СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Футбол: Кыргызстан Түштүк Корея менен кез келет

Футбол боюнча 23 жашка чейинки жаштар курамалары арасында Азия кубогу-2024 оюнуна тандоо туру өтүүдө. В тайпасында буга чейин Мьянма менен Кыргызстан кез келип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 6-сентябрда Кореянын Чханвон шаарындагы борбордук стадионундо ушул тайпадагы Катар менен Түштүк Корея беттешип, оюн 2:0 эсебинде Катардын пайдасына чечилди. Алгачкы голду 38-мүнөттө катардык Ахмед Алрави киргизип, кийинки голду 68-мүнөттө Тамин Мансур Алабдулла жаратты.

Белгилей кетсек, Катар курама командасынын оюндары жалпы турнирдик таблицага кирбейт, анткени бул өлкөнүн курама командасы үй ээси катары турнирдин финалдык баскычына түз жолдомо алган.

Эми 9-сентябрдан тартып 2-турдун оюндары башталат. Анда Кыргыз курамасы Корейлер менен ойносо, Катар Мьянма менен ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат, ал эми Катар Мьянма менен болгон беттеш ушул эле күнү 13:00дө орун алат.

12-сентябрда

Кыргызстан – Катар, 13:00

Түштүк Корея – Мьянма, 17:00

Азия чемпиондугунда Кыргыз таэквондочусу коло медаль тагынды

Ливандын борбору Бейрутта 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин таэквондо боюнча өспүрүмдөр жана кадеттер арасындагы Азия чемпиондугу өттү. Анда кыргызстандык спортчу Абдулазим Абдурахимов коло медалдын ээси боло алды.

Бул тирнирге Кыргызстандын атынан сегиз кишиден турган команда барып, аны өлкөбүздүн башкы машыктыруучусу Дмитрий Ли жетектеди.

78 килограммдан жогорку категорияда катышкан Абдулазим Абдурахимов алгачкы эки беттеште Индия менен Монголиянын таэквондочуларын жеңип, жарым финалга бет алган. Бирок ирандык Рахманирад Амирмохаммадга жеңилип, үчүнчү орунду камсыздады.

Белгилей кетсек, Абдулазим Абдурахимов машыктыруучу Искендер Осмоновдун тарбиялануучусу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан