Президент Садыр Жапаров аталган ооруканага барып, абал менен таанышты. Оорукана жетекчилиги мекемеде ички органдарды трансплантациялоо операциялары толугу менен ишке ашырыла баштаганын, бул үчүн күчтүү медициналык кызматкерлер тартылып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө теңдеши жок заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын айтышты. Учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис иштеп жатканын, алар Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт.
Садыр Жапаров эми өлкө жарандарына өтө маанилүү операцияларды жасатуу үчүн чет өлкөгө баруу зарылдыгы жоюлат дейт. Чет мамлекетте 50-60 миң доллар турган операциялар Кыргызстанда 10 миң долларга жасаларын белгиледи. Ошондой эле Түркиядан келген 140 адиске Кыргызстан бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин, алар бардык маселелер боюнча бийликке кайрылса болорун кошумчалады президент.
Кыргызстанда учурда 2600дөй жаран гемодиализ алууда, ар бир бейтаптын ар бир сеансына мамлекет 6,5 миң сомдон төлөйт. Жылына бул процедураны төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомдой акча кетип жатканы айтылды.
Лунара Бекиева