Бактыгул Ажыбаев, ырчы Кубаныч Ажыбаевдин бир тууганы: “АГАМ ӨРҮК КОМУЗДУ ЫРДАГАНДА КЕМПИРЛЕР ЫЙЛАП ЖИБЕРЧҮ”

“Агамдын кичинесинен эле ырчы болчу түрү бар эле. Анткени эс тарткандан анын ырдаганын угуп келе жатам. Акыры ырчы, тамада да болду – дейт ырчы Кубаныч Ажыбаевдин бир тууганы Бактыгул Ажыбаев. Ырчынын бала кези, кылык-жоругу, эл билбеген тарабы тууралуу иниси баяндап отурду.

“Чоң апам “балжууран” деп эркелетчү”

– Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. 3 кыз, 3 уул. Эркектердин улуусу Кубаныч агам. Мен 37 жаштамын, ал менден 7 жашка улуу. Учурда атамдын колундамын.

7 жашымдан берки окуялар эсимде. Мен билгени кичинесинен Кубаныч агам ачык-айрым, шар жүргөн, тамашакөй жан. Башкалар менен бат тил табышып, ичи-коюнуна кирип кетет. Ата-энебиз биз кичинебизде чабан болуп жүргөндүктөн жайкысын Соң-Көлдү жайлап, кышкысын кыштоодогу сарайга түшүшчү. Ошого менден улуулары чоң ата-чоң энебиздин колунда көп жүрүштү. Кубаныч агамды чоң атам менен чоң энем өзгөчө жакшы көрүп, эркелетип чоңойтушту. Чоң энем аны “балжууран” деп эркелетчү. Ата-энем “Кубаныч тентектик кылып, күнөө андан кетсе да чоң энеси ага болуша турган. Кичинесинде кыздарга жакын болду. Мектепте да мугалимдердин тилин оңою менен алчу эмес” деп айтып калышчу.

Дагы эсимде калганы – зымдан машине, топуракка машине жол жасап ойногондон тажачу эмес. Эс тартканы үй жумуштарын жасап, атам менен тоого отун алганы бара баштады. Ал кезде айылда ичүүчү таза суу жок. Ат, эшек менен балдарга кошулуп 4 чакырым алыстан суу ташып келүү милдети эле. Анда-санда мени ээрчитип алат. Мени көп жумшачу эмес, сыягы, кичине деп аячу окшойт. Чабандын баласы болгону менен, эмнегедир ат мингенди жактырчу эмес. 3-4 чакырым алыстыктагы айылга бир иш боюнча жумшашса, жөө барып келчү.

“Өрүк комузду” ырдап кемпирлерди ыйлатчу”

“Жайлоодо мал кайтарып, тезек терип жүргөндө, чөп чабыкта ырчылардын, анын ичинде Чубак Сатаевдин “Тектир саз”, “Арман”, “Ак бата” ырларын көп ырдачу” деп атам азыркыга чейин эскерет. Мектепте да иш-чараларда ырдап жүрдү. Ошого эл да, үйдөгүлөр да “бул кийин ырчы болот окшойт” деп калышчу.

Мектепте окуп жүргөндө мектептер аралык сынактарга катышып, ырдап, 1-орунду, грамоталарды алып келип, ата-энемди кубанткан күндөрү болду.

Таякелерибизден комузда ойногонду үйрөнүп, 11-12 жашынан күү черте баштады. Бош убактысында үйдө комузун кылдыратып калат. Атам анын ордуна жумуш кыл деп урушуп койсо, чыгат да эч ким көрбөй турган далдоо жерге кетет. Ошол жактан чертет. Көрсө, көөдөнүндөгү шык кытыгылап, ырдатып, комуз черттирчү экен. Ошентип ырдаганды, комуз черткенди үйрөнүп, өзүн улам такшалтып бара берди. “Өрүк комузду” ырдаганда улуулар муюп угуп, шыпшынып, кемпирлер көздөрүн жаштап кала турган.

Атамдын ыраматылык Кален деген иниси бар эле, айылда унаа жок кезде Жигули сатып алып элди суктанткан. Кубанычты ошол агабыз 6-7-классында рулга отургузуп унаа айдаганды үйрөткөн. Жууп келейин деп туруп, коңшу айылга чейин айдап кетип калат. Атам “айдаба” десе болбойт. Унаа айдаганга кызыгып жүрүп, унаа алуу тилеги кийин ырчы, тамада болуп иштеп калганда ишке ашты. Алгач Фольксваген Пассат алды. Ошол унаасы Кубаныч Сатаев экөө ырдаган “Неге сени сүйдүм, ай?” ырынын клибинде бар.

Негизи агам тазалыкка мыкты. Унаасы кир болсо жүдөп кетет. Чарчадым, узак жолдон келдим дебей, унаасын жууганга сөзсүз убакыт табат.

“Өмүрү бирөө менен мушташкан жок”

– Атам агам тууралуу “чоңоюп, эс тарткандан тарта ката кетирип жатканын сезип оңоло баштады. Жиниңдин келгенин билсе, эбин таап көңүлүңдү ачат” деп айтып калат. Кичинесинде тентек болгону менен, өмүрүндө бирөө менен мушташып көргөн эмес. Бир ирет агам короонун жанына алма, кара өрүк тигип, бак кылды. Атам “баламдын мээнети, мал жеп кетпесин” деп айланта тосуп койду. Ошол бактан азыр 4 түп алма, 2-3 түп кара өрүк калды. Азыркыга чейин түшүм берет. Айылга келген сайын “мен тиккен бак” деп сыймыктанып калат.

1999-жылы 9-классты бүтүп эле Нарындагы “Манас руху” театрына ишке кирген. 9-класс кезинде музыкалык “Ыр кесе” сынагына катышканда анын ырдаганын, шайдооттугун, талантын калыстар тобунда отурган Табылды Актанов жактырып калып, театрга ишке чакырыптыр. Ошол театр менен Индияга чейин гастролдоп барып келген.

“Манас рухунда” ырчы Мунарбек Чобиев да иштеп, ал агама музыкалык билим алуу жаатында кеңешин айтат. Анын жана Табылды агайдын тилин алып, кыргыз улуттук консерваториясын окуп бүтүрдү.

Агам студент кезинде Муса Баетовдун “Сагынамын”, элдик ыр “Сары-Ойду” жаздырып ырдап чыкты. Радиолорго берди. Бирок элге ырчы катары тааныла бербеди. Качан гана Кубаныч Сатаев экөө “Неге сени сүйдүм, айды?”, анын артынан “Ак тилек” ырын ырдап чыккандан кийин гана элге аздыр-көптүр таанылды. Анан репертуарына башка ырлар кошулду. “Сулууларга суктанууга акым бар” ыры укмуш хит болду. Ошол кезде агамды аты-жөнүнөн жакшы тааныбагандар ыры менен тааный башташкан. Айрым той ээлеринин жакындары “тойго Кубаныч Ажыбаевди чакыралы” дешсе, той ээлери “Жок, аны эмес, жанагы “Сулууларга суктанууга акым барды” ырдаган жигитти чакыргыла” деген учурлар да болду.

“Той деп жүрүп обон чыгара албай жатам деп калат”

– Агам тамадалык менен 22 жашынан бери алектенет. Студент кезден баштап той башкарып келе жатат. Тамадалыкты каражат табуу булагы катары көрөт. Анын арты менен үй-жай кылды. Өзү “тамадалык чыгармачылыкка жолтоо болот. Той деп жүрүп, ыр, обон чыкпай калды” деп калат. Табышкерлиги, берешендиги бар, муну айтып мактап койсок дардаңдап калат. Тойлорго чакырылып талаа-түздө көп жүргөндүктөн “мен унаамды эле башкарам, калганын жеңеңер башкарат” деп тамашалайт.

Апабыздын көзү өткөнүнө быйыл 5 жыл болот. Биз, башка бир туугандары сыяктуу эле агам да көпкө чейин өзүнө келе албай жүрдү.

Агамдын туулган күнү 3-май. Апабыз 1–майда каза болуп, 3-май күнү жерге берилген. Жылда 3-майда Куран окутулат. Ошого агамдын туулган күнү белгиленбей жатат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан