ОПЕРАЦИЯЛЫК МЕДАЙЫМ – ХИРУРГДУН ОҢ КОЛУ

Бейтапка кандай операция жасалбасын аны хирургга ассистенттик кылган операциялык медайымсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Алардын бири Мамбет Мамакеев атындагы хирургиялык борбордун кызматкери, 36 жаштагы Рахат Жумабаева. Каарманыбыз кесиби, анын күнгөй-тескейи тууралуу кеп салып берди.

– Рахат айым, медайымдык кесипти кандайча тандап алгансыз?

– Окуучу кезде эле медайым болгум келчү. Бирок мектепти бүткөн соң белгилүү себептерден улам башка кесипке окуп, электр менен камсыздоо адистигине ээ болдум. Ошентсе деле адистигим боюнча иштегим келген жок. Турмушка чыккан соң медициналык колледжде окуп, медайым болуп чыктым. Анан хирургиялык борборго ишке орношуп, иштегениме быйыл 4 жыл болду.

– Операциялык медайым деген ким жана анын милдеттери кандай?

– Биздин борбор хирургиялык борбор болгондуктан суткасына 25-30 пландалган жана шашылыш түрдөгү, кечиктирилгис операция жасалат. 1 операциялык блок, 7 операциялык зал бар. Операциялык блок бөлүмүндө 20 операциялык медайым, 15 кичүү медициналык кызматкер (санитар) иштейт. Иш 2 нөөмөт менен жүрөт. Биринчи нөөмөт эртең мененки саат жети жарымдан түшкү 2ге чейин. Бирок операция 2де бүтпөй калса, бүткөнчө катышууга туура келет. Анан түнкү нөөмөттө иштей тургандар келет.

Биз планга жараша кээде күндүз, кээде түнкү нөөмөттө иштейбиз.

Ооруканада сепсистик гинекология, өт жолдору жана уйку бези, ашказан жана 12 эли ичеги, боор, ичеги, ириң, көкүрөк көңдөйүнүн ооруларынын хирургиялык бөлүмдөрү бар.

Андыктан кайсы бөлүмгө тиешелүү операция болсо да операциялык медайым катышат. Ошондуктан бизди универсалдуу медайым десе болот. Ишибиз өтө оор. Операция 1-10 саатка чейин созулушу мүмкүн. Ошончо убакыт тикебизден тик турабыз. Дааратканага барууга, суу ичүүгө да уруксат жок.

Биздин иш күнүбүз операциялык залда өтөт. Операциялык зал болсо оорукананын жүрөгү. Тазалык, стерилизация, тынчтык, жымжырттыктын ордосу. Зал 24 саат бою операцияга даяр турушу зарыл.

Биздин милдеттерибиз булар:

• Операциялык залдагы керектүү материалдардын, аспаптардын жана шаймандардын тизмесин алуу жана сактоо

• Залды жана операция өтүүчү орунду операцияга даярдоо, стерилизациялоодон өткөрүү

• Хирургиялык аспап, тигүү жана таңуу үчүн керектүү материалдарды даярдоо

• Керектүү аппараттардын иштешин текшерүү

• Хирургга ассистент болуу, анын айткандарын толугу менен аткаруу

• Операциядан кийин тезинен, ыкчам түрдө операциялык залды, аспаптарды тазалап, стерилизациядан өткөрүп, кийинки операцияга даяр кылуу. Кичүү медициналык кызматкерлердин (санитарлар) ишин текшерүү.

• Медициналык таштандыларды утилизациялоого жеткиртүү

• Кийинки операцияга ар дайым өзүңдү даярдоо

Кыскасы, биз операциялык залдын жооптуу кожойкесибиз.

Хирург менен операциялык медайым – бул бири-бирин көз караштан, жарым сөздөн түшүнгөн тандем. Операциянын ийгилиги хирург менен кошо эле медайымдын профессионалдуулугу, тажрыйбасынан да көз каранды. Бизсиз хирургду колу жок хирургга салыштырса болот. Ал колун суна электе кайсы аспапты беришиңди билишиң керек.

Бизде, жогоруда айткандай, көп бөлүмдөр бар. Аларда көптөгөн хирургдар иштейт. Операция жасоо жолдору ар башка. Биздин иштин кыйынчылыгы да ушунда. Кимиси кайсы операцияны кандайча жасаарын билип, кайсы аспаптан кийин кайсыны узатууну жаттап алып, ошого жараша иш кылуубуз зарыл. Хирургдун иши операция жасоо менен бүтөт, а биздин ишибиз андан ары уланат.

Негизинен бизге жоопкерчилик, ишке тактык, тез реакция жасай билүүчүлүк, кыраакылык сапаттар керек.

– Шашкалактап хирургга эмне аспапты берүүнү билбей калган учурлар болобу?

– Мындай учур жаңыдан иштеп жаткандарда болушу мүмкүн. Негизи мындайга жол берилбейт. Окуп жүргөндө практикадан толук үйрөнүп келишет. Мисалы, кан тамырдын кесилген жерин кыпчып, канды токтотуш керек учурда кыпчуурдун ордуна башканы берип калсаң, ошол 3-4-секунд ичинде көп кан агып, ичке толо баштап, операциянын жүрүшүнө тоскоол болот. Бейтап да канча бир өлчөмдө канын жоготот.

– Медайым катары өз алдынча биринчи кирген операцияңыз эмнеси менен эсиңизде калган?

– Биринчи жолу сокур ичегини алуу операциясына киргем. Керектүү аспаптарды туура эле таап берип жатамбы деп хирургдун көзүн карай берип, коркком. Бирок ишим ойдогудай болгон.

– Медицина өнүккөн сайын операция жасоонун жаңы ыкмалары, жаңы аппараттар чыгууда. Аларды кандайча өздөштүрөсүздөр?

– Жаңы ыкма, жаңы аппарат кирген сайын бизди окууга жөнөтүп, окутуп-үйрөтүп турушат.

– Операцияны баштан өткөргөн бейтаптар кийин сиздерге алкыш айткан учурлар болобу?

– Чанда болот. Анткени аларды операцияга алып келгенде биз халат, чепчик, беткап менен болгондуктан таанып калуулары кыйын. Алардын болсо ойлору башкада болот. Операция бүткөндөн кийин жандандыруу бөлүмүнө алып кетишет. Бирок биз айрым бейтаптарды кайсы бир өзгөчө белгисинен улам кийин таанып калышыбыз мүмкүн. Мисалы, мен моюнунда татуировкасы бар бир бейтапты эстеп калгам. 3-4 күндөн кийин корридордо басып жүргөнүн көрүп, "жакшы болуп калыптыр" деп кубангам.

– Кээде туугандардын операциясына да катышууга туура келип калса керек?

– Андайга катышпайм, чыдабайм. Башка медайымдан суранам катышып бер деп. Башкалар деле ушинтишет.

– Оор операциялар тууралуу айтып берсеңиз...

– Мушташып, бир нече жерине бычак сайылган, же атылган октон улам ички органдары тешилген жана башка себептерден оор абалда түшкөндөр болот. Бир ирет жашы кырктардагы кишини алып келишти. Бычактын мизи жүрөгүнө, өпкөсүнө чейин кирип кеткен. Операция 5 саатка созулуп, ийгиликтүү жасалган. Ошол бейтап жакшы болуп кеткен.

– Хирург канчалык аракет кылганы менен, бейтап операциядан чыкпай калган учурлар болот эмеспи. Андай учур оор тийсе керек?

– Андайлар болот. Адатта алар оорусун өтүштүрүп жиберип кеч келгендер, өздөрү жашаган аймактан жасаткан операциясы туура эмес болуп, өмүрү кыл учунда турганда бизге кайрылгандар жана башкалар болот. Мисалы, ичегисинин кан тамырынын бир жерине кан уюп, ошондон улам андан ары кан өтпөй ичегилери карайып, жарабай баштаган мырзага операция жасаганбыз. Ата-энеси жок, балдары, жубайынын жалгыз тиреги экен. Хирургдар аман алып калууга далалат кылды, бирок алар баары бир Кудай эмес да, каза болуп калды. Ошондо балдарын ойлоп абдан капалангам.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.

– 3 балам бар. Жолдошум жеке фирмада иштейт.

– Ишиңизге ийгилик!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан