БАЛА ЖАНА ЖАЛГЫЗДЫК...

Күн кечтеп, бала бакчада 5 жашар бала жалгыз калды. Калган балдардын баарын ата-энелери же жакындары алып кетишти. Тарбиячы улам эшикти карап тынчсызданып, кетүүгө камынып жатты. 5 жаштагы Айдар бир бурчта оюнчук кармап мостоёт. Улам барып терезеден сыртты карайт.

– Эже, эртең менен биз келатканда көчөдө чоң ит жүргөн. Апам иттен коркуп кире албай жүрбөдү бекен, сыртка чыгып итти кубалап коёлучу...

– Ит жок эле турат, – деген тарбиячы телефонду кулагына такап сыртка жөнөдү. Чалуу кеткени менен, ары жактан жооп болгон жок. Тарбиячы да тынчсыздана баштады, Айдардын апасы кечикчү эмес, кечиксе да чалып эскерте турган. Өзү жалгыз тарбиялайт баласын. Баланы алганы да дайыма өзү келчү. Бир кырсыктан алыс болсо экен. Саат 10го жакындап, түн кирди.

– Айдар, биз кете берели...

– Апамчы? Апам келип мени таппай калса ыйлайт да? – деди ыйламсыраган бала.

– Апаң бошобой жаткан окшойт, бул жакка апаңа кат, менин телефон номеримди, дарегимди жазып таштап коёбуз, үйдө мышыгым ачка калды, – шылтоо тапканына сүйүнө түштү тарбиячы.

– Мышыгыңыз барбы? Ойносом болобу аны менен?

– Албетте... – кобурашкан эки караан ээрчишип тарбиячынын үйүнө келди. Кадича да жалгыз жашачу. Балага анын үйү, мышыгы жакты. Баланын курсагын тойгузуп, аркы бөлмөдө Айдардын апасынын тааныштарын издеп жатты...

Эртең менен Айдар ойгонуп эле ыйлап кирди.

– Апа-аа... Апама барам, апам мени издеп, мени күтүп жатат. Оюнчуктарым да мени күтүп жатышат.

– Айдар, апаң 3-4 күнгө зарыл жумуштары менен кетиптир. Апаң келгиче сен мени менен чогуу жашап турасыңбы?

– Апам мага айтпай эле кетип калдыбы?

– Ушундай болуп калды.

– Ал асманга учуп кеткен жокпу?

– Асманга?..

– Ооба, менин атам, таятам, таенем, баары асманга учуп кетишкен. Бирок алар мени дайыма карап турушат. Апам айткан, мен күлсөм кошо күлүшөт, ыйласам ыйлашат алар дагы.

– Жок, балам, апаң сөзсүз келет.

Бала ойлонуп калды да, бөлмөнү тегерете карап:

– А сиз эмнеге жалгыз жашайсыз? Балаңыз жокпу? – деди. Аялдын талуу жери эле бул. Ушул балалуу боло албаганынын айынан жалгыз калды. Бирок көп жылдан бери бала бакчада иштеп, бул өксүгүн толтуруп келет. Аял аркы бөлмөдө көпкө ыйлап отурду. Анан ооруканадагы медайым менен сүйлөштү.

– Көзүн ачса баласы менин жанымда, жакшы эле жүрөт деп койгула, кабатыр болбосун. Эсине келсе ээрчитип барам. Ага чейин жакшы карап турам,- деп тутканы койду. Ары жакта Айдар көзүн жалдыратып карап турган экен.

– Апамбы?

– Жок, башка эже. Апаң кичине сыркоолоп калыптыр.

– Өткөнкү мендейби? Тамагы ооруп калса керек. Сүткө сары май кошуп ичсе айыгат. Апама сүт алып барып берсек болобу?

– Болот. Эртең, буюрса, сөзсүз алып барып беребиз.

– Эже, сизди чоң эне дейинби? Бала бакчада эмес, үйдө эле.

Көзүнө жаш толгон аял баланы бекем кучактады. Кичинекей алакан жүзүн аарчыды...

Андан бери 10 жыл өттү. Эртең менен уйкудан ойгонгон Айдардын мурдуна даамдуу токочтун жыты келди.

– Энеке, эмне эрте туруп алдыңыз? – деди ашканага баш багып.

– Апаң экөөң азыр шашып бириң ишке, бириң сабакка жөнөйсүң. Асманга барганда уктап жетишермин. Азыр силердин курсагыңарды даамдуу токоч менен тойгузуп турайын...

Которгон Гупа Эргешова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан