп жатат. Эл деле адамдын кылган ишин көрүп, билип, баалайт.

– Альбина эже башка актёр менен сүйүшкөндөрдүн ролун ойносо ичиңиз тыз деп кызганыч тутанып кетпейби?

– Жок, эмнеге? Бул биздин кесип да. Ушул кесипти тандап алганбыз. Актёр, актриса болобуз деп окудук, канча жылдан бери иштеп келатабыз. Өзүм ошентип кызганып турсам, анда студенттерди кантип окутабыз?

– Актёр, актрисалар социалдык тармактардан кошумча киреше таап жатышат. Сиз жеке баракчаңызга көңүл бурбайт экенсиз...

– Альбина да ушинтип айта берет. “Инстаграмга бир сүрөт жүктөп койчу” деп калат. Кээде көңүл бурулбай, кээде активдүү болуп калам.

– Коомдо эмнени өзгөрткүңүз келет?

– Коомду өзгөртүш оор нерсе. Негизи эле ар бир адам өз ишин туура, так кылса, башкаларга кийлигишпесе баары өз ордуна келет го дейм.

– Жашоодогу эң бактылуу учуруңуз?

– Бактылуу учур бирөө эле болбой, адам ар дайым бактылуу болушу керек. Мен бактылуумун, үй-бүлөм бар, келинчегим, кыздарым бар, сүйгөн ишим бар. Ушул бакыт.

Сиздин тандоо...

– Forbes’тун тизмесинен орун алуубу же талантыңызды сыйлаган элдин алкышына ээ болуубу?

– Албетте, экинчиси. Элдин талантыңды сыйлап турганы чоң бакыт.

– Жубайыңыз менен романтикалуу тамактануубу же досторуңуз менен эс алуубу?

– Жубайым менен романтикалуу тамактануу.

– Таңкы саат 5 дейли: уйкубу же уйкудан туруп таза абада сейилдөөбү?

– Таза абада сейилдөө. Мен негизи эрте турам.

– Телефондон видео көрүүбү же китеп, гезит окуубу?

– Китеп, гезит окуу.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан