ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-сентябрдан 17-сентябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Аптада энергиялуу, аракетчил болуп чыга келесиз. Бирок канчалык өзүңүзгө ишенип турсаңыз да жакындардын, кесиптештердин жардамын, колдоосун четке какпаңыз. Бирөөлөр менен көз караштар төп келбей, талашып-тартышуулар орун алат. Эгер бир нерсени каалап жатсаңыз сөздү кыйытып отурбай, бетке эле айтуу керек болот, анткени кыйытып айткан оюңузду айрымдар түшүнө беришпейт. Үй-бүлөлүк маселелер жакшы жакка чечилет.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Аптанын башында ар кандай маселелерде чечим чыгарууда такыр шашпаңыз, “шашкан шайтандын иши” болуп ишиңиз тескери жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Андан көрө алдын ала анализ жүргүзүү сунушталат. Сезимиңизге эмес, акылга салып иш кылыңыз. Түгөйлөр ортосунда келишпестиктер чыкса, бойдоктор өзү каалагандай адамга туш болушу ыктымал. Өз дарегиңизге сындарды угасыз, кемчилигиңиз болсо моюнга алып койгон туура.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Келишим түзүү үчүн ылайыксыз күндөр күтүүдө. Ага өз пайдаңызды гана ойлогонуңуз себеп болот. Өткөн катачылыктарды эстеп өзүңүздү жек көрө бербей, андан сабак алууга убакыт келди. Жумушта ушак-айыңдын айынан келишпестиктер чыгышы ыктымал. Жумуш көп болуп жатса да жалгыз сейилдеп, чыгармачылык менен алектенип мээңизди сергитүү кийинки күндүн жемиштүү болушуна себеп болот. Сүйүктүүңүз менен мамиленин жаңы баскычына өтөсүз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Чагымчылдыкка туш болушуңуз ыктымал, сабыр кылып араздашуудан качыңыз. Башыңызга идеялар арты-артынан келет, баарын алдынкы убакта ишке ашырам деп ашыкпаңыз. Аларды кагазга жазып алып, ойлонуп кадам таштаңыз. Чарчап, эч нерсеге көңүлүңүз тартпай кыйнайт. Достор менен баарлашып, көңүлдүү убакыт өткөрүүнү сунушташат жылдыздар. Аптанын аягында таарынышып кеткен адамыңыз менен жарашып, жагымдуу жаңылыктарды угасыз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Жагымсыз жолугушуу орун алат, ал утурумдуу адам экенин эске алыңыз. Эч кимге убада бербей туруңуз, аткарылбай калып кепке каласыз. Апта ортосунда бардык жумушту бүтүрүп, өзүңүзгө өзүңүз канааттанасыз. Келишимдер ийгиликтүү болот. Сизге ишенген адамдарды баалаңыз. Ар кандай маселелерди ойлоно бербей, жашоодон ырахат алып жашаңыз. Алдыдагы аптага пландарды түзүп, сөзсүз аткарылуучуларын белгилеп алыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Ийгиликтүү апта, кыял, максаттарыңыздын орундалышына аракет кылсаңыз жемишин берет. Маанилүү маалыматтар менен кабардар болосуз. Кээ бир жагдайларды ойлонууга туура келет, болду-болбоду деп чечим чыгаруудан алыс болуңуз. “Иштин башы – ишемби” деген сизге тиешелүү, ойлоо жөндөмдүүлүгүңүз артып, жаңы иштерди баштайсыз. Бойдоктор өз сүйүктүүлөрүнө жолугушу мүмкүн. Сатып алуулар ийгиликтүү жүрөт.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Жаңы идеяларга, келишимдерге каражат салуудан абайлаңыз. Алгач маалымат чогултуп, анализ жүргүзүүгө убакыт бөлүңүз. Алдыдагы иштер сизден чечкиндүү чечимдерди, кадамдарды күтөт. Кызганычтын айынан пикир келишпестиктер орун алышы ыктымал. Бирөөлөр менен маанилүү маселе чечип жатсаңыз ички туюмуңуз алдабайт. Эс алуу күндөрү үй жумуштары менен алек болсоңуз эргүү тартуулайт.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Максат, тилектериңиздин аткарылышына кадам таштаңыз. Жемишин берет. Өнүгүүгө, жаңы нерсени үйрөнүүгө учур келди. Тоону томкорууга күчүңүз жетип турган убагы. Бакыттын даамы үйдө экенин да унутпай, жакындарыңыз менен бирге убакыт өткөрүңүз. Эс алуу күндөрү араздашууга туш болушуңуз ыктымал, сабыр кылыңыз. Хоббиңиз менен алектенип же жөн гана мээңизди эс алдырып эргүү алсаңыз болот.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Күрөшкө аттанып, башчылыкты колго алууда жакшы ойлонуңуз. Анткени сиздин ойду, багытты туура эмес дегендер чыгат. Активдүүлүгүңүз ашып-ташып, көп жумуш бүтүрөсүз. Күтүлбөгөн жагдайлар орун алат, тең салмактуулукту сактаңыз. Аптанын аягында чарчасаңыз да активдүү эс алууга чыгыңыз. Чыгаша-кирешени көзөмөлдөп, ашыкча чыгымдан алыс болуңуз. Насыя же бөлүп төлөө менен чоң нерсе алсаңыз кайтарууда кыйынчылыктар жаралат.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Алдыга койгон пландын тез арада аткарылышына ашыкпай туруңуз, жыйынтыгы сиз күткөндөй болбой калышы мүмкүн. Жакындарыңызга көңүл буруп, сүйүү, жылуу мамиле тартуулаңыз. Күтүлбөгөн белектерди берип кубантыңыз. Бирөөнү алдап кетүүдөн алыс болуңуз. Аптанын аягында ден соолугуңузга байланыштуу маселелер чыгышы ыктымал. Жан дүйнөңүздү байыткан, сизди кубанткан чыгармачылык менен алектениңиз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Бирөө сизге ишенип сырын айтат же жашыруун маалымат угасыз. Кандай уксаңыз ошол бойдон унутта калтыруу керек. Жагымдуу күндөр орун алат, жаңычылдыктарга ачык болуңуз. Алданып калуу коркунучу бар. Активдүү болуп, бардык кыйынчылыктарды чече аласыз. Келечек үчүн бекем пайдубал курууга же түгөйүңүздү табууга ылайыктуу учур. Эс алуу күндөрүн жакындар менен ачылып сүйлөшүп өткөрүңүз.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Сиздин айыңыздан араздашуулар келип чыгышы мүмкүн. Сиз тарапка айтылган сындарды кабыл алып, жакшы сапаттарыңыз менен абалды жакшыртыңыз. Чечкиндүү, активдүү болуп, алдыга койгон максаттарыңызга умтуласыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат. Ишти алдын ала пландап алыңыз, бул баарына жетишүүгө, эч нерсени унутпаганга жардам берет. Эс алуу күндөрүн көңүл көтөргөн адамдар менен өткөрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан