МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ КЫЗМАТТАН БОШОТУЛСА, АЛЫМКАДЫР БЕЙШЕНАЛИЕВ КАЙРАДАН МИНИСТРЛИКТИ ЖЕТЕКТЕДИ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 7-сентябрь күнү кызматтан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, ал “кызматтык милдетин татыктуу аткара албады” деп табылды. Ушул аптанын башында аталган министр өзүнүн иш бөлмөсүндө парламент депутаты Эрулан Кокулов менен кайым айтышып, аны кезексиз кабыл алуудан баш тарткан. Министрге депутаттын эскертпей кирип келгени жаккан эмес. Эртеси парламентте депутат Мирлан Самыйкожо “же блогер бололу же депутат бололу” деп Кокуловдун аракетин сынга алса, эл өкүлү Шайлообек Атазов министр Иманалиевдин жоругун парламентти тоготпостук деп баалаган. Бул арада коомчулукта мектеп окуучуларына китеп жетишпей жатканы боюнча нааразычылык толкуну күч алды.

Ушул эле күнү эмгем, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова да ээлеген кызматтарынан бошотулду. Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан