«ДЕНЕМДИ БЕЗ КАПТАП БАРАТАТ»

Тамак сиңирүү органдарындагы ооруларга байланыштуу окурмандардан келген суроолорубузга гастроэнтеролог Сыргак Турдалиев жооп узатты.

– Көкүрөгүмдө, курсак көңдөйүмдө, бөйрөк тушта 4-5 жылдан бери бездер пайда болуп, көбөйүп жатат. Эмне себептен пайда болот? Оорутпайт деле, бирок көбөйүп жатканына сарсанаа болуп жатам. Кантип арылсам болот?

Мурат, 39 жашта, Бишкек шаары

– Липоматоз деген оору бар, балким, ошол болушу мүмкүн. Анда организмдеги клеткаларда кездешүүчү майлар жана май сыяктуу заттардын (липиддер) иштеши бузулуп, клеткалардын көлөмү, массасы чоңоюп кетиши мүмкүн. Натыйжада ар кайсы жерге бездер пайда болуп баштайт. Ошондой эле бездердин пайда болушуна толуп кетүү, кант диабети, ген да таасир этет. Эгер көлөмү бат чоңоюп жатса алдыруу кажет. Муну хирургга барып көрсөтүп, текшерүүдөн өтүп, кеңеш алышыңыз шарт.

“ИЧЕГИЛЕРИМ ЫЛДЫЙ ТҮШҮП КЕТИПТИР”

– Ичим катып жатканынан доктурга көрүнсөм ичегилеримди рентгенге тарттырууга жөнөткөн. Андан ичегилерим ордунан ылдый түшүп кеткенин билдим. Көнүгүү жаса деген. Ичеги эмнеге ылдый түшөт? Көнүгүү менен эле көтөрүлөбү, канча убакта өз калыбына келет?

Жанара, 29 жашта, Нарын облусу

– Көпчүлүк учурда жоон ичеги ордунан түшүп кетет, бирок ал бара-бара ичке ичегини, ашказанды да ылдый тартышы мүмкүн. Адам бат арыктаганда ички май да азайып, ичеги карын ылдыйлап кетиши мүмкүн. Ошондой эле такай оор көтөрүү, аялдардын бир нече төрөтү же ички булчуңдардын тонусунун төмөндөшү себепчи болот. Анда ич ылдый тартып ооруп, заара кылууда да ыңгайсыздык жаратат. Ошондой эле ич катып же өтүп, жел толо берүү сыяктуу белгилери бар. Мында диета сактоо керек жана көнүгүү, массаж жасоо, бандаж тагынуу менен көтөрүүгө болот.

“БАТ-БАТ КЕКИРЕ БЕРҮҮ ООРУНУН БЕЛГИСИБИ?”

– Тамак ичсем деле, ичпесем деле бат-баттан кекире берем. Кекирүү оорунун белгисиби, кайсы жерим ооруп жатышы мүмкүн?

Нурлан, 35 жашта, Ысык-Көл облусу

– Бат-бат кекирүү физиологиялык же патологиялык себептен болушу мүмкүн. Эгер бат-баттан аябай көп кекирсеңиз диафрагманын, уйку бездин, ашказандын сезгенүүсүнүн белгилери. Бат-бат кекирүү кээде нерв системи менен да байланыштуу болот. Ошондуктан адистерге кайрылып коюңуз.

“МАЛДЫН МАЙЫН ЖЕСЕ БОЛОБУ ЖЕ БОЛБОЙБУ?”

– Быйыл төшүмдүн алды, кабырга туштарым сайгылашып, кээде ачышып, ысып ооруп калган. Доктурга барып көрүнүп, УЗИге түшсөм боорумду май басып жатканын жана өнөкөт панкреатит оорулары бар экенин айтты. Ошого диета карма деп, 2 айдан бери тамакты ылгап калдым. Бирок жакында башка доктурга текшерилсем, малдын майын кошо бер, өткө май зарыл, кээ бир витаминдер май менен сиңет деп жатат. Кимисине ишенеримди билбей калдым. Эгер жеш керек болсо күнүнө канча эт, канча май жеш керек? Негизи гепатоз, панкреатит оорусун кантип айыктырса болот?

Жыргалбек, 40 жашта, Бишкек шаары

– Боордун май басуусунда – гепатоздо милдеттүү түрдө диета кармоо шарт. Куурулган, ышталган, майлуу тамак-аштын баарын рациондон алып салыңыз. Жаңы бышкан нан, буурчактарды, кой этин, майын, кычкыл жемиштерди, кызыл чай, кофе, ачуу, таттууларды, майонезди жеп-ичкенге болбойт. Анын ордун уй, тоок эти, жашылча, таттуу жемиштер менен алмаштырсаңыз болот. Май малдын эле майында болбойт да, башка азыктарда деле канча бир пайыз бар. Ошондуктан малдын майын жебей эле койгонуңуз туура. Зайтун майы, каймак майдан кошууга болот. Гепатоз менен панкреатит бат эле айыга калбайт. 6-7 айлап дарысын ичип, диетаны көпкө чейин сактасаңыз айыгууга болот.

“ӨТҮМДҮ АЛДЫРГАМ, ОШОЛ ЖЕРИМ ООРУЙ БЕРЕТ”

– 3 жыл мурун өтүмдү алдыргам, операцияны лазер менен жасаган болчу. Бир жылдан бери ошол операция болгон жерим жатсам эле сыздатып оорута берет. Эт өсүп кеткен эмеспи деп жатам.

Анара, 55 жашта, Ош облусу

– Өттү алдыргандан кийин алдырган жердин же өт жайгашкан жердин оорушу – бул постхолецистэктомический синдром деп коёт, ошол болушу мүмкүн. Өттү алдыргандан кийин деле диетаны сактоо керек, анткени өт жок да. Диета сакталбай, майлуу, куурулган, ачуу жесеңиз өт жайгашкан жерде оору козголушу мүмкүн. Кайрадан УЗИден текшерилип коюу зарыл, эгер постхолецистэктомический синдром деп аныкталса керектүү дарыларын ичсеңиз жакшы болуп кетесиз.

“ИЧЕГИЛЕРИМ ЖАБЫШЫП ЭКИ ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ БОЛДУМ”

– Эки жыл мурун сокур ичегим жарылып кетип, операция жасаткам. Операцияда тазалоо үчүн көп убакыт керектелиптир. Ошондон бери ичегилерим бири-бирине жабышып, түйүлүп дагы эки операция жасаттым. Тамакты блендерден өткөрүп гана жеп калдым. Дагы деле түйүлөт. Эмне кылууну билбей калдым.

Бактыгүл, 52 жашта, Ош облусу

– Операция болгондон кийин ичегилер ошентип жабышып спайка болот. Анткени ичегилер көп убакыт ачык туруп калган. Операциядан кийин 6 ай сайын ичегилерди кыймылдаткан физиодарылоодон, сордуруп тазалоочу дарылоо курсун алып турушуңуз керек.

“Тамакты дары ичкендей ичпесең, кийин дарыны тамактай жеп каласың” деп бекеринен айтылбаса керек. Тамакты өлчөмү менен, убагында ичүү, пайдалуу азыктарга, жасалышына маани берүү жана кыймыл менен жакшы маанай саламат жашообуздун формуласы. Ушундай жол менен оорулардын алдын алалы, окурман.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан