ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕГИ 5-МИКРОФОН “ӨЧҮРҮЛДҮ”

Адилеттик орнотуубу же сын айткандын оозун жабуубу? 2-сентябрь күнү “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы бийликтин башкы оппозиционери Адахан Мадумаров кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-октябрга чейин камакка алынды. Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси – мамлекеттик чыккынчылык боюнча айып тагылганын билдирет. Тагыраагы, 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн айыпталууда.

14 жыл мурунку талаштуу протокол...

2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр жер тилкесин (Баткендин Төрт-Көчө аймагы) Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон. Бул эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын Худжанддагы жумушчу жолугушуусунан кийин кол коюлган документ эле. Мадумаров ал протокол юридикалык күчкө ээ эместигин айтып келет. Анткени документ Кыргызстанда да, Тажикстанда да ратификациядан өткөн эмес. Аталган протоколдун юридикалык күчү жок экенин 2020-жылы теледебаттардын биринде азыркы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев да ырастаган. Ал эми 2022-жылы президент Садыр Жапаров укуктук күчү болбосо да Мадумаров кол койгон протоколду Тажик тарап чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө бетке кармап жатканын айткан. Тагыраагы, Тажикстан ал жерди “ижарага бергенбиз” деген шылтоого таянып өзүнүкү деп эсептеп жатат. Ал эми Кыргызстан ал тилкени тактала элек деп эсептейт.

Тагылган айып өзгөртүлдү

Быйыл 31-майда Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылып, анда Мадумаров 2 иш боюнча кылмышка шектелип жатканы айтылган. Алар “Бийликти күч менен басып алууга даярдык”, “Массалык баш аламандык уюштурууга даярдык” (ред.: Кемпир-Абад окуясы боюнча) жана “Бийликтен аша чабуу” (ред.: чек ара протоколу боюнча) беренелери эле. Парламент депутатты “бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча гана суракка алууга макулдук берген. Мадумаров кармалгандан кийин ага тагылган берене “Мамлекеттик чыккынчылык” беренесине алмашканы белгилүү болду. Демек, ага тагылган айып оорлошту. Азыркы тапта айрым депутаттар “башында эле Мадумаровго мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча айып тагылганда, анда депутаттар аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербейт болчу” деп жатышат.

“Бүтүн Кыргызстан”: “Протокол Мадумаровду “жок кылуу” үчүн шылтоо”

4-сентябрда “Бүтүн Кыргызстандын” саясий кеңеши Мадумаровдун кармалышы боюнча кайрылуу жасады. Анда партиянын мүчөлөрү 3 жылдан бери психологиялык басым, коркутууларга, кылмыш куугунтугуна кабылып келишкени айтылат.

- Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы катары өз алдынча чечим чыгарууга укугу да, мүмкүнчүлүгү да болгон эмес. Ал ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин тапшырмасын гана аткарган. Протокол Кыргызстандын парламентинде каралган эмес, демек, эч кандай күчү жок жана Тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанга тоскоол болбошу керек – деп жазылат кайрылууда.

Аталган протокол Мадумаровду жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясын “жок кылуу” үчүн жөн гана шылтоо болуп берди деп эсептейт партиянын саясий кеңеши.

Экс-премьер Феликс Кулов Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык, Мадумаровго тагылып жаткан берене боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтү 2019-жылы эле бүткөнүн айтып чыкты. Ал аталган протоколго кол коюуда Мадумаровдун юридикалык эмес, саясий гана күнөөсү бар деп эсептейт.

Адахан Мадумаров азыркы бийликтин башкы атаандаштарынын бири деп сыпатталат. Ал парламент трибунасынан, көбүнчө залдагы №5-микрофон аркылуу бийликке ачуу сындарды айтып келген. Мамлекеттик чыккынчылык – оор кылмыштардын бири, ага күнөөлүү деп табылган жаран 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан