Ырларына жан киргизген ЭД ШИРАН

Романтиканын “атасы” Эд Ширан. Анын ырларын дүйнө жүзү угат, ырдайт. “Эд ырларына жан киргизет, ар бир адамдын жашоосунда болуп өткөн, болуп жаткан, боло турган окуяларды кошо алат”,- дешет музыка сүйүүчүлөр. Бул ырчынын ырларын сиз да уккансыз, окурман. Тиктоктон, инстаграмдан, кафеден, караокеден же башка жерден... Эми музыканттын өмүр баянына да көз жүгүртүүгө убакыт жетти.

Аты-жөнү: Эдвард Кристофер Ширан

Туулган жери: Англия, Галифакс

Туулган жылы: 1991-жыл, 17-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 172 сантиметр

Кесиби: ырчы, композитор, актёр, продюсер

Белгилүү ырлары: «Thinking Out Loud», «Photograph», «The A Team», «Shape of You», «Perfect» жана башка

Үй-бүлөсү

Бир нече “Грэмми” сыйлыгынын ээси Эдвард Кристофер Ширан Англиянын Галифакс шаарында жайгашкан Уэст-Йоркшир графтыгында жарык дүйнөгө келген. Эддин агасы Мэтью инисиндей атактуу болбосо да, өз күйөрманы бар чыгармачыл адам. Ал эми ата-энеси искусство адамдары, экөө тең сүрөт галереяларында арт-кеңешчи кызматын аркалашкан.

Музыкага алгачкы кадам

Азыр Эд ондон ашык музыкалык аспаптарда кол ойното алат. Арасынан эң сүйүктүүсү гитаралары. Бул аспаптарды баалаганы ушунчалык, ар бирине өзүнчө ысым ыйгарган: Феликс, Сирил, Найджел жана Ллойд деп. Сары жигиттин музыкага жакын экени эрте эле билинип, 4 жашта чиркөө хорунда ырдап баштаган. 11 жашында өжөрлүгүнө салып жатып гитара черткенди үйрөндү. Мектепте окуп жүргөндө кадимкидей ырдын сөздөрүн жазып, ага обон чыгарганга жарап калган.

Билими

Ата-энеси уулдарын концерт, музей, опера, театр сындуу маданий жайларга байма-бай алып барып турар эле. Ушул себептен да балдары чыгармачыл чөйрөнү сүйүп, анын сыйкырына сугарылып чоңоюшту окшобойбу. Өспүрүм куракка келгенде музыкалык карьерага олуттуу көңүл буруш үчүн чоң шаарга барыш керектигин түшүнгөн Эд Лондонго көчүп келген. Анан Улуттук жаштар театрына орношуп, эл алдына чыгып концерт коё баштады. 17 жашка чыгып Заманбап музыка академиясынын студенти болуп жүргөндө эле эсебине 200-300 концерт кошулган.

Feat’тер

“Forbes” журналы Эд Ширанды 30 жашка чейинки британиялык эң бай музыканттардын катарына кошкон. Анын ырларын сатып алабыз деп кезекке турган белгилүү ырчылардын саны канча. Элтон Жон, Тейлор Свифт, Фаррелл Уильямс, Бейонсе сындуу ырчылар, “The Rolling Stones”, “One Direction” топтору менен дуэттер чыкты хит болуп.

Карьерасы

2010-жылы эч кандай таанышы, келишим түзгөн компаниясы жок эле АКШга сапар алган. Анын тандоосу Лос-Анжелес эле. Көчөлөрүндө эл кайнаган калаанын көптөгөн жерлеринде ырдады, чыгармаларын интерент желесине үзбөй таратып турду. Эдди музыкант катары тааныгандардын саны көп эле болуп калган. Бир күнү анын үнү популярдуу актёр Жейми Фокско жеткен. Актёр Эд менен таанышып, өзүнүн радиоберүүсүнө чакырган. Көп өтпөй ага “Atlantic Records” лейбли байланышка чыгып, иштешүү келишимин сунуштаган. Мына ушундан тарта Эд Ширандын сахнага профессионалдык кадамы ташталды.

Математикалык эсеп

Азыр музыканттын эсебинде кичи-альбомдорун кошпогондо толук кандуу 6 музыкалык ырлар жыйнагы бар. Ыр жыйнактарынын аттары да өзгөчө, тагыраагы, математикалык эсептөө белгилерин колдонгон.

2011-жылы алгачкы “+” альбому жарыкка чыкты. Андан сырткары “×” (2014-жыл), “÷” (2017), “No.6 Collaborations Project” (2019), “=” (2021), “-“ (2023) аталыштагы ырлар жыйнагы бар. Өзүнүн музыкалык стилине поп, фолк-поп, софт-рок, рэп багыттарын камтыган ырчынын ар бир альбому жарык көргөн сайын музыка дүйнөсүнө жаңылык жасап, мен-мен деген сыйлыктарды алып кетет. Кызыгы, 2018-жылы кезектеги “Грэмми” статуэткасын уткан Ширан сыйлык тапшыруу аземине келбей койгон. Музыкант сыйлык аларын унутуп, ошол күнү уктап калганын, эртеси сыналгыдан көрүп эстегенин айтып уюштуруучулардан кечирим сураган.

Актёр

Ондогон тасмаларга саундтрек жазган музыкант өзүн актёрдук кесиптен да сынап көргөн. Бирок көзгө көрүнөрлүк башкы ролдору жок. Ошентсе да бир нече тасмаларда экинчи планда тартылган. Айрымдарын эске салсак: «Шортланд Стрит», «Домой и в путь», «Непригодные для свиданий», «Палач-бастард», «Игра престолов», «Современная любовь» жана башка тасмалар.

Жүрөгүнүн ээси бар

Музыкада уста аталган Эд айымдар менен сүйлөшүүгө келгенде уялчаак мүнөзгө ээ болгонун айтат. Анан карьерасы өргө чыгып, аты көпчүлүктүн оозунан түшпөй калган маалда ырчы, модель Нина Нессбит менен сүйлөшкөн. Экөөнүн махабатынын жемиши болуп бир нече мыкты ырлар калды. 2015-жылы Эддин жаңы сүйүктүүсүнүн аты белгилүү болду. Хоккейчи Черри Сиборн менен бир мектепке барган жакшы тааныштардан болчу. Тааныштык достукка, анан сүйүүгө өтүп 2018-жылы түгөйлөр нике шакегин тагынышты. Экөөнүн эки кызы бар. Аларга ысым ыйгарууда да Эддин фантазиясы жакшы иштеген, улуу кызынын аты Лайра Антарктика, экинчисиники болсо Юпитер.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан