БИР БҮРКҮМ. СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...

  • Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы эсепчиси коррупциялык схемага аралашкан деп шектелүүдө.
  • Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.
  • 2023-жылдын 6 айында Кыргызстандан Орусияга 28 700 эмгек мигранты барганы расмий жарыяланды.
  • “Дордой” базарынын соодагерлери өкмөттүн салык саясатына нааразы болуп 4-сентябрда митингге чыгышты.
  • Бишкек мэриясы: 2024-жылдан тарта шаардын борбордук бөлүгүндө жалаң жаңы автобустар гана жүргүнчү ташый баштайт.
  • Ноокат райондук сотунун судьясынин милдетин аткаруучу чет өлкөнүн жараны экенин жашырып жүргөн.
  • Алайдагы Гүлчө дарыясына чакан ГЭС курулары айтылды.
  • Быйыл 1 миллион 278 миң даана окуу китептери басыларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
  • Өлкөдөн алтын буюмдарын алып чыгууга жардамдашкан деп “Манас” аэропортунун кызматкерлери кармалышты.
  • Кыргызстандан тоютту ЕАЭБде эмес өлкөлөргө сатууга убактылуу чектөө киргизилди.
  • Бишкекте быйыл “Кара-Кеченин” көмүрүн жагууга тыюу салынды, Казакстандын көмүрүн жагууга болот.
  • Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
  • Парламент төрагасы: “Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү маселеси күн тартибинен алына элек”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан