Жыйында 11 мугалим билим берүүгө өзгөчө салым кошкону үчүн деп “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, 11 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Аталган министрликтин жетекчиси Каныбек Иманалиевдин айтымында, азыркы тапта мектептерге 300дөй мугалим жетишпейт. Айрыкча алыскы айылдарда англис тили жана информатика сабактары боюнча адис жетишсиз экенин белгиледи. Иманалиев акыркы жылдары мугалимдик кесипти тандагандар көбөйүп жатканын, мугалимди ар тараптуу колдоо күчөй турганын да айтты.
Маалыматка таянсак, 700 мугалимге арзан баада ипотекалык үй курулат, жер маселеси чечилген. Ошондой эле кийинки жылы мугалимдер үчүн 1000 орундуу пансионат курулары маалымдалды.
Лунара Бекиева