«АГАРГАН ЧАЧЫМ КАРАРЫШЫ МҮМКҮНБҮ?»

Күзгүгө көрүнгөн сайын жүзүбүздөгү көйгөйлөр көзүбүзгө урунат. Инстаграм баракчабыз аркылуу ушундай маселе менен кайрылган окурмандарга косметолог Мариям Керимкуловадан жооп алып бердик.

– Жашым 32де. Мурун көргөн ак чачымды эле жулуп сала берчүмүн, 4-5 жылдан бери аябай көбөйдү, 50 пайызы агарып кетти окшойт. Агарган чач кандайдыр бир жолдор менен кайра карарабы, же кабыл алып эле жашай беришим керекпи? Косметологиялык процедуралар канчалык натыйжасын көрсөтөт?

– Чачтын агарышы көбүнчө В тобундагы витаминдердин жетишсиздигинен, ашказан ооруларынан, анан генден болот. Негизи чач жаңы агарып баштаганда күрөшкөн жакшы, 50 пайызга чейин агарып кетсе толук кайра калыбына келиши күмөн. Ошентсе да мезотерапия, плазмотерапия чачтын түбүн керектүү витаминдер менен камсыз кылат, жаңы кара чачтардын чыгышына тассирин тийгизет, чачты коюулантат. Анан башка массаж жасоодо кан айлануу жакшыргандыктан дагы агарып кетпешине жардамын тийгизет.

“Эки кашымдын ортосунда безеткилер оорунун белгисиби”

– Эки кашымдын ортосундагы безеткилерди такыр эле кетире албай койдум. Бул кандайдыр бир оорунун белгиси эмеспи? Беттин кайсы жерине безетки чыкканына жараша кайсы жериң ооруй турганын билсе болот дешет. Ошол чынбы?

– Чекедеги, эки каштын ортосундагы безеткилер боор, тамак сиңирүү органдарынын иштеши бузулуп жатканда чыгышы мүмкүн. Таттууга, ачууга, майлууга басым жасалып жатканда чыгат. Гормондор өйдө-ылдый болуп жатканда да мындай өзгөрүүлөр байкалат. Кээ биринде безеткинин ордуна беттин кайсы бир бөлүгү кургайт. Көптөн бери чыгып кетпей жаткан болсо бир сыйра текшерүүдөн өтүп койгонуңуз дурус. Сүт азыктарын рационго көп кошуп, жашылчаларга басым жасаңыз. Ал эми биз безеткилерди кетирүү үчүн ар кандай косметологиялык процедураларды жасайбыз. Биздин процедуралардан кийин кайра чыгып калышы мүмкүн, эгер ички органдарыңыздагы маселе менен күрөшпөсөңүз, туура тамактанбасаңыз.

«Купероз кетпейби?»

– Бала кезимден бери бетимде майда кызыл тамырлар чыгып турат. Мурун көп маани берчү эмесмин. Эми көзүмө ошол эле көрүнүп жатат. Көпчүлүк көрүп купероз экен, бул кетпейт дешет. Куперозду биротоло айыктырууга мүмкүнбү?

– Ысык мончого көп түшүүдө, аябай муздак аба ырайында, шамалда бетти коргобой жүрө берүүдө, алкогол көп ичкенде, же болбосо кан тамырды кеңейтүүчү аскорутин заты жетишсиз болгондо купероз пайда болот. Муну лазер менен кетирүүгө болот, бирок жогорудагы адаттар кайталанса кайра чыга берет. Кетпейт деп айтканы ошондон болсо керек. Ошондой эле куперозго каршы кремдер бар, ошолорду колдонуу кажет, негизи бетти коргоп купероздун алдын алган жакшы.

«Сепкил менен такты кетиргим келет»

– Бетимде, колумда майда сепкилдер көбөйүп жатат. Эмне себептен чыгат? Кулагыма, чекеме жакын төрөттөн калган тактарым да бар, буларды кантип кетирем? Лазер менен да кетирет деп уктум, анын зыяны жокпу?

– Сепкил көпчүлүк учурда жаз, жай мезгилинде чыкканы байкалат. Анткени ушул учурда тери астындагы меланин иштөөсүн жогорулатат. Кээде бөйрөк, боор оорусунда жаралышы мүмкүн. Ошондой эле бул тукум кууйт. Жакындарыңыздын бети сепкилдүү болсо сизге да чыгат. 50-60тан кийин да эч кандай себепсиз чыгышы мүмкүн. Лазерден мурун биз пилингдерди колдонобуз, абдан жакшы жардамын берет. Пилингдерди жасата берүүнүн да убагы келип калды. Алгач жеңилинен баштап, анан күчтүүсүнө өтөбүз. Үй шартында болсо петрушка жакшы жардамчы, ага аскорбин кычкылын кошуп, эзип, ширесин чыгарабыз. Пахтага сиңирип алып, тактарга 20 мүнөт коюп турса болот.

«Безеткилерди турмушка чыкпай деле кетирсе болбойбу?»

– Бетиме безетки көп чыгып, 3 жылдан бери кетире албай жүрөм. Бири айыкса, бири чыгат. Апам бойдок кезде чыгат, турмушка чыксаң чыкпай калат дейт. Турмушка чыкпай деле кетирсе болбойбу?

– Өспүрүм балдарда, бойдоктордо гормондор калыбына келгенче ушундай өзгөрүүлөр болуп турат. Кээ биринде тери кенеси болушу мүмкүн, аны сыкканда, кир колдор менен кармалай берүүдө башка жерлерге жайылып кетет, же сүлгү аркылуу жугат. Ошондуктан сыкпаш керек. Турмушка чыгуу эле безеткилерди жок кылуунун жолу эмес. Биринчи өзүңүз туура жашоо образын тандап, туура тамактансаңыз азайганы байкалат. Анан косметологго көрүнсөңүз абалыңызга жараша процедураларды жасап, ылайыктуу кам көрүүчү каражаттарды жазып берет.

«Ак бүдүрчөлөрдү кантип кетирүүгө болот»

– Бетке ак бүдүрчөлөр эмнеге чыгат, аны кетирүү жолдорун айтып бересизби?

– Ак бүдүрчөлөр организмде холестерин көбөйгөндө, кант диабетинде чыгышы ыктымал. Же генден болот. Косметологго кайрылсаңыз бетиңизди тазалоо учурунда эле тазалап берет, өз алдынча сыгылбайт, сыкпаш да керек.

«Массаж менен бырыш кетире аламбы?»

– Бетке массаж жасоо менен тонуста кармап турууга болобу, же тескерисинче шалбырап кетиши мүмкүнбү? Эгер болсо үй шартында кандай майларды колдонуп, кантип массаж жасап майда бырыштарды кетирсе болот?

– Массаж теринин тонусун абдан жакшы көтөрөт, кан айланууну жакшыртат, жаңы клеткалардын пайда болушуна таасирин тийгизет. Өтө тартпай атайын майлар менен жасап турууга болот. Атайын ошол тармакта билим алган адистерден массаж алсаңыз андан да жакшы. Үй шартында кытай лимонунун майын колдонсо болот.

«Бетим тердейт»

– Жашым 42де, бир жылдан бери бетим көп тердеп жүрөт. Себеби эмнеде болушу мүмкүн, эмне кылышым керек?

– Бул климакстын белгилеринен. Эндокринологго кайрылып коюңуз.

«Сөөл моюнума, колтугума чыгып кетти»

– Жашым 47де. Моюнума, арттарыма, колтугума майда сөөлдөр чыгып, көбөйүүдө. Өтө ыңгайсыздык жаратат. Булардан кантип кутулам? Негизи чыкпашы үчүн эмне кылыш керек, чыккан соң жайылбашы үчүн үйдөн эмне кылуу керек?

– Сөөл организмдеги ар кандай вирус боло чыгат. Жугуштуу оору, көбүнчө иммунитет алсыз болгондо көбөйөт. Сөөлдөрдү лазер менен тазалап, вируска каршы дарыларды ичүү менен андан арылса болот. Чыкпаш үчүн өзүңүздө, түгөйүңүздө же үйдөгү адамдарда бар-жогун билип, бар болсо адистерге көргөзүп алдырып дарыланып коюу кажет.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан