КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

– Он беш мүнөттө барып калышат. Эмне болуп жатат, өмүрүңөргө коркунуч жокпу, камералар иштеп жатабы?- деп ар нерсени сурай баштады эле:

– Тез келип калгыла, болду өчүрдүм, дарбаза жабык болсо ашып түшүп кире бергиле,- деп өчүрүп койдум. Ваня байке кыжалат кылып жатты. Ушунча убакыт өттү, али бери келиши керек эле. Эшикти тыңшасам тынч, эч нерсенин шеги билинбейт. Чыгып көрөйүн деп чечтим, мен биринчи барып кармабасам келип калса, тынч турсак шекшип бир нерсени баштабасын. Эшикти дагы тыңшадым, тыптынч. Акырын тутканы кармасам, Ваня байке тутканы токко улап койгон экен, ток тартып, ордумдан секирип кеттим. Ваня байке эшикти сыртынан катуу тепкенде башыма тийип, учуп түштүм. Ваня байке чуркап кирип башыма тээп-тээп алды, калганы эсимде жок. Өзүмө келсем бөлмөмдө диванда жатыпмын, Ваня байке отургуч коюп алып жанымда мени карап отурат. Оозума арак куюшкан го, бүт эле арак даамданып, ичиришкен да окшойт. Жакшы эле тепкилешип алышкандай, бүт эле жерим ооруп жатты. Бирок сынган жери билинбейт. Колу-бутумду диванга байлап салышыптыр, тура албайм. Али керекмин да буларга. Көзүмдү ачканымды көрүп:

– Аа моджахед, өзүңө келдиңби? Тынч жат, эми дагы бир нерсени баштасаң тирүү калбайсың. Күлүшкө аракет кылдым.

– Сейфти тапмайынча мени эч нерсе кылбайсыңар. Эмнени ойлоп таптыңар дагы, "боевиктериң" кана?

– Азырынча эч нерсе айта албайм. Телефонуңду Эрма алып кетти, эртең менен саат сегизде чалышат, ошондо билинет. Сен көп эле секире бербе, жетишет. Тынч жат. Менттер келди, сени ичип алган эле деп араң кутулдум. Эгер дагы бир өнөр көрсөтсөң өлөсүң. Үй биздики баары бир, ар бир кирпичин чыгарсак да сейфти табабыз. Жакшылыкча өзүң көрсөтүп берсең миллион рубль беребиз, кете бересиң. Эртең мененкиге чейин убактың бар, ойлон. Эми сага түшүндүрүп отургудай жаш бала эмессиң. Түшүнөсүң эмне болоруңду, өлүгүңдү токойго алып барып көмүп салсак эч ким таппайт. Мен кеттим, эртең менен сүйлөшөбүз,- деп жарыкты өчүрүп чыгып кетти. Колу-бутумду аябай эле ороп салышыптыр, чечишке эч эле арга жок. Жата бердим. Өлгөнүм ушулбу? Ар нерсе оюма келет, эми жазган менен эмне пайда. Үйдү сагындым, Кыргызстанды, ушунчалык куса болуп кеттим. Ыйлагым келип кетти. Тамеки чегип алсам бир аз болсо да тынчтанат белем? Түнү менен ойлонуп чыктым. Маал-маал уктап да алдым окшойт, айтор, эптеп таң атты.

Саат жети болуп калды окшойт, Ваня байке кирип келди, бир колунда төрт пачка беш миңдик рубльдар, бир колунда тапанча, мага көрсөтүп октоп койду да:

– Сөз мындай, Эрма телефонунан видеолоруңду тааптыр, "облако" дейби, ошол жакка бекиткен экенсиң. Сейфти көрсөтөсүң дейт, эгер көрсөтпөсөң Касыкени сенин моюнуңа илиш оной эле, өмүр бою камаласың. Бизди саткан күндө деле куру сөзүңө эч ким ишенбейт, бекер эле өмүрүң түрмөдө өтөт. Эрма эки миллион берем дейт.

– Эми өзүң ойлосоң, кантип эле мени тирүү кетирип жибересиңер? Ким ишенет?

– Руслан, эмне адам өлтүрүш эле оңой дейсиңби? Эрма деле бул иштин тынч бүтүшүн каалайт. Сен жөнүндө видео бизде сакталат, өзүңдү сакташ үчүн сен деле эч кимге эч нерсе айтпайсың да. Сен айтпасаң бизге эмне кереги бар ашыкча баш оорунун? Кой, сөздү көбөйтпөйлү, бул жерде эки миллион рубль, кааласаң эсептеп текшерип ал. Анан сен бизге ишенишиң үчүн мен сени менен Мытищиге, "Красный китти" билесиң да, эл көп болот, ошол жерге чейин бирге барам. Эрмалар үйгө келип турушат, сейфтин каерде экенин, кодду айтасың, табышары менен мага чалышат, мен сага акчаны берем, андан ары сен өз жолуң менен кетесиң, биз өз жолубуз менен кетебиз. Ойлонуп көрсөм чын эле айтып жаткандай. Ээ, эртерээк эле бул балээ бүтсө экен, аябай чарчапмын, эмне болсо ошол болсун, акчаларды алып ары жок болушсун бул акмактар. Мен да тынч эле үйүмө кетип калайынчы бул балекеттен. А калганы эмне болсо ошол болсун. Ар ким өз... Ээ, ойлонгондо эмне, кыскасы, кетем. Эки миллион рубль бул менин ушунча кыйналганым үчүн төлөнгөн акы, иштеп таптым мен бул акчаны. Кетем. Ваня байке көзүмө карап туруп түшүндү окшойт эмнени ойлогонумду, жымыйып койду.

– Эртең мага тийбейсиңерби, Кыргызстанда тынч жашаймынбы?

– Сенин кимге керегиң бар? Биз кантип Кыргызстанга барабыз, өзүң ойлосоң. Биздин бир эле жолубуз калган, бул жактардан алысыраак кетүү. Эмне дейсиң, сүйлөштүкпү?

– Сүйлөштүк.

– Азамат, азамат, башында эле ушинтсең болмок. Болдубу, эч нерсе баштабайсыңбы, сөз бүттүбү?

– Болду, бүттү, эмнени баштамак элем, силердин колуңардамын да?

Көзүмө көпкө чейин карап турду да, колунан эмне келмек эле дедиби:

– Макул,- деп колу-бутумду чечип койду. – Тезирээк даярданып чык, машинаны алып чыгып турам.

Кийинип чыксам дарбазанын алдында туруптур, дароо эле Мытищиге жөнөдүк. "Красный кит" дегени чоң соода түйүнү, Мытищинин ортосунда жайланышкан чоң имарат. Саат тогузда ачылат экен, эшигинде бир топ адам ачылышын күтүп туруптур. Бул жерде мага эч нерсе кыла алышпайт, акчаны аларым менен "Красный китке" кирип кетсем, башка дагы эшиги бар да, ошол жагынан чыгып такси кармап, туура эле Москвага, аэропортко барып, билеттин баасына карабай алып учуп кетем.

Ваня байке саатын карап койду:

– Он беш мүнөттөн кийин ачылат, эмне кылабыз?

– Ачылышын күтөбүз. Жолдо келатып үйгө кетеримди элестетип ичим жылып сүйүнүп келдим. Эртерээк эле кетип, баарын унутуп тынч жашайынчы. Эми эч нерсеге аралашпайм, тынч жашаган жакшы турбайбы.

Акыры дүкөн ачылып, элдер кирип жатышты.

– Жүрү, элге жакыныраак баралы. Экөөбүз дүкөнгө, элге жакыныраак барып тамеки чеккен жерде бирден тамеки күйгүздүк.

– Эрмаңа чал.

Ваня байке дароо Эрмасына чалды:

– Русланга берем.

Телефонду алсам ошол Эрмасынын үнү:

– Угуп жатам, Руслан.

– Алло, сөз мындай, мен баары бир видеону кайра "восстановить" этип алам, менин дарегимде калган. Ошого мага тийишпегиле, мен тынч кетейин, сен да тынч жаша. Сүйлөштүкпү?

– Сен тараптан эле бир нерсе болбосо, биз тараптан эч нерсе болбойт. Сейф каерде?

Баарын түшүндүрдүм, үйгө келип калышкан экен, пультту издегени, дубалдын ачылганы, сейфтин ачылганы телефондон угулуп турду. Акчаны көрүкөндө шеригинин сүйүнүп сүйлөгөнү угулду.

– Болду, Руслан, телефонду Ваня байкеге бер. Телефонду берсем Ваня байке угуп турду да, “макул” деп коюп мага акчаны карматты. Көзүнө карасам тынч эле, жаман ою жоктой. Унчукпай акчаны алып, дароо элге аралашып дүкөнгө кирип кеттим. Ичине кирип терезеден карасам Ваня байке тамекисин өчүрүп, тез-тез басып машинасын минип кетип калды. Булар деле менден кутула албай эле турушкан окшойт. Кутулдумбу, бүттүбү баары. Акчаны шымымдын чөнтөгүнө салып, башка эшиктен чыгып кеттим. Сырттан биринчи эле таксиге отуруп:

– Түз айдай бер,- деп, такси беш көчөдөн өткөндө акчасын төлөп түшүп калып, чакан көчө бар экен, кирип кеттим. Көчөнүн аягына чейин барып артымды карасам эч ким көрүнбөйт. Дагы узун эки көчөдөн өттүм, артымды карасам тынч. Аңдыган эч ким байкалбайт.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан