Мавлян Аскарбеков, саясатчы: “ОКУГАНГА КИТЕП ЖЕТПЕСЕ, ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕРДИН ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР?”

Каарманыбыз Мавлян Аскарбеков мурда жаш саясатчы аталып жүрчү. Азыр эми убакыт башка, анын саясий талаада жүргөнүнө 20 жылдан ашып калыптыр. “Менде деле чоң кызматты ээлеп, уурдап, жеп-ичип бай жашоого мүмкүнчүлүк болгон, бирок ал менин жашоо принциптериме туура келген жок”,- дейт ал. Өлкөнүн азыркы абалы, келечеги тууралуу пикир алыштык Мавлян мырза менен.

– Соңку аптанын негизги окуясы Адахан Мадумаровдун кармалып, камакка алынышы болду окшойт. Кандай ойлойсуз, башкы оппозиционердин кармалышына негиз барбы же жокпу?

– Биринчиден, окурмандарга ачык айта кетейин, мен Мадумаровдун тарапташы, партиялашы эмесмин, тескерисинче, анын саясий позициясын колдобогон адаммын. Бирок анын кармалышы боюнча калыс сөзүмдү айтам. Жогорку Кеңештин депутаты, фракция лидери, өзүн оппозиционер катары жарыялаган адамдын “14 жыл мурун протоколго кол койгон” деген айып менен кармалышы туура эмес. Көчөдө жашы жете элек баласы менен жүрсө автоматчан оперлер кармап кетиптир, баласын 3 сааттай кармап отурушуп, өзүн камашкан. Тергөөгө чакырышса ал киши өзү деле бармак. Анан да Мадумаровго кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттен уруксат алып жатышканда “бийликтен аша чабуу” беренеси менен иш козголушу мүмкүн дешкен. Эми ал беренени “мамлекеттик чыккынчылык” беренесине өзгөртүп салышыптыр. Бийлик саясий ишмерлерди, депутаттарды камоо менен өзүнө упай топтой албайт. Мамлекеттик реформаларды, комплекстүү иштерди жасаганда гана бийлик элдин ишенимин алат. Мисалы, быйыл жаңы 40 мектеп ишке кирди деп жатышат, бирок элдин баары китеп жетишсиздигин айтып даттанууда. 40 мектеп салып эмне кереги бар, окуганга китеп жок болсо?

– Айрым депутаттар “Мадумаровдун иши боюнча биз алданып калдык, ага башка берене менен иш козгошмок” деп жатышат...

– Аларга кошулбайм, парламент алданган жок. Мадумаровго иш козголуп камаларын алар уруксат берип жатканда эле билишкен. Мындай болорун билген эмеспиз дегени – өздөрүн жана бүтүндөй элди алдоо. Парламент бүгүнкү күндө циркке айланып калды. Алардын каникулдан кийинки биринчи иш күнү эмнеден башталды? Эрулан Кокулов кафеден таракан издегендей министр Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө кирип барып ызы-чуу кылды дегенден башталды. Аны калкалап жаткан кесиптештерине айтат элем, достуктан да калыстык менен акыйкаттык жогору. Дискотекага кепка кийип кирем же министрдин иш бөлмөсүнө кезексиз кирем деп ызы-чуу салбай эле, жакшы мыйзам жазып “хайп” кармаса болот беле? Ага добуш берген 19 миң адамдын үмүтү эмнеде эле? Парламенттен Кемпир-Абад сыяктуу окуяларда, адилетсиз камалса, куугунтукталса, жер-суулар боюнча элдин таламын талашсын деп шайлаган да. Ушундай жоруктары менен депутаттар эл берген ишеним лимитин түгөтүп бүтүштү. Кафе-ресторандардагы тамак-аштарды сындап жүрүп депутат болду. Кана, ошол боюнча бир мыйзам жаздыбы?

– “Бийликке жаштар келсин” деп ураалаган деле туура эмес сыяктанат. Жоругу эски саясатчылардыкынан ашып түшкөн жаштарды көргөндөн кийинки ой...

– Биздин улуу муун 70 жыл коммунизм идеологиясы менен тарбияланып, ал нерсе канына сиңип бүттү да. Союз учурунда түзүлгөн планды гана аткарышкан. “Бул менин мамлекетим, бул элге мен жооп берем” деген түшүнүк жашаган эмес, аткаруучу күч гана болушкан. СССР ураганда Чыгыш Европада атайын мыйзам кабыл алышып коммунисттердин баарын мамлекеттик башкаруудан кетирип, люстрация кылышкан. Бизде люстрация мыйзамы ишке ашпай, мурунку коммунисттер кийин либерал-демократ болуп чыгышпадыбы. Ошол идеология менен тарбиялангандар азыр бийликте отурушат. Биздин кадрларыбыз аке-үкө, куда-сөөк, тааныш-билиш, тиги министрдин баласы, бул министрдин ойношу болуп жатса кантип реформа жасайбыз? Мисалы, азыр Жогорку Кеңеште бир депутат кыз бар, саясат, коомдук иштер боюнча такыр түшүнүгү жок. Болгону атасы бай, 300 миң доллар берип депутат кылып отургузуп койгон. Андай депутаттан мамлекет пайда эмес, зыян тартып жатат.

– Саясатка аралашуу бул жеке тандооңузбу же кайсы бир жагдай түрткү болгонбу?

– Жеке тандоо – бул жагдайлардын негизинен келип чыгат да. Мен Бишкекке 1998-жылы айылдан бир жаман бут кийимчен келген баламын. Мага окшогондор бүгүн миңдеп саналат. Ошол каатчылык жылдары жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтүп кеткем. Жатаканада жашадым. Базарда мүшөктөп күрүч, рожки сатчумун. Ошол күндөрү “эмнеге саналуу адамдардын балдары мамлекетти тоноп бай жашап, жалпы кыргыз эли кедей жашашы керек” деп ойлонор элем. Ичтеги нааразычылыктар толуп отуруп, 2005-жылы Аскар Акаевдин бийликтен кетишин талап кылып пикетке чыкканбыз. Ошондон бери саясий талаада жүрөм.

– Саясаттан тышкаркы кызыгууларыңыз тууралуу сүйлөшпөйлүбү?

– Кеч үйлөндүм, 33 жашымда. Учурда 3 кызым бар. Улуусу 4-класста окуйт, кичүүсү кечээ 1 жашка чыкты. Жумасына 3 жолу футбол ойнойм, бош убакыт болгондо мотоцикл айдайм. Жашоодо “биринчи элде болсун, анан менде болсун” деген принцип менен жашайм. Депутат Акбөкөн Таштанбеков өткөндө бир эфирде мени “Жээнбековдун тушунда сен деле мамлекеттик кызматта иштеп жүрбөдүң беле” деп кекетти. Мен 4 жыл Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп иштегем. Сынак аркылуу дайындалгам, ал кызмат бир нерсе чечип жиберчү кызмат эмес өзү. Айлыкка иштөө чынында аябай кыйын болду мага. Тажрыйба топтоюн, мамлекеттик системди ичинен байкап көрөйүн деп баргам ал кызматка.

– Учурда Ленин райондук округунан депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери кызуусунда. Бизде шайлоодо башында эле талапкерлер бири-биринин өткөн-кеткенин чукуп башташат, негизи саясий атаандаштык кандай жүрүшү керек?

– Мен өзүм бир нече жолу шайлоого катышкан адам катары жаңы шайлоо мыйзамындагы мүчүлүштүктөрдү жон терим менен сезип көргөм. 2020-жылда кабыл алынган жаңы Конституциядагы шайлоо мыйзамы чийки болуп калган, бул тууралуу президентке да сунушумду айткан болчумун. Азыр талапкерлердин көбү көчөдө каңгып жүрүшөт эл кыдырып. Андай болбош керек да. Баары элди чогултушсун да, бирден трибунага чыгып программалары менен тааныштырсын. Шайлоо мыйзамына мыкты адистер менен концептуалдуу өзгөртүүлөрдү киргизсек ошол жакта саясий атаандаштык кандай жүрүшү керектиги так, даана жазылат. Болбосо ырчы, блогерлер мактаган талапкерлерге эл ишенип добушун бере берет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан