Абдул-Восит Шүкүров, футболчу Алимардон Шүкүровдун агасы: «АЛИМАРДОНДУН АР БИР ОЮНУ БИЗГЕ МАЙРАМ»

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири, учурда Беларустун “Неман” командасында ийгиликтүү оюн көрсөтүп жаткан таланттуу футболчу Алимардон Шүкүровдун агасы менен баарлаштык. “Футбол үчүн Алимардонду бала кезден бардык иштен бошотобуз” дейт агасы.

“АЛИМАРДОНДУН ОЮНУН БААРЫ ТОП”

– Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Менден улуу байкем бар. Мен Алимардондун экинчи агасы болом. Анан кичинекей карындашыбыз бар. Байкем Финляндияда, мен бир жылдан бери Германиядамын. Алимардон уулдардан эң кенжебиз, эркебиз. Футбол үчүн аны үйдөгү бардык жумуштардан бошотконбуз. Анын болгон жумушу эле машыгууга баруу, оюндарга катышуу болчу. Азыр деле "акчаны биз табабыз, сен футболго көңүл бур" дейбиз. Аны тамашалап “квартирант” деп койчубуз. Футболдон алаксыганды өзү дагы жактырбайт эле. Режим менен уктап-туруп социалдык тармак, телефонго такыр кызыкчу эмес. Агенти сунуштаганы үчүн социалдык баракчаларды колдоно баштаган. Мектеп курагында кыздардын ага сөз айтканын угуп калчумун тааныштардан. Бирок өзүнүн азыркы учурга чейин кыздар менен сүйлөшкөнүн уккан да, көргөн да эмесмин. Үйдөгүлөр айтмакчы, анын оюнун баары эле топ. Азыр деле үйгө конок катары аз убакытка келет. Улуттук курамдын оюндарына келгенде жиберсе бир күнгө келип кетет. Эгер жибербей турган болсо биз өзүбүз барып жолугабыз. Жылдык сезон бүткөндө бир айга үйгө келет. Үйдөгүлөр “кой, эс ал” десе болбой 10 күндөн кийин эле өз алдынча машыгуусун баштайт. Өткөндө жаракат алганда дагы дарыгерлердин “дагы бир аз машыгууну коё тур” дегенине карабай эрте баштап алды.

“ӨЗҮ ТИЙИШИП АЛЫП, БАЛАҢАР САБАГАНЫ ЖАТАТ ДЕП АРЫЗДАНЧУ”

– Ар бир кичинекей бир туугандардын башынан өткөндөй эле биз дагы кичине кезибизде катуу урушчубуз. Эшикте футбол ойногондо ал чабуулчу, мен коргоочу болчумун. Ал алдап өткөндө аркасынан жетип барып топту тосуп койсом, ыйлап калчу. Кээде өзү аябай тийишчү мага, жин келгенде барып жообун берип коёюн десем эле “ата-апа, балаңар мени сабаганы жатат” деп эле ыйлап барчу. Азыр деле бири-бирибизге тийишкен адатыбыз кала элек.

“УЛУТТУК КУРАМГА КОШУЛГАНЫН УККАНДА АБДАН КУБАНГАН”

– Алимардон оюнда өзү жакшы ойноп, бирок командасы утулуп калса үйгө келип ыйлачу. 17 жашында Бишкекте футбол боюнча жаштар курамасынын оюндары өткөн. Ошондо булар Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынан утулуп калышкан. Маанайы жок кайгырып үйдө отурганда Футбол федерациясынан чалып, Алимардон негизги улуттук курамга кошулганын кабарлашты. Кайгырып турган неме сүйүнүп эле жатып калды. Ага кошулуп баарыбыз кубандык. Мен улуттук курамга кошулду дегенге ишене албай жүрдүм. Бул бизге чоң кыял болчу да. Клуб которордо же бир чечим кабыл аларда үй-бүлөсүнө айтат, чогуу кеңешебиз, ар бирибиздин оюбузду угуп анан чечим кабыл алат.

“МЕН ЖАРАТА АЛБАГАН ИЙГИЛИКТИ ИНИМ ЖАРАТСА ДЕЙМ”

– Мурун мен дагы футбол менен алектенчүмүн. Экөөбүз “Абдыш-Атада” чогуу ойночубуз. Бир бөлмөдө жатчубуз. Ошондон уламбы экөөбүз жакынбыз, сөзүбүз эч эле бүтпөйт, футбол тууралуу көп сүйлөшөбүз. Экөөбүз сүйлөшүп калсак, карындашым “бул экөө менен отурган кызыксыз, футбол жөнүндө эле сүйлөй беришет” деп кетип калчу. Мен Эрнис Батырканов, Айзар Акматов менен улуттук жаштар курамасында чогуу ойночубуз. Олуттуу жаракат алганымдан кийин мага футбол ойноого тыюу салышкан. Ошону менен футбол ааламынан кеткем. Азыр өзүм жете албаган ийгиликтерге иним жетип жатканына абдан кубанам. Анын ар бир кадамына колдоо көрсөтөм. Экөөбүз чогуу футболго барып жүргөндө улуттук курамды айтпай эле коёюн, “Абдыш-Атанын” негизги курамында ойносок деп кыялданчубуз. Улуттук курамада оюн көрсөтүү деген түшүбүзгө дагы кирчү эмес. Алимардондун улуттук курамдагы ар бир оюну биз үчүн майрам. Бишкекте өткөн оюндарында үйүбүздө итибиз менен мышыгыбыз эле калат, баарыбыз көчүп барабыз.

“ЖАРАКАТ АЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛАРЫБЫЗДЫ БИЛБЕЙ КАЛДЫК”

"Оюнун жакшы өткөрсө экен, жаракат алгандан оолак болсо экен" деп тилек кылып турабыз. Акыркы жаракат алган оюнунда мен жумушумдан өргүүгө чыгып, Кыргызстанга барып калган элем. Адатта оюндарын баарыбыз чогуу отуруп көрчүбүз. Ал оюнда үйдөгүлөр конок тосуп бошобой калды. Жалгыз көрүп отургам, эс-учун жоготуп кулаганда эмне кыларымды билбей калдым. Каалганы жаап алып ыйлап, агентине, клубуна кайра-кайра телефон чалып жатам. Эч ким чалуумду албайт. 10 мүнөттөн кийин агенти чалып “жакшы” деди. Мындай жаракаттардан Кудай сактасын.

“ИНИБИЗДИН АРТЫ МЕНЕН БИЗ ДАГЫ “ЖЫЛДЫЗ” БОЛДУК”

– Өткөндө УЭФАнын Конференциялар лигасында ойногон алгачкы оюнуна Лихтенштейнге барып, дебюттук голуна күбө болуп кубанып кайттым. Андагы сезимдеримди сөз менен жеткире албайм. Ал түнү ошол сезимдердин таасири менен уктай алган жокпуз. Алимардондун ар бир ийгилиги биз үчүн чоң майрам. Жакында байкем экөөбүз Алимардон менен Гүлжигиттин (ред.: Алыкулов) оюнун жеринде көрөлү, дем-күч берели деп атайын Беларустун Гродно шаарына бардык. Анын үстүнө бир туугандар бир жерде чогула элегибизге 2 жылдай болуп калган. Жолугуп, аз болсо да сүйлөшүп сагынычыбызды таратып келдик. 2-сентябрда “Минск” менен “Неман” ойноп, 3:0 эсебинде “Неман” утту. Бул оюнда Алимардон 2 ирет голдук пас берди. Гүлжигит жакшы оюн көрсөттү. “Немандын” стадиондогу күйөрмандары экөөнү абдан жакшы көрүшөт экен. Оюндан кийин дагы, автограф берип, сүрөткө түшүп, 20 мүнөттөй сыртка чыга албай турушту. Сыртта күтүп турган биз менен да сүрөткө түшкөндөр болду. Инибиздин арты менен биз дагы “жылдыз” болдук (күлүп). 3-сентябрда байкем экөөбүз Литвага, экөө улуттук курамдын оюндары үчүн Бириккен Араб Эмираттарына кетишти.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан