ИРЕТТҮҮЛҮК, ГАРМОНИЯ БАР ҮЙГӨ БАКТЫЛУУЛУК ОРНОЙТ

“Жашооңуздагы баш аламандыкты жөнгө салгыңыз келсе, анда үйдү иреттөөдөн баштаңыз”,- дейт чыгыш акылмандары. Албетте, бул айымдарга тиешелүү тема. Ошол эле учурда үйдөгү гармония жана бактылуулук эркектерди да ырахатка бөлөйт. Психология менен үйдү жыйноонун кандай байланышы бар экенин психолог Барчынай Кадырбекова айтып берет.

Психология менен үйдү жыйноонун кандай байланышы бар?

– Түздөн-түз байланышы бар. Анткени психология ойдон башталат. Ой жүгүртүү канчалык баш аламан боло турган болсо адамдын жашоосу да иретсиз боло баштайт. Тиричиликтеги бардык нерсе жашообузда чагылышат. Адамдын жашоосунда эң маанилүү убакыт уйкуга кетердеги, анан ойгонгондогу убакыт. Эки учурда адамдын ойлору таза, жыйынтыктуу болушу керек. Анан уктаганда баш аламан бөлмөдө уктаган кишинин ойлору кандай болот деп ойлойсуз? Же кир бөлмөдө ойгонгон адамдын маанайы кандай болот? Экөөндө тең сергектик жок, чарчаңкы болот да. Бул ошол күндүн жемишсиздигинен кабар берет. Ошол үчүн үйдүн жыйнактуулугу, гармониялуулугу жашообузга чоң таасир берет.

Абдан таза, тыкан үйдө баары жайында болот деген туурабы?

– Үй жыйноо десе эле тазалык деп түшүнүп алышат айрымдар. Тазалыкка караганда да ошол үйдүн гармониялуулугу, аурасы чоң роль ойнойт. Кээде таптаза, музейдей үйлөр болот. Бирок ичинде бакыт жок. Кеп тазалыкта эмес, ошол үйдүн кожойкесинин бактылуулугунда. Үйдү иреттөөдө эмнеге көңүл бурулушу керек? Аялдар өзү бардык нерсени автоматтык түрдө жасашат. Байкап көрсөңүз, чын дилиң менен кылган тамагың же үй жыйноо иштериң жакшы жыйынтык алып келет. Иреттөө да ырахат ала тургандай жасалышы керек. Ал үчүн ар бир буюмду карап “мунун менин жашоомдо функциясы барбы? Мени бактылуу кылып жатабы?” деп ойлонгон туура. Аялдар адатта көп нерсени чогултуп алышат. Ал өзүнө жагабы-жокпу, керекпи-керек эмеспи билишпейт деле. Алгач ошолордон арылуу керек. Үйдө сиздерге керек, сиздерди бактылуу кыла турган гана буюмдар болсун. Алар үйдү жакшы энергия менен толтуруп турушат. Эски, керексиз нерселерди бирөөлөргө белек кылып же ыргытып салганыңыз оң.

Үй ичи дайым баш аламан болгон кожойкелердин психологиясы кандай болот?

– “Сыйкырдуу үй жыйноо” марафонун өткөрө электе мен көп эксперменттерди жасадым. Психологиясын жакшы билген, жакын тааныштарымдын үйүнө атайын эле барчумун. Ичи баш аламан, системи жок үйдөгү аялдардын психологиясы так эле ошол үйдөгү атмосферадай болорун өз көзүм менен көрдүм. Адатта мындай аялдар табарман, эркектин ролун алып алган, барпаңдаган, колунда барын бирөөгө бергиси келген айымдар болушат. Бийлик жүргүзгүлөрү келишет. Бийлик – эркектерге тиешелүү нерсе, аялдарга тиешелүү нерсе – гармония, кут! Алар эркектин ролун алып алганы үчүн үйдө, жан дүйнөсүндө да баш аламандык бар. Мындай аялдар психологиясын оңдоп, жашоосун башынан карап чыгышканы оң. Аял аялдык табияты менен гана бактылуу боло алат. Алар үйдөгү таба албаган гармонияны сырттан издешет. Көп жоро-жолдош күткүлөрү келет.

Үй жыйноо мээге кантип таасир берет?

– Үй жыйноо философиясын түшүнүп алгандан кийин аялдарда жеңилдик пайда болот. Адам өзүн тааныганда гана ички бактылуулук келип чыгат. Кээде “мага эмне жагат? Кандай түс же кандай эмеректи жактырам?” деп жатып деле өзү тууралуу көп маалымат алса болот. Мисалы, мен үй жыйноону ырахат алыш үчүн жасайм. Ал иштерди жасап жатып буга чейин чечилбей жүргөн маселелерим чечилип калат өзүнөн-өзү. Баарын жууп, тазалап, ыргытчусун ыргытып салсаңыз жан дүйнөдө да тынчтык орун алып калат. Мээ өзүндөгү керексиз жүктөн арылгандан кийин жаңыча иштеп баштайт да, туурабы. Өзүбүз байкабай үй жыйноо аркылуу мээбизди жууп, тазалап жаткандай болобуз. Кээде өзүнчө эле шымаланып тазаланып каласың, бул түпкү аң-сезимдин сигнал берип жатканы.

Эмнеге бул теманын элге кеңири жайылышына кызыкдарсыз?

– Мен педагогика, психология боюнча изилдөөчүмүн. Алгач изилдөөнү өзүмдөн баштадым. Мен мурун ойлочумун, байлык болсо эле бакыт келет, үй-бүлөм аман болсо эле баары жайында болот деп. Ошол нерсеге жеткенден кийин дагы изилдениш керек болду. Өзүмдү казып отуруп жан дүйнөмдө баш аламандык бар экенин, көөдөнүмдө дагы деле бир боштук бар экенин сездим. Стоп! Демек, кептин баары байлыкта эмес экен да. Маселе аял катары дүйнө таанымда жаткан турбайбы деген нерсеге келдим. Карасам, өз жашоомдо ката кетирген жерим – ашканадан каччу экенмин. Үйдү иреттөөдөн качат экем. Бала кезимден эле мени сырттагы иштерге даярдашыптыр. Ошол жерден баары балалык программага жазылып калыптыр. Жолдошум мага эмнеге кордук көрсөтүп баштады? Анткени мен аял болууну экинчи планга жылдырып койгон экем. Ошондон баштап “сыйкырдуу үй жыйноо” марафонун баштадым. Жана жашоомду өзүм каалагандай өзгөртүп, айымдарга да жардамым тийди.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан