“Санжыра” радиосунун угармандарынын сүйүктүү диджейи, “Селкинчек” берүүсүнүн алып баруучусу Алмагүл Турдалиева маектешибиз. Радиодогу кызыктар жөнүндө сүйлөшүп, диджей кыз менен жакындан тааныштык.
– Салам, Алмагүл! “Санжырада” эмне жаңылык?
– Салам! Жаңы сезонго даярданып жатабыз, буюрса. Кийинки жумадан баштап чыгабыз. Бизде 6 ай сайын өзгөрүүлөр болуп турат, жаңы долбоорлорду алып чыгабыз. Бул сезондо мен "Селкинчек" долбоорун алып барбайм. Менден башка алып баруучу келет.
Менин бул радиодо иштеп жатканыма 9 жыл болуптур. Бат эле өтүп кетти, радио өзү кызыктуу дүйнө. Эфир алып барып жатканда учак айдап бараткандай же башка планетада жүргөндөй болосуң, босогону аттаганда эле бардык маселеңди унутасың да, жаркырап сүйлөп баштайсың. Эл “каткырып эле радиодо отурасың, чарчабайт болушуң керек” дейт. Чарчайм, анткени эфирге көп киши келет, көп киши чалат, мунун баары кадимкидей энергияңды алат. Дем алыш күндөрү үй жумуштарын кылганда да анчалык чарчабайм. Каткырып, тамашалап отуруп кээде эфирде отурганымды унутуп калам. “Санжыранын” башка радиолордон айырмасы жөнөкөй болгонунда, бизде жасалма сүйлөмөй жок. Айрым радиолордо “үнүңөр сексуалдуу болушу керек, элди тартып турушу керек” дешет да, бизде андай эмес. Радионун аты айтып тургандай, бизде нукуралуулук бар. Кыргыздын келиндери тамашакөй, конокторду күлүп-жайнап тосуп алышат да, биз да ошондойбуз, форматыбыз ошондой. Негизинен угармандар 40 жаштан жогору 90 жашка чейинкилер. Чалып алып батасын бергендер бар, кубанып каласың.
– Анан, албетте, радионун иши кызыктуу окуяларга бай болот...
– Ооба, көп болот. Бир жолу эфирге Токтобек Асаналиев менен Салима Балтаева келген. Экөө юмору жагынан да, ыры, үнү жагынан да бири-бирине жарашат. Токтобек байке аябай күлдүрөт да. Алардын сөздөрүнө күлүп жатып үнүм чыкпай калды. 10 мүнөттөй пауза болуп калды эфирде. Мен болсо каткырып жатып столдун астына кирип кеткем. Жетекчи келип, “Алмагүл, кана?” деп сурап коёт. Араң өзүмдү токтотуп эфирди уланткам. Эң алгач Нарында “Алмаз” деген радиодо иштеп баштагам да. Жаңы жумушка киргенде пультту өчүрбөй калгам. Мындай бардык жаңы келген диджейлерде болот. Жаңылык окуп бүтүп эле пультту жаппай, “баннериңер түшүп калды, муну дубль мык менен кагыш керек экен” дептирмин. Угарман чалып, “микрофонуңарды өчүрбөйсүңөрбү, дубль мык дебей” деп жатпайбы. Өчүрдүк, бирок радиодо иштеген жигит “директор өпкөңдү үзөт, бизде андай такыр болгон эмес” деп коркутту. Эми жумуштан кетирет экен деп коркуп алгам. Андайда элдин баары угуп калат да, эл да кеп кылды. Директор келип, “мындан кийин антпей жүр” деп акырын эскертти.
- “Алмаз” радиосунан кийин “Супер-Инфонун” да элегинен өткөн экенсиз?
– Ооба. Башында журналистика бардык жакта бирдей эле деп ойлочумун. “Супер-Инфо” мага жаңы эшикти ачып берди. Гезитте жумуш башкача экен, мага аябай кызыктуу болгон. “Супер-Инфодон” кийин “Санжырага” келдим. Кастингге келсем, “үнүң кырылдап турат экен” деп жактырбай коюшкан. 2-3 күндөн кийин кайра чалышты. Барсам, кайра текст окутуп көрүштү, дагы жактырбай жөнөтүп коюшту. Анан кайра чалып “ойлондук, келе бер” дешти. Тажрыйбам бар болгону үчүн жумушка алышты окшойт.
– Негизи диджейликке кызыгуу качан башталды?
– Кичинемде радио эмне экенин билчү эмесмин. Студент кезимде радио угуп, анан кызыга баштадым. Бара-бара радиодо иштейм деген кыял пайда болду. Күзгүнүн алдына туруп алып сүйлөп, акыркы акчама гезит, журнал сатып алып окуп, афоризмдерди жаттачумун. Анан бир күнү “Алмаз” радиосуна кастингге барып өтүп кеттим. Каникул учурунда баргам да, 3 айдан кийин окуу башталды. “Жумуштан кетем” десем, кетирбей алып калганга аракет кылышты. Көндүрүп алып калышты. Окуумду кийин уланттым. – Өзүңүз Нарындан болосузбу?
– Нарындын Жан-Булак деген айылынан болом, 7 бир тууганбыз, 6 кыз, 1 уул. Мен атамдын кызымын. Атам менен сырткы жумуштарды кылып жүрө берчүмүн. “Тегирменге ун тарттырып кел” деп жөнөтүп коюшчу. Кичинемде кепкенедей арык кыз элем, 1-класска барганда кадимки сумкаларды көтөрө албай, апам атайын кичинекей баштык тигип берген, ошону көтөрүп барчумун. Атам шамал болсо кызымды учуруп кетет деп сарсанаа боло берчү.
Келбетим апама, мүнөзүм атамдыкына окшош. Атама жакыныраак болдум. Мектептен келе жаткан жерде дөң бар. Ошого жеткенде атамдын караанын издейм. Анткени атам сыртка чыгып күтүп турчу, дөңдөн мени көргөндө дароо үйгө кирип, чай даярдачу. Дайым сууга жумуртка бышырып койчу. Келерим менен кийимдеримди чечип, жумурткасын аарчып берчү. Күндө ошентип тосуп алчу.
Менден эки жаш улуу эжем аябай тартиптүү, тыкан, таза кыз болду. Ал дайыма “диктор болом, кыпкызыл жолтандабас айдайм. А сенин күйөөң тракторист болот” дей берчү (күлүп). Анткени мен өзүмө каранбай жүрө берчүмүн, жуун десе каччумун. Эжелеримдин баары созулгандар, мен эле шамдагай, тың болдум. Чоңойсом атамды багам деп кыялданчумун. Ага унаа алып берем, үй салып берем дечүмүн. Атам да дайыма “ушул кызым кыйын чыгат” деп айта берчү.
– Эми жеке жашооңуз тууралуу сүйлөшсөк...
– Үй-бүлөлүүмүн, 2 балам бар. “Алмазда” тарбиялаган эжем, ал радионун жетекчиси болгон Жаркын Ибраева келин кылып алган. Анын инисине бүлө болуп бардым. Дагы бир кайнежем Шаризат Ибраева “Манас” радиосунда иштейт. Кайын журтум колдобосо мындай ийгиликке жетмек эмесмин. Аларга ыраазымын. Жолдошум кесиби боюнча экономист. Күйөрмандарымдан көп берилген суроо – “күйөөң кызганбайбы?”, “кайненең урушпайбы?”. Андай болсо иштемек эмесмин да, алар мени колдоп гана турушат.
Бардык адамдарга жага албайсың да, жаман көргөндөр бар. Керек болсо кайненеме "келиниңерди тыйбайсыңарбы, катуу кармабайсыңарбы" дегендер болгон. Бирок апам мага болушуп жооп берип коёт.
– Соңку суроо болсун, кайсы ырчы менен иштешүү жеңил?
– Фольклор ычылары менен иштешүү жеңил. Ал эми эстрада ырчылары менен иштешүү аябай оор, шумдук кыялдарын көрсөтүшөт кээ бирлери. Көбү айтылган убакта келишпейт. Жылдыз оорусу менен ооругандары бар. Миң жолу жылдыз болсоң деле ары жагыңда адамгерчилигиң болбосо болбойт да. Фольклор ырчылары жөнөкөй болушат. “Санжыранын” ачылышы менен алардын да багы ачылды. Анткени алардын ырларын башка радиолор алышпайт. “Кыргыз радиосу” алат, бирок эфирден көп беришпейт. Бизчелик көтөрмөлөшпөйт.
Перизат Музуратбекова