КЫРГЫЗСТАНДА ТИК-ТОК ЖАБЫЛЫШЫ МҮМКҮН: БЕЛГИЛҮҮЛӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

30-август күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик-Ток кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлик аталган социалдык тармакка мониторинг жүргүзүп, аны колдонууда балдардын өнүгүүсүнө жана ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтар иргелбей, көзөмөлдөнбөй жатат деген жыйынтыкка келген. Буга байланыштуу аталган платформанын ишин токтотуу тууралуу чечим Санаприптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн. Бул арада коомчулукта эки ача пикирлер жаралды, биринчи тарап “жабылсын, балдардын аң-сезими бузулду, жиниккен адамдардын баары Тик-Токто отурушат” десе, экинчи тарап “Тик-Токту туура жагына пайдалана билишибиз керек” деп талашып-тартышууда. Төмөндө тараптардын пикирлерине орун бердик.

Назира Айтбекова, алпаруучу: “ТИК-ТОКТУ ЖАБУУ – БУЛ КЫСКА ОЙЛУУЛУК”

- Тик-Токтун жабылышына каршымын, бул аракет кыска ойлуулук жана келесоолук. Тик-Токто алгоритм деген бар, дайым жаман нерселерди көрө берсең баракчаңа ошого үндөш видеолор чыга берет. Мисалы, апам экөөбүз тамактардын рецебин, түрдүү кеңештерди көрөбүз. Жеке өзүм тарыхты, психологияны, англис-түрк тилиндеги кыска кызыктуу роликтерди көрөм. Бычакты “киши өлтүрөт” деп ыргытып салган жокпуз да, аны тамак жасоодо, бир нерсе кесүүгө колдонуп жүрөбүз. Ошол сыяктуу эле Тик-Токту да туура, пайдалуу жагына колдонсо болот. Аталган түйүндөн эл соода да кылып жатат, туризмди өнүктүрсө болот. Эл көөдөнүнө толгон бугун төгүп, жарасын сыйрып жатышат. Бизде мындай аянтча болгон эмес да мурун, “эл эмне дейт” деп жашап көнүп калганбыз. “Тик-Токто жиндилер көбөйүп кетти, балдар көрүп алып бузулуп жатат” дегендер, эмне аны жапсаңар эле жиндилер айыгып кетеби? Ансыз деле туш-тараптан кыса берип коом жинигип турат, ошол ичибиздеги ириңдин баары Тик-Токтон чыгып жатат. Ага Тик-Ток күнөөлүү эмес. Болгону ал бизге күзгү болуп жатат. Жапканда деле азыр VPN деген тиркемелер бар, бузулгусу келген адам ошол жактан көрүп деле бузула берет. Министрлик жапканга шашпай, анын пайда алып келе турган жагын карап көрсүн.

Элнура Кулуева, жарандык активист: “ТИК-ТОКТУН ЖАБЫЛЫШЫН КОЛДОЙМ”

– Тик-Токко тыюу салынган чечимди агартуучу журналист катары колдойм. Эми өсүп келе жаткан, аң-сезими бышып жетиле элек, ак-караны айырмалап биле элек муундун баалуулуктарын сындырып алдык. Уятсыз, ыплас нерселерди чектеп, көзөмөлдөшүбүз керек эле. Азыр биз “окубайм, мектепке барбайм, Тик-Ток тартып акча табам” деген муунду тарбиялап жатабыз. Элдин көңүлүн бурдуруу үчүн эмне деген гана жиндиликтерди кылбай жатышат, мунун баары лайк топтоп, видеолордун көрүмдүүлүгүн арттыруу үчүн гана. Жакшы нерсеге сиңип өсө турган муунубуз талкаланып, Тик-Токтун таасиринде, чынжырында, капканында калышты. Дагы деле үрп-адат, маданий баалуулуктарыбызды талкалоо саясаты жүрүп жатат. Балдар жашоо Тик-Токтогудай кооз эмес экенин, билимдин, эмгектин артынан гана жашоосу жакшы болорун түшүнүшү керек. Айрымдар бул платформаны чоң бизнести алдыга жылдырууга, таланттарды элге таанытууга жардамчы болууда деп карап жатышат. Мен Тик-Токту зомби сыяктуу кабыл алам, ошондой моралдык сызыктан чыккан адамдарды министрлик кантип тескей алат, жаап гана кутулбаса... Ушундай чечимге акыры келишибиз керек болчу, Тик-Токтун пайдасынан зыяны көп бизге.

Бердибек Жамгырчиев, акын: “ТИК-ТОК ЖАБЫЛБАСЫН, ТАРТИПСИЗДЕР ГАНА ООЗДУКТАЛСЫН”

– Тик-Токту жабыш керек деген министрликтин чечими өтө одоно. Дүйнө дүркүрөп өсүп, адамзат башка планеталарга учуп, аалам ачылып жатканда биздин минтип жапканга шашып турганыбыз кайра артка кетүүгө барабар. Тик-Токту башында мен да жабыш керек деп жүргөм, бирок кийин катталып, ичинен билген соң бул зор аянтча, өтө чоң мүмкүнчүлүктөрдүн талаасы экенине көзүм жетти. Мисалы, Фейсбук, Инстаграмм дегенди эзели түшүнүп кире албаган айылдагы досуң Тик-Токко оңой кирип, ошол жерде отурат. Демек, азыр баары Тик-Токто отурат деген кеп. Көрдүңүзбү, бул элдин сабатсыздыгын жоюуда абдан чоң роль болмок. Адабият, маданият, театр, курулуш, өндүрүш, бизнес, спорт, айтор, баарын ушул Тик-Ток аркылуу элге жеткирип, көздү ачыш керек болчу. Коңшу казак эли Тик-Токту өтө мыкты пайдаланып жатат. Министрлик же тиешелүү органдар ошол жердеги адепсиз, тартипсиздерди ооздуктап, катуу жазага тартса эле тыйылмак, токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет деген кеп бар. Бир-экөөнү кармап, 5 миң сом айыпка жыгымыш этип, кайра коё берип жатса ким тартипке келет? Тик-Токту жабабыз деген бул түркөйлүк. Биз Тик-Токту аң сезимди өлтүрүүчү эмес, өстүрүүчү сайт катары сонун колдонушубуз керек. Мен Тик-Токтон не деген керемет музыкаларды, ачылыштарды, дүйнөлүк акылмандардын цитаталарын, айтып отурса кереметтин баарын көрөм, жана өзүм дагы ырларымды киргизип, бүгүнкү күндө 100 миңдеп көргөндөр бар. Тик-Ток жабылбасын, тартипсиздер гана ооздукталсын.

Владимир Емельянов, тик-токер: “ТИК-ТОКТУ ЖАБУУДАН ӨЛКӨ ЧЫГЫМ ТАРТАТ”

– Орусияда аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстанга келип жашап калдым. 11 ай болду. Блогдорумдун көбүндө Кыргызстандагы жашоом туралуу баяндайм. Эгер бул платформа жабылса өлкө кандай чыгашаларга кириптер болорун өзүмдүн Тик-Токтогу аккаунтумдун мисалында айтып бере алам. Мисалы, менин баракчамдагы видеолорду акыркы 2 айда 36 миллион адам көрдү. Ошол Кыргызстан тууралуу видеолорду көргөн 36 миллион адамдын жок дегенде 1 пайызы бизге келип 500 доллар эс алууга коротуп кетсинчи, ошондо Кыргызстан жылына 360 миң турист жана 180 миллион доллар тапмак. Мендейлер бизде көп. Тик-Токту жапканда эл VPNге жазылып, ошол аркылуу Тик-Токко кирип башташат. Бизден 3 миллион адам жазылсын дейли, ага жазылуу айына 5 доллардан. Ошондо өлкөдөн 15 миллион доллардан ашуун каражат башка өлкөгө чыгып кетип жатат. Тик-Ток – бул жарнама, жумуш, прогресс, сөз эркиндиги.

Нуржигит Кадырбеков, депутат: “БААРЫНА ТЫЮУ САЛБАЙ, БЕЙАДЕП ОЮНДАРДЫ УЮШТУРГАН БАРАКЧАЛАР МЕНЕН ЖЕКЕ ИШТЕШ КЕРЕК”

– Тик-Ток платформасы башында чын эле шаан-шөкөт, көңүл ачуу үчүн түзүлгөн түйүн эле. Бирок, байкасаңыз, бара-бара башка маанидеги контенттер кире баштады. Мисалы, аалымдардын сөздөрү, акындардын ырлары, насааттары, өрнөктүү окуялары, адеп-ахлакты үйрөткөн жакшы баяндарды угуп калам. Талдап көрсөңүздөр, жеңил-желпи видеолордун көрөрмандарына караганда, ошол таалим-тарбиялуу баракчалардын көрармандары көп. Ошол үчүн аталган платформанын баарына тыюу салбастан, бейадеп оюндарды, түз эфирлерден баттлдарды уюштуруп жаткан жеке баракчаларды иреттесе жакшы болмок. Ал эми жалпы платформаны жабууга зарылдык жок. Министрлик муну тереңден изилдеп, ар тараптан карап чыгышы керек деп эсептейм.

Бектур Ибрагимов, Маданият министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы: “КООМДО АЙТЫЛЫП ЖАТКАН БАРДЫК СЕБЕПТЕР БУГА ЧЕЙИН ТАЛДАНЫП ЧЫККАН”

– Кыргызстанда ар бир телеканал, газета жана башка массалык маалымат каражаттары өзүнүн маалыматтарын чыпкалап, электен өткөрүп берет. Баарыбыз укук талаасында жашайбыз, ар бирибиз аны аткарууга тийиштүүбүз. Тик-Ток платформасына келсек, бизге бул социалдык түйүнгө даттанып буга чейин жарандар, бейөкмөт уюмдар кайрылышкан. Ошол кайрылуулардын негизинде Маданият министрлиги атайын мониторинг жүргүзүп, анын ишин жайылтууну токтотуу чечимин кабыл алды. Учурда коомчулук тарабынан айтылып жаткан бардык сындар, себептер буга чейин талданып чыккан. Алсак, Тик-Токко эч кандай каттоосу жок кирсе болот, жаш куракты чектешпейт, берилген маалыматтар ылганбайт. Мунун баары жаш өспүрүмдөргө зыян. Чечим толук кандуу иштеши үчүн VPN тиркемелерине да тыюу салуу талкууларын жүргүзүп жатабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан