Калыс Жакыпов, ырчы: “АЗЫР КЫЗДАР ЭМЕС, ЭРКЕКТЕР УШАКЧЫ”

Катуу иштеп жатат бул ырчы жигит. Ыр артынан ыр, клип артынан клип жаратып, чыгармалары элдин купулуна толуп, угуучу-көрүүчүлөр жакшы сөздөрүн арнап жатышат. Ырчы Калыс Жакыпов ыңгайлуу-ыңгайсыз суроолорубузга жооп берди.

– Калыс, салам! Өзүңүздү канчалык таанымалмын деп ойлойсуз?

– Салам. Укмуш таанымалмын деп айта албайм. Биз багындыра турган бийиктиктер али алдыда.

– Көп көрүү топтосун деп “Эх, гүлүм” ырыңыздын клибине казак блогери Ботаны тарттыңызбы?

– Ооба, жашырганда эмне, негизги максатыбыз көп көрүү топтоо, Казакстандан да аудитория табуу болчу. Ошондуктан клипке Ботаны тарттык.

– Аталган ырыңыздагы “сага сындым” деген сөз айкашы эмнени түшүндүрөт?

– Бул ырдын сөзү, обону Зарлык Камбаралиевге таандык. “Көрдүм, сага сындым” дейт ырда. Көргөндө эле сага арбалып калдым деген мааниде. Түшүнүктүү эле болуп турат го.

– “Сындым” деген сөздүн андай маанисин уккан эмес экенмин буга чейин. Элестетип көрсөк, Бота сизге сезимдерин билдирген болсо эмне деп жооп бермек элеңиз?

– Бота сезимдерин билдирбейт болуш керек. Анткени анын да жүрөгүнүн ээси бар, менин да жүрөгүмдүн ээси бар. Экөөбүздү чыгармачылык гана бириктирди. Элестетпей эле коёюнчу. Анткени жактырган адамым бар да.

– Ии, ушул тууралуу кенен айтсаңыз...

– Колун сурагандан кийин кенен айтып берейин. Ага чейин айтпай эле турган оң го.

– Качан үйлөнөсүз?

– Буюрса, эмки жылы үйлөнөм.

– Буюрсун! Анда клиптер дүйнөсүнө кайталы. Эң кымбат тартылган клибиңиз кайсы, ага канча акча сарптадыңыз?

– Быйылкы жылдагы клиптеримдин баарына эле көп каражат кетти. 300 миң сомдун тегерегинде каражат кетип жатат. Канчалык акча салсаң, ошончолук акыбети кайтат. Ырдын, клиптин сапатына да көңүл буруп жакшы иштегенге аракет кылуудамын. Себеби бул биз үчүн тарых. Өзүбүздү ырчы деп атап жаткандан кийин элге жакшы продукция тартуулашыбыз керек. Клипке көп акча кетти деп кайгырган учур болгон эмес. Көп каражат кеткен клип көп көрүү топтобой калса деле өкүнбөйм.

– Катуу иштеп жатасыз. Кандай максаттын артындасыз?

– Кичинемден ушул чөйрөдө жүргөндөн кийин аракет кылып жакшы жыйынтык көрсөтөйүн деп активдүү иштеп жатам. Анын үстүнө жакында концерт берейин деп турам. Андан башка да чоң кыялдарым, максаттарым бар. Ошолорду ишке ашырууга аракет кылып жатам.

– Бир күндө канча тойго барып жетишип жатасыз?

– Сезон башталып калды. Бишкекте бир күндө 3-4 тойго барып жатам. Аймактарга да барып турам. Көбүнчө эки жаш вальс бийлегенде ырдап чыгам.

– Үнүңүз менен мактансаңыз болот деп эсептейм. Сиз дагы менин оюма кошулсаңыз, мактанып бериңизчи...

– Кичинемден ырдап көп сынактарга катышып ийгиликтерге жеткем. Бирок “ырдай албайсың, ырдабай эле койчу, үнүңдү эмне кысып жатасың” дегендер бар. Ага таарынбайм. Анткени ырдай аларымды билем. Музыкалык аспаптарда кол ойното алам. Кайсы жерде болбосун музыкалык аппарат өчүп калса, аспаптарды колго алып ырдап кете берем.

– Шоу-бизнесте сизден башка дагы кимдер “красавчик”?

– Алмаз Шаадаев менен Арслан Садыбакасов “красавчик”. Бирок алар да мага жетпейт. Азыр Кыргызстан боюнча номер биринчи краш менмин да (күлүп).

– Күндө үйдөн чыгып баратканда күзгүнү карап “мен эң сулуумун, эң акылдуумун, эң ийгиликтүүмүн” дегендердин катарындасызбы?

– Баскан-турган жерде тиленип, Кудайдан сурап тургандардын катарындамын. Тилегенге жараша аракет да кылам.

– Кыргыз шоу-бизнесинде хайп жаратуучулардын сап башында ким турат?

– 2 жыл мурунку хайптарга салыштырганда азыр эч ким хайп кармабай калды. Анткени эл деле таланттууларды, таланты жокторду таразалап биле баштады. Хайптын элге өтүшү деле кыйын азыр.

– Өзүңүзгө кайсы сапатыңыз жакпайт?

– Бетке айтканым жакпайт. Бетке айтам деп бат эле урушуп кетем.

– Кандай адамдар жакпайт?

– Калпычылар, анан эркектердин ушакташканы жакпайт. Азыр кыздар эмес, эркектер ушакчы. Бетиңден сүйлөй албай, артыңдан жамандай бергендер бар го. Андайлар чыгармачыл чөйрөдө да кездешет.

– Шоу-бизнестеги көз күйдүргөн бойдоксуз. Артыңыздан чуркаган, сезимин билдирген кыздар көп болсо керек?

– Ооба, көп эле. Эл көзүндө жүргөн адамдарга көз арткандар көп эле болот да. Жакшы сөз арнагандар бар. “Үйлөнүп алсаңыз өзүмө кол салам” деген каттар да келет кээде.

– Айзада Жамгырчиевага сөз айтканыңызды билдиргендей болдуңуз эле. Айзада айымдын кайсы сапаттарын жактырдыңыз?

– Сөз айткан эмесмин. Аны кийин тамаша деп айткам. Айзада эжени эже катары аябай жакшы көрөм. Аябай тың, тарс-тарс жүргөн айым. Кээ бир эркектерге караганда эркекче жүрөт. Ошол сапаттарын баалайм.

– Мырзалар баары бир кыздардын сырткы сулуулугуна көз салары талашсыз. Сизде тандоо турат дейли: көз күйдүрө турган сулуу, дене мүчөсү келишкен, бирок “блондинка”... Экинчиси мырзаларда кызыгуу жарата турган келбетке ээ эмес, келбетине кам көрүүнү сүйбөгөн, бирок акылдуу, билимдүү кыз турат. Кимисин тандамаксыз?

– Кыздарды акылга салып таразалоого аракет кылам. Жүрөктү гана уксаң башкача болуп калышы мүмкүн. Кыздардын ыйманына, анан көзүнө көп маани берем. Себеби көз алдабайт. Көзүнөн көп нерсени окуй алам. Тандоо турган болсо, билимдүү, акылдуу кызды тандамакмын. Ал деле өзүнө кам көрсө сулуу боло алат. Сулуу эмес кыз жок, өзүнө кам көрбөгөн кыздар бар деген сөз бар го.

– Аялдын кайсы катачылыгын кечирбейсиз?

– Эң жаман көргөнүм – калп айтуу. Калп айтканын кечире албайм.

– Жашоодогу эң чоң калпыңыз?

– Былтыр бир унаа менен сүзүшүп, үйдөгүлөр унааны көрсө кабатыр болушпасын деп бир ай үйгө барбай жүргөм. Үйдөгүлөргө “студияда досум менен жашап жатам” деп койгом. Эң чоң калпым ошол болгон.

– Сиздин жашооңуз тууралуу кино тартылса, ал кандай аталмак?

– Аябай кыялкечмин. Көп кыялданам жана ошол кыялдарым дайым ишке ашып келет. Менин жашоом тууралуу кино тартылса, “Калыстын кыялдары” деп аталмак болуш керек.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан