Токтогулда талаадан баңгизат чогултуп жаткандар кармалып, алардан 4 мүшөк баңгизат табылды.
Кыргызстанда Палестинанын элчилиги ачылат.
Кыргыз аскерлери ЖККУнун машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барышты.
Экинчи элдик курултай быйыл 15-декабрда өтөт.
Чүйдө салык кызматкерлери 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.
30-августта Ош-Ноокат унаа жолу жаңыланып бүткөнү жарыяланды.
Сириядагы лагерде баш калкалап турган 95 Кыргыз жараны мекенине жеткирилгени кабарланды.
Бишкекте балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн ата-энелерден пара алууга шектелип мектеп директору кармалды.
Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч быйыл сентябрда иш сапары менен Кыргызстанга келмекчи.
Сокулукта бир тууган эжесин өлтүрүүгө шектелген 15 жашар бала 2 айга камакка алынды.
Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербейт деп өлкөдө 13 мал базарга айып салынганы айтылды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги: Токтогулда гемодиализ борбору ачылды.
Бишкекке газ менен жүрүүчү 200 автобус алынып келди, алар 15-сентябрда ишке чыгары айтылды.
УКМК кыргызстандыктарды салттуу исламды карманууга, радикалдык агымдардан алыс болууга чакырды.
Ысык-Көлдө мамлекетке караштуу 15 пансионат 49 жылга ижарага берилери, ар бир каалоочу сатып алса болору айтылды.
Быйыл 1-класска 150 миңдей бала кабыл алынды.
өМүРБЕК бАКИРОВДУН ордуна Равшанбек Рысбаев Жогорку Кеңешке депутат болорун БШК маалымдады.
Акылбек Жапаров: "Насирдин Исановдун өмүрүн "Кумтөр" алган".
Учурда Улуттук банкта 49,8 тонна алтын сакталып турганы расмий маалымдалды.
Бишкекте карта аркылуу төлөм системи ишке киргендиктен жол кирени накталай алган автобус жана троллейбус айдоочулары иштен айдалары эскертилди.
Иса Ахунбаевге, Насирдин Исановго жана Абды Сүйөркуловго көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.