Имараттын ачылыш аземинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Замир Ракиев сөз сүйлөп, муфтияттын жалпы жамаатын жана кыргызстандыктарды заманбап имараттын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле акыркы жылдары өлкөдө ислам дини жакшы багытта өнүгүп келе жатканын белгилеп, мындай абалда жаңы диний имараттардын, окуу жайлардын, диний академиялардын жана мечиттердин салынышы коомчулуктун талабы болуп жатканын кошумчалады.
– Эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу муфтият үчүн ушундай имарат салынып, баарыбыз кубанып жаткан чагыбыз. Бул жерде канчалаган муфтийлерибиз, аалымдарыбыз кызмат кылып кеткен. Жаңы имараттуу болсок, ал жерде жаңы фатвалар чыгарылып элге кызмат кылсак деген нерсе бардыгынын тилеги болчу. Ошол тилектер бүгүн ишке ашып, сиздер менен жүздөшүп отурабыз. Баарыбызга маалым, акыркы жылдары элибиз дин менен жашап калды. Дин элдин жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Бир убактарда биздин аталарыбыз Куранды жашырынып окуп, орозону жашырынып кармап келген. Азыр мына бул жерде баарыбыз жакшы маанай менен отурабыз. Кудайым ушундай жакшылыктарды дагы көбөйтө берсин,- деди муфтий.
Президент Садыр Жапаров да муфтиятты жаңы имараттуу болушу менен куттуктады. Анын куттуктоосун президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев окуп берди. Казакстан менен Өзбекстандын муфтийлери да куттуктоо сөздөрүн айтышты.
“Ысмайыл ата” фондунун жетекчилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да имараттын ачылышына карата куттуктоосун айтты.
– Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачылып жаткан имаратты куруу “Ысмайыл ата” кайрымдуулук фондуна жана анын төрагасы Райымбек Матраимовго буюрган экен. Жаратканга шүгүр, Райым иним имараттын курулушун башынан аягына чейин өзү көзөмөлдөп, 10 айдын ичинде аяктады. Жалпыбыз Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү үчүн өз салымыбызды кошууга тийишпиз. Мындан ары да элибизден колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Буга чейин да ушул сыяктуу соопчулук иштерди жасап келгенбиз, дагы да көп иштерди аткаруу планыбыз бар,- деди ал.
Айта кетсек, Бишкектин борбордук мечитине жакын жайгашкан имаратта иш бөлмөлөрү, жыйын залдары, окутуучу бөлмөлөр жана башкалар бар.
Лунара Бекиева