Борончу Кудайбергенов: “МЕНИ ОРУСИЯ КАРА ТИЗМЕГЕ КИРГИЗИП САЛДЫ”

Белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов агабыз өлкөдөгү көйгөйлөрдү күлкү аралаштырып айтуунун устасы. Анын тамашалары айрымдарга жакпашы мүмкүн, анткени чындыктын табияты ошондой. Бул жолу да куудул агабыз агынан жарыла маек куруп берди.

- Саламатсызбы, Борончу ага? “Эки дос эмне дейт?” деген концерт коюп жүрөсүздөр. Кандай өтүп жатат?

- Саламатчылык. Тынар Курбаналиев экөөбүздүн гастролдоп чыкканыбызга 10 күндөй болуп калды. 29-августтан 2-сентябрга чейин деп Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарында коюп жатабыз. Саясий темадагы, “матчество”, врачтар, жол коопсуздугунун сакчылары жана башка темалардагы сатиралар бар.

- Ошол “матчество” тууралуу сиздин оюңуз кандай?

- Бул маселе эненин, баланын укугу деген шылтоо менен көтөрүлүп жатат. Бул сырттан кирген программа деп ойлойм, түбү жакшы эмес. Аялзаты кимден төрөп алса да боло берет, өзүнө каттатып алат деген жашоо образы адатка айланышы мүмкүн. Демек, ойноштукка жол ачат. Экинчиден, ушинтип акырындан батыштагы түшүнүктөрдү мээбизге сиңиришет. Мисалы, кийин “эркек баланы эркек дебе, кызды кыз дебе, 18 жашка келгенде ким экенин өзү чечет” деп калышпайт деген кепилдик жок. Эркек менен эркектин, аял менен аялдын баш кошуусуна жол ачат. Ушинтип акырындан улуттук баалуулуктар жоголо берет. Паспорттон “улуту” деген графаны эмнеге алып коюшту? Анын максаты эмне? Мунун аягы өз жерибизге өзүбүздүн ээ боло албай калышыбыз менен бүтүшү мүмкүн. Мен жакында кайсы президенттин тушунда кандай душмандыктар кылынып жатканын социалдык тармактарга ачык айтып чыгам, душмандар көбөйө баштады.

- Ушундай окуяларда каршы күрөшүү үчүн бийликке баргыңыз келеби?

- Баргым келет. Бирок ар кимибиз өз ишибизди кылганыбыз жакшы. Мен элдин мага көңүл буруп жатканынан пайдаланып тамаша аркылуу көйгөйлөрдү коомчулукка жеткирүүгө аракет кылышым керек, коомду ойготушубуз зарыл.

Жакында Ташкентке бардым. Ал жакта эртең мененки саат 8:30га чейин шаар бүтүндөй шыпырылып калат экен. Биз “өкмөт тазалабай жатат” дей беребиз го. Ал жакта мекемеде иштегендер эрте келип эшигинин алдын тазалашат, ар бир үй-бүлө эшик алдын тазалайт. Жарым саат ичинде шаар шыпырылып калат. Бул ошол элдин тарбиясы. Биздикилер атүгүл таштандыны таштанды челекке таштабайт да. Коом өзгөрүшү керек, ал үчүн ар бир адам өзүнөн башташы шарт. Артисттерден мисал кылып айтсам, үйүнө киши чакырып конок тоспогон кесиптештерим бар. Бирок конокко барса дайым нааразы болуп, сынап кетишет. Ошентип өмүр бою сындап жашаган адамдар бар. Алар эч качан “өзүм бир иш кылдымбы?” дешпейт. Анан да ээрчимебиз. Бирөө бир нерсе деп койсо артынан ээрчип кетебиз, анализдегенди билбейбиз. Азыр өкмөт электр жарыгын өчүрүп жатат. Бирөө чыгып “жеп жатышат” деп койсо бүттү, баары “жеди” дей беришет. Эмне үчүн өчүрүп жатат? деп суроо койбойт. 30 жылдан бери колдонулган жабдыктар эскирип бузулат да. Азыр ушундай чара көрбөсө, кышында кыйналабыз. Дагы бир мисал, Ат-Башыга логистикалык борбор куралы десе, жердештерим “Кытай басып алат” деп каршы чыгып болбой коюшту. Казакстандагы Хоргосту карагылачы, шаар болуп кетти. Ат-Башы ылайыктуу болчу да, Кытайдан эмне чыкса баарын алып келип, биз аркылуу башка жакка таркатмакпыз, базар куруп бермекпиз. Хоргосту көрүп ичим күйдү.

- Өлкө тагдырына кайдыгер эмес жаран катары дагы бир суроо. Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын 49 жылга коңшу өлкөгө берилишине оюңуз кандай?

- СССР учурунда ар кайсы мамлекеттер келип өз акчасына пансионаттарды курган турбайбы. Асман шаарын курабыз деп жатканда Ысык-Көлдүн жээги өсүп-өнүгүп кетсин деп ижарага берип жатат. “10 миллиондон төлөп коюп, иштеткиле” деп биздин азамат жигиттерге да сунушташып, бирок албай коюшуптур. Кароосуз калгандыгына байланыштуу берип жатат, андан трагедия кылыштын эч кажети жок. “Жер биротоло берилбейт, ижарага гана берилет” деген пункт бар да келишимде. Болгону биз 49 жылда эмнелер болуп кетпейт деп коркуп жатабыз. Бизди апенди кылып бүтүрбөдүбү. “Алтындын баарын уурдап алышты” деп ызы-чуу салышты эле депутаттардан комиссия түзүп “Кумтөргө” киргизишти. Алар чыгып алып эмне деди? “Көрсө, алтын бар экен, Улуттук банкта катылып туруптур” деди. Муну айтканга болбойт да, апей. Бул мамлекеттик сыр, алтын кайда катылганын айтпаш керек да. Керек болсо алтын катканда спутниктен көрүнбөсүн деп атайын жер даярдашат. Апендибиз биз. Куудулдар тамашалайбыз, бирок эч качан мамлекетти тоногула, кыргыла дебейбиз. Туура эмес иштерди тамаша аркылуу жеткиребиз.

Бир жолу “Москвадагы кыргыздар сонун жашашат экен. Бардык жерди кыргыздар ээлеп алган, орустар ишенип иштетип жатышыптыр” деп мактап койсом, бир маалымат сайты орусчага маанисин туура эмес которуп, анан да мени чиновник деп чыгарып коюптур. Ошонун айынан Орусия мени “кара тизмеге” киргизип койбодубу.

- Акчаңыз болсо эмнеге инвестиция кылмаксыз?

- Акчам болсо Бостеринин өйдө жагынан Балыкчынын этегине чейин канализация курмакмын. Шаар курулгандан мурун канализация курулушу керек. Ысык-Көлдө бир жолу пансионат иштеткем. Көлдүн жээгиндеги жеке пансионаттардын көпчүлүгүнүн канализациясын айлантып барып эле көлгө кошуп салышат. Жалпы канализация болушу шарт. Ошонун тегерегинде жашап, бир нерсе иштетип жаткандар ага кошулушу зарыл жана ал үчүн акча төлөп турушу керек. Жеке ишкерлер курбаса, муну мамлекет сөзсүз курушу кажет деп ойлойм.

- Мындай маселелерди элге күлкү менен туура жеткирүү үчүн куудулдар эрудициялуу болушу керек да...

- Ооба, куудулдар илим-билимдүү, керек болсо стратег болушу керек. Боло турган көйгөйдү алдын ала айтып турушу зарыл. Көйгөй көп, элдин намысы аз болуп жатат. 2000 сом үчүн келечегин сатып салган кайдыгер элге эмне дейбиз? Ошондон пайдаланып жаткандар толтура.

- Сиздин жеке жашооңузга да бир кайрыла кетели. Уулуңузду үйлөнтүп кайната болдуңуз, билишимче...

- Ооба, кайната-кайнене болдук. Келин деген үйгө келген кут, береке да. Жакшы эле кайната болуп жатам деп ойлойм, анткени мурда деле көрүп жүргөндүктөн келиниме деле жакын адамы сыяктуумун. Жакын көрүп, кызымдай эле эркелеп жүрөт.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан