НЕВРАЛГИЯ – БЕТТЕГИ, ЖЕЛКЕДЕГИ НЕРВДЕРДИН СЕЗГЕНИШИ

Тааныштарыбыз кээде “желкем ооруп, кыймылдатпай калыптыр, ток тарткандай оорутуп жатат” деп калышат, угуп эле жүрөсүз. Бул баягы “жаздыкка туура эмес жатып алуунун” кесепети эмес, невралгия деп аталган оорунун белгиси. Бишкектеги №1 клиникалык оорукананын ангионеврология бөлүмүнүн башчысы Туратбек Кадыров ушул оору тууралуу айтып берди.

Жаракат, инфекция, суукка урунуудан пайда болот

- Адамда перифериялык нервдер бар, бул - мээ жана жүлүндөн тышкаркы нервдердин системи. Андай нервдер кабырга, тери, булчуң, ички органдар, былжыр чел, бет, кежигеде жана башкаларда болот. Милдети – нейрондор аркылуу берилген маалыматтарды (мисалы ысык, муздак) баш, жүлүн, ткандар менен алмашып туруу. Ушинтип организмдин түрдүү бөлүктөрүндөгү нервдер бир бүтүндүктө иштейт. Перифериялык нервдердин жабыркашы “невралгия” деп аталат. Көбүнчө ичке канал, тешикчелерден чыккан нервдер жабыркайт. Невралгия дененин каалаган бөлүгүндө жаралышы мүмкүн. Адатта дарт жаракат, инфекция, суукка урунуудан пайда болот. Жабыр тарткан нервдерди дарылабаса анын түзүлүшү өзгөрүп, сезимталдыгы күчөйт.

Невралгия адамды өлүмгө чейин жеткирбейт, бирок катуу оорутуп жанды кыйнайт. Убагында дарыланбаса оору өнөкөт түргө өтүп, жылдын суук мезгилинде көп кармайт. Невралгия беттеги үчилтик, кабырга аралык, жамбаштын терисиндеги, беттеги, кежигедеги нервдердин невралгиясы жана башка деп бөлүнөт. Булардын ичинен көп кездешкендерине токтоло кетели.

Кабырга аралык невралгия

- Адам организминде кабыргалар аралык 12 жуп перифериялык нерв бар. Алар жүлүндөн, омурткалардын тешикчелеринен чыгып, кабыргалардын алды жагында кан тамырлар менен катар жатат. Бул нервдер көкүрөктөгү тери жана булчуңдарды, сүт бездерин, кабыргаларды жаап турган чел кабыкты, курсак көңдөйүнүн үстү жагын иштетишет. 12 жуп нервдин кайсынысы сезгенсе да невралгия жаралат. Сезгенген нерв шишип кетет да, жанындагы кан тамырдын айынан кысылып калат. Омурткалардын жылып кетиши, кыйшайышы, омуртка дискинин бузулушу, омурткалар аралык грыжа, кабыргалардын кыйшайышы жана сынышынан да нервдер кыпчылып, жанчылып калат же үзүлөт. Кабырга аралык невралгия оң же сол тарапта, же эки тарапта тең кездешиши мүмкүн.

Оорунун белгилери:

• Кабырганын кескин сайгылашып, приступ сымал катуу оорутушу

• Булчуңдардын жансыз тартып, чымырашы. Кумурска жөргөлөп жүргөндөгүдөй сезимдин жаралышы

• Ысып, көп тердөө

• Нерв сезгенген жердин терисинин айланасынын кызарышы же агарышы

• Адам кыймылдаганда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, күлгөндө, катуу дем алганда оорунун күчөшү

• Оорутуунун далы, моюн, курсакка чейин тарашы

Оорунун белгилери жүрөк ооруларына окшошуп кетет, так диагнозду врач гана коёт.

Себептери:

• Омурткалардын жылып кетиши, кыйшайышы, омуртка дискинин бузулушу, омурткалар аралык грыжа, остеохондроз

• Кабыргалардын кыйшайышы жана сынышы

• Инфекциялык оорулар. Мисалы кургак учук, сасык тумоо

• Кан тамырлардын патологиясы (үзүлүшү, аневризм, стеноз же кан тамырдын бүтөлүшү), нервге жакын өскөн шишик

• Нервдер жайгашкан жерге жакын мурда жасалган операциялар

• Катуу суукка урунуу

• Курсактагы басымдын жогорулашы, кош бойлуулук

• Кант диабети

Диагноз

• Электрокардиограмма. Бул жүрөк-кан тамыр оорусу бар же жок экендигин аныктоо үчүн керек

• Магниттик-резонанстык томография. Мындан кайсы жердеги нервдин сезгенгени, рактын бар же жок экени билинет

• Курсак көңдөйүнүн УЗИси

• Гастроскопия. Ашказанда белгилери невралгияныкына окшош оору бар же жогу аныкталат

Дарылоо

Дарылоодо дары-дармектер жана физиотерапия керектелет. Бейтаптын жаткан жери тегиз, катуу болушу шарт. Төмөнкүдөй дары-дармектер берилет:

• Оорутууну басып, сезгенүүнү азайтып, шишикти кетирүүчү

• Булчуңдардын карышып, тартылышын (спазм) жок кылуучу

• Нейропротекторлор. Булар нерв клеткаларында зат алмашууну жакшыртат

• B тобундагы витаминдер топтому

• Хондропротекторлор. Булар нерв ткандарынын сезгенүүдөн улам түзүлүшүнүн бузула башташына бөгөт коёт

• Нерди тынчтандырып, уйкуну калыпка келтирүүчү

• Заара кубалоочу. Булар нерв ткандарынын шишигин кетирүү үчүн керек

Физиотерапия

• Магниттик терапия. Организмдеги зат алмашууну күчөтөт, булчуңдардын карышып, тартылышын жок кылат

• Лазердик терапия. Сезгенүүнү, оорутууну азайтат

• УВЧ-терапия. Организмдин коргонуу күчүн жогорулатат

• Электрофорез. Дарыны сезгенген жерге жеткизип, эрте айыгууга шарт түзөт

• Массаж

Кежиге нервинин невралгиясы

- Кежигеде жүлүндөн башталып, 2-3-моюн омурткаларынын каналчалары аркылуу чыгып, өйдөгө, кара куш тарапка кеткен 2 чоң жана 2 кичине перифериялык нерв бар. Алар желкенин 2 жагында жуп болуп жайгашкан. Кайсы бир себептерден улам кыпчылып, кысылып, үзүлүп же катуу суукка урунушу мүмкүн.

Себептери:

• Такай бир орунда узакка отуруудан, иштөөдөн (айдоочулар, кеңсе кызматкерлери, окуучулар, студенттер) моюн, далы булчуңдарынын катуу чыңалышы.

• Моюндан сокку алуу, бир нерсеге катуу урунуу, остеохондроз же моюн омурткаларынын жылышып кетиши, омурткалар аралык грыжа. Булардан улам нервдер кыпчылып же кысылып калышы мүмкүн

• Моюндагы вена кан тамырынын кеңейип кетиши. Мындайда нерв кысылып калат

• Нерв чыгуучу каналдын ичкерип кетиши

• Кызыл жүгүрүк, кант диабети, подагра, ревмотоиддүү артрит, омуртканын кургак учук оорусу, инфекциялар, катуу суукка урунуу да нервдин сезгенишин жаратат

• Баштын же моюндун рагы

Оорунун белгилери:

• Кежиге, моюн, кулактын артындагы ток тарткан, бир нерсе сайган сымал оорутуу. Оорутуу көзгө чейин жетиши мүмкүн

• Баштын катуу лукулдатып оорутушу. Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, кыймылдаганда оорутуу огобетер күчөйт

• Оорутуу приступ менен коштолот, ал бир нече секунддан бир нече мүнөткө чейин созулуп турат. Приступ кармаганда адам кусуп жибериши ыктымал

• Ооруган жерди кармаганда, моюнду кыймылдатканда, чач тараганда оорутуунун күчөшү

• Баш, көңүл айланышы мүмкүн

Диагноз

• Моюн омурткаларынын рентгени жана компьютердик томографиясы

• Моюндагы артерия кан тамырларынын допплерографиясы

Дарылоо

• Оорутууну азайтуучу, сезгенүүнү кетирүүчү дары-дармектер

• Физиотерапия

• Ийне терапиясы

• Дарылык физкультура

Беттеги үчилтик нервдин невралгиясы

Үчилтик нерв баш сөөктөгү ичке каналчадан чыгып беттеги мимикалык булчуңдарды иштетет. Нерв менен катар эле кан тамыр жайгашкан. Ошол нерв жаракат, катуу суук тийгенден, бет сөөгүнүн сынышынан, гаймориттен, ириңдеген тиштен жана башкалардан улам сезгенет. Башкача айтканда суук менен бактерия, вирустар оорунун башкы козгогучу. Алардын айынан нерв шишип, ордуна батпай, жанында жаткан кан тамырга кысылып калат. Кысылып калган нерв бет булчуңдарын иштете албай, булчуңдар шалга айланат. Беттин сезгенген тарабы (көз, мурун, ооз) кыйшайып калат.

Диагноз

• Нервдердин электронейромиографиясы

• Электроэнцефалография

• Компьютердик томография

• Анализдер

Дарылоо

• Дары-дармектер менен дарылоо. Оорунун козгогучуна жараша антиботик же вируска каршы дарылар, шишикти кетирүүчү, кан тамырды кеңейтүүчү каражаттар, витаминдер керектелет

• Физиотерапия

• Дарылоо жардам бербеген учурда операция жасалат. Кан тамыр менен нерв ажыратылат

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан