БЕЛДИ ИЧКЕРТИП, ШАЛБЫРАГАН ЭМЧЕКТИ ТИКЧИЙТҮҮГӨ БОЛОТ

Пластикалык хирургия жаатында улам жаңы ыкмалар жаралып жатат. Алар тууралуу “Умай-косметик” борборунун пластикалык хирургу Алмаз Кусеинов айтып берди. Ал эми пластикалык операция жасатуу же жасатпоо ар кимдин өз эркиндеги иш.

Кудзаев ыкмасы менен белди ичкертүү

– Бул 10-11-12-кабыргаларды жарымына чейин ичкертип кесип, анан сындырып, учтарын ичти карай кыйшайтып туруп, белди ичкертүү ыкмасы. Операциядан кийин 2-3 ай атайын корсет тагылат. Кабыргалардын сынган жери бүтүп, кабыргалар корсеттин формасын алып калат. Бул ыкма Кыргызстанда колдонулуп жатат.

Терс жагы: кээде кабыргалар туура эмес бүтүп калышы мүмкүн. Толук калыпка келүү үчүн 1-3 ай керек. Операция наркоз менен жасалат. Бул ыкма жарала электе, белди ичкертүү операциясында аталган кабыргалар алып салынчу.

Комплекстүү операция

– Бул бир нече баласы бар, эми төрөбөйм деген айымдарга ылайыкташкан операция. Башкача айтканда жаш курагы 30-40тан кийинкилерге.

Операция ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

Бала эмизүүдөн улам салаңдап калган эмчекти тартуу. Мында ашыкча тери кесилип, эмчек өйдө тартылып тигилет. Ушул эле операцияда эмчектин ичине имплант коюп, өлчөмүн чоңойтуп, формасын жакшыртып кетсе да болот. Анткени бала эмизүүдө эмчектин формасы жоголот.

Абдоминопластика (ичтеги майды алдыруу) жана липосакция (ашыкча майды сордуруу). Мындан бала төрөөдөн улам жоголгон келбет калыпка келет. Ичтен сордурулган майды жамбашка куйдурууга болот (жамбаш липофилинги). Эгер аял бардыгын жасатам десе 1 этап менен наркоз колдонулуп жасалат. Калыпка келүү мөөнөтү 1 айга чейин.

Кимдерге жана кайсы убакта болбойт?

Кант диабети, жүрөк жана онкологиялык оорусу барларга

Өнөкөт оорулар курчуп турган кезде

Этек кир келип жаткан убакта

Баланы эмчектен чыгаргандан кийинки 6 айда

Бариатриялык операция

– Бул – адамды ашыкча салмактан арылтуу үчүн ашказанынын, ичегисинин же экөөнүн тең канча бир бөлүгүн кесип алып салуу. Аталган ыкма ашыкча салмактан эч бир ыкма менен арыла албай калганда (мисалы, диета, спорт) колдонулат. Спорт залга баргысы келбей, бирок батыраак арыктагысы келген айрымдар ушул ыкманы тандашат. Операцияны бариатриялык хирург же жалпы хирург жасайт.

1-этапта наркоз колдонулуп, ашказандын үчтөн эки бөлүгү алынып салат. Адам мурункудай көп тамак жей албай арыктап баштайт. Салмагына жараша 6 айдан 1,5 жылга чейин арыктап барып, анан токтойт. Бул аралыкта ашыкча тери шалбырап калат.

2-этапта наркоз аркылуу ошол ашыкча терини пластикалык хирург кесип алып салат. Көбүнчө курсактагы, колдогу, сандагы терилер кесилет.

Теринин кесилген жерлеринде тырыктар калат. Бирок алар 1 жылдан кийин көп билинбей калат.

Кимдерге болбойт?

Кант диабети, жүрөк жана онкологиялык оорусу барларга

Өнөкөт оорулар курчуп турган кезде

Желкедеги май дөмпөктү алуу

– Организмдеги май алмашуунун бузулушунан келип чыккан оору бар, ал липоматоз, ошондой эле маделунга синдрому деп аталат. Дартта май клетчаткалары чексиз бөлүнүп көбөйүп отуруп, дөмпөктү түзүп калат. Андай дөмпөк көбүнчөсү желкеде, кээде колдо, моюнда жана башка жерде кездешет. Желкеде болсо адам остеохондроздон улам пайда болду деп ойлоп, аны массаж аркылуу кетирүүгө аракет кылат. Бирок кетпейт. Аны операция аркылуу гана алдырууга болот.

Алдырбай койсо не болот?

– Моюн акырындап кыйшаят. Ушундан улам моюн омурткаларынан чыккан нервдер, кан тамырлар кысылат. Башта, ийинде, колдо оорутуу жаралат. Кол жакшы көтөрүлбөй, бат талый турган болот.

Операцияда ошол дөмпөк жерге оорутууну сездирбөөчү дары сайылат же наркоз берилет. Дөмпөктүн көлөмүнө жараша 1-3 тешик жасалып, май сордурулат. Калыпка келүү мөөнөтү – 1-3 апта. Операция 1-1,5 саатка созулат.

Кимдерге болбойт?

Варикозу, кант диабети, онкологиялык, жүрөк оорусу барларга

Өнөкөт оору курчуп турганда

Гинекомастия

– Эркектердин организминдеги гормондордун тең салмагынын бузулушунан эмчек бездери чоңоюп кетет. Айрым өспүрүмдөрдө гормондордун алмашуусунан улам эмчек шишийт да, чоңоюп кеткендей көрүнөт. Дароо врачка барып дарыланса, шишиктен 2-6 айда кутулат. Дарыланбаса без ткандары калыптанып, эмчек чоңойгон бойдон калып калат. Аны операция менен жок кылууга туура келет.

Эркектерде эмчектин чоңоюшу булчуңдарымды чоңойтом деп атайын каражаттарды (мисалы, протеин) же сыраны көп ичкенден жаралат. Сыранын курамындагы айрым заттар эркек гормондордун санын азайтып, аял гормондорун көбөйтүп жиберет.

Операция 2 саатка чейин созулат жана эмчектин ичиндеги май сордурулат, эмчек бези кошо алынат. Эмчектин тегерегин жансыздандыруучу анестезия же наркоз колдонулат.

“Актёрлор бетин, чиновниктер сурмасын жасатууда”

– Алмаз, айтсаңыз, учурда сиздерге кандай операция жасатууну суранып көп кайрылышууда?

– Катардагы адамдардан, ырчылардан тышкары актёрлор, актрисалар бетиндеги бырыштарын тарттыруу үчүн көп келишүүдө. Актёр, актрисалар гримди көп колдонушат жана мимикалар менен сүйлөөгө аргасыз. Ошондуктан көбүнүн беттерине убагынан мурун бырыш түшүп кетет. Чиновник эркектер көзүнүн астындагы терисин тарттырууга келип жатышат. Анткени алар документ иштери менен эңкейип жана компьютер алдында узакка отурушат. Каштарын көтөртүп, жамбашын жасаткан айымдар да бар. Блогер, модель кыздар төшүн жасатышат. Бир ырчы кыз кудзаев ыкмасы менен белин ичкертти. Мурда аз болчу, азыр пластикалык операция жасаткан эркектер көбөйүүдө.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан