ДҮЙНӨЛҮК ШОУ-БИЗНЕС ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Канье Уэст жана анын аялына Венецияда өмүр бою кайыкта сүзүүгө тыюу салынды

Венецияда кайыктарды ижарага берген компания Америкалык рэпер Канье Уэст жана анын аялы Бьянка Цензориге алардын кызматынан пайдаланууга тыюу салды. Бул тууралуу Daily Mail гезити жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Venezia Turismo компаниясы алардын адепсиз аракеттеринен улам мындай чечимге келген. Компаниянын билдиргенине караганда, кайыктын айдоочусу жолду карап бараткандыктан атактуулардын адепсиз аракеттерин байкабай калган. Байкаган болсо, аларды кайыктан түшүрүп коюп, бул тууралуу жетекчиликке билдирмек.

Уэст менен Цензоринин үйлөнүү үлпөтү жабык түрдө өткөнү ушул жылдын январь айында маалым болгон. Бул жуптун коомчулуктун нааразычылыгына ээ болгон алгачкы окуясы эмес, буга чейин да болуп келген. Мисалы, рэпердин антисемиттик посттору үчүн Австралияда аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салууну талап кылышкан.

Көзү тирүү болгондо Юрий Шатунов 50 жашка чыкмак

Ушул жылы 6-сентябрда легендарлуу ырчы, «Ласковый май» тобунун экс-солисти Юрий Шатуновдун көзү тирүү болсо 50 жашка чыкмак. Анын 50 жылдык юбилейине карата ар кандай иш-чаралар уюштурулду. Фанаттары Санкт-Петербургдагы борбордук аянтта масштабдуу флешмоб өткөрүштү. Флешмобго улуу жаштагылар гана эмес, жаш балдар да катышты.

Бир катар хит ырлардын жаратуучусун эскерүү үчүн жүздөгөн адамдар чогулушкан. Жергиликтүүлөр да артистти эскеришип, “Седая ночь”, “Белые розы” ырларына бийлешти.

Москвада ырчынын мүрзөсүндө анын эстелиги ачылып, ал жакка бир катар күйөрмандары чогулду. Алар гүлдөрдү, Шатуновдун сүрөттөрүн көтөрүп келишкен. Алардын арасынан чоң көлөмдөгү гүлдөрдөн жасалган композиция көңүлдү бурду. Ал 202 ак жана кызыр розадан турат, гүлдөр менен Юра деп жазылган. Бул букет үчүн социалдык тармактардагы Шатуновду эскерүү үчүн түзүлгөн чаттар аркылуу анын күйөрмандары дүйнөнүн ар бурчунан акча чогултушкан.

Мындан тышкары ЖМКлар да Шатуновду эскерүү макалаларын жазып, эфирлер арналды.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов 48 жашында инфаркттан улам каза болгон.

83 жаштагы Аль Пачино 29 жаштагы сүйүктүүсү менен мамилесин үздү

Июнь айынын башында америкалык актёр, режиссёр Аль Пачино менен анын сүйүктүүсү Нур Альфаллах уулдуу болушкан. Бул жаңылык дагы коомчулуктун көңүлүн бурган эле. Эми алар эки жолго түшүштү. Нур эми сот аркылуу баласына алимент өнүдүрүп алганы турат деген да маалымат бар. ЖМКлар Альфаллах байлыктын артынан куугандардан эмес экенин жазышат. Анткени өзү бардар жердин кызы. Анын атасы мунай бизнеси менен алектенген миллиардер. Нур өзү продюсер болуп иштеп аз эмес акча табат.

Аль Пачинонун мындан башка 3 баласы бар. Ал 1989-жылкы Жулио Марио Пачинонун, 2001-жылы туулган эгиздер Антон Жеймс жана Оливия Роуздун атасы.

Кортни Кардашьяндын ичиндеги балага операция жасалды

Модель, актриса, Америкадагы реалити-шоунун жылдызы Кортни Кардашьян төртүнчү баласын күтүп жатат. Жакын арада аны шашылыш түрдө ооруканага алып кетишкени маалым болгон. Моделдин билдиргенине караганда, врачтар анын ичиндеги баланын ден соолугу коркунучта экенин жана ага операция жасалышы керектигин билдиришкен. “Мен врачтарга балабызды сактап калгандыгы үчүн өмүр бою ыраазымын. Гастролдон келе калган, азыр да кам көрүп жаткан жолдошума ыраазымын. Баламды сактап калуу үчүн операцияга кирип жаткандагы абалымды башынан өткөрбөгөндөр түшүнбөйт. Кош бойлуу кезде баласынын өмүрү үчүн күрөшкөн апаларга өзгөчө сыйым пайда болду”,- деп жазган ал. Бактыга жараша операция ийгиликтүү өткөн. 47 жаштагы музыкант Трэвис Баркердин Европа боюнча гастролдоп жүргөн убагы болчу. Анын айрым концерттери токтотулган.

“Так талашуу оюну” тасмасынын жылдызы Софи Тернер ажырашканын билдирди

“Так талашуу оюну” телесериалында Сансы Старктын ролун ойногон Софи Тернер жолдошу Жо Жонас менен ажырашып жатканын билдирди.

Биз 4 жыл чогуу жашадык. Эми тынч эле эки жолго түшүүнү туура көрдүк. Ар кандай сөздөр чыгышы мүмкүн, бирок бул чындыгында экөөбүздүн тең чечимибиз болду”,- деп жазды ал. Маалыматтарга караганда, экөө жашоо образынын эки башка болгондугунан улам келише албай коюшкан. Ырчы көп убактысын үйдө өткөргөндү жактырса, актриса светтик кечелерде көңүл ачууну жактырат. Эске салсак, Тернер менен Жонас 2019-жылы мамилелерин расмийлештиришкен. Бир жылдан кийин кыздуу болушкан. Өткөн жылы актриса экинчи кызын жарыкка алып келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан