САН-МАРИНО – ЭҢ БАЙЫРКЫ КАРЛИК ӨЛКӨ

Аймагы – 61 чарчы чакырым

Калкынын саны – 34 159 (2022-жыл)

Борбору – Сан-Марино

Башкаруу формасы – парламенттик республика

Тили – италян

Дини – католик

Акча бирдиги – евро

301-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган

Карлик мамлекеттердин арасынан 5-орунда турган Сан-Марино дүйнөдөгү эң байыркы мамлекеттердин бири. Мамлекеттин аймагы болгону 61 чарчы чакырым. Бишкектен 2-3 эсе кичине деп элестетсек болот (Бишкек шаарынын аймагы 169 чарчы чакырым). Өлкө Италиянын ичинде жайгашкан. Уламыштарга ылайык, Монте-Титано деп аталган тоого биринчи христиан жааматынын өкүлү Марин пикирлеш адамдары менен бирге рим императорунан качып келип, ошол аймакты жердеп калышкан. Марин таш сомдоочу кол өнөрчүлүгү менен таштан үңкүрлөрдү жасаган. Кийин чакан чиркөө салып, зыяратчыларды кабыл ала баштаган. Ошентип ал аймак кеңейип, 301-жылы 3-сентябрда өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Кийинчерээк ошол адамдын атын алып Сан-Марино аталып кеткени айтылат маалыматтарда. Мамлекет катары калыптанганы 4-кылымдын башына туура келсе, расмий түрдө 855-жылы Урбинодон бөлүнүп чыгып көз карандысыз болгон. 1600-жылы Конституциясы кабыл алынган.

Маданий мурасы – 3 мунарасы

Монте-Титано аталган тоодо үч мунара бар, биринчи чокуда жайгашканы Гуаита 11-кылымда салынса, андан төмөнүрөөк чокуда жайгашканы Честа 13-кылымга, Монтале дегени 14-кылымга таандык. Алар бири-бирин таш чептер менен байланыштырып турат. 2008-жылы Монте-Титанонун өзү жана анын үч чокусунда жайгашкан үч мунара ЮНЕСКО тарабынан архитектуралык эстеликтердин катарына кирип, мамлекеттин коргоосуна алынган. Жыл сайын ушул мунараларды, байыркы мамлекетти көрүү үчүн 3 миллионго жакын турист келет.

Гуаита мунарасы 1970-жылга чейин түрмө катары иштетилген. Азыр болсо өлкөнүн негизги туристтик жери, ага чыгып Сан-Марино менен Италиянын сары-кызыл чатырлуу жапыз үйлөрүнө, адырлуу пейзаждарына суктанууга болот. Ал эми ортонку Честа мунарасында эң чоң курал-жарак музейи жайгашкан, анда 700дөн ашык экспонаттар, анын ичинде ар кайсы доорлордо колдонулган бычак, ок атуучу куралдар, ошондой эле орто кылымдагы курал-жарактар бар. Монтале мунарасынын ичине терең ор казылган, ал эң коркунучтуу кылмышкерлер үчүн түрмө катары кызмат кылган. Учурда абак болбосо да, кооптуу жер катары кирүүгө тыюу салынган. Бул мунараларга жөө же асма көпүрө аркылуу каттоого болот.

Жарандык алуу үчүн өлкөдө 30 жыл жашаш керек

Өлкөнүн калкы 34 миңден ашык. Алардын 80 пайызы санмариндер болсо, 19 пайызы италяндар. Элинин 30 пайызга жакыны Италия, Франция, Германияда жашашат. Өлкөнүн жарандыгын алуу оңой эмес, ал үчүн 30 жыл Сан-Маринодо жашаш керек. Же болбосо өлкөнүн атуулу менен баш кошуп, 15 жыл чогуу жашаган соң расмий жараны болуп каттала алышат. Мамлекет аймактык-административдик жактан 9 аймакка бөлүнөт.

Маданият, билим берүү, ден соолук

Географиялык жактан алганда бардык тарабынан Италия менен чектешкендиктен маданияты, салттары, ашканасы жалпылыкка ээ. Балдар 14 жашка чейин милдеттүү түрдө билим алышат, жогорку окуу жайга окуу үчүн негизинен Италияга жана башка жакынкы өлкөлөргө барышат. Элинин 91 пайызы билимдүү деп саналат.

Санмариндердин жашоо узактыгы орточо 83 жаш. Саламаттыкты сактоо бекер эмес, бирок камсыздандыруу фонддору да иштейт. Ымыркайлардын өлүмү өтө төмөн экенин да айтып өтүү керек, 2018-жылы өлкөдө бир гана өлүм катталган.

Мыйзам аркылуу жумуш ордунда басым көрсөтүүгө тыюу салынган. Мамлекет ар бир адамды жумуш менен камсыз кылууга кепилдик берет, ал эми минималдуу эмгек акы саатына 9,74 еврону түзөт (болжол менен 1000 сомго жакын). 2018-жылга карата жумушсуздуктун деңгээли 8 пайызды түзгөн. Мындай фактылар аркылуу кичинекей мамлекет жарандарына кандай кам көрөрүн байкасак болот.

Бир жылдык киреше 48 миң доллар

Сан-Маринонун башкаруу формасы да өзгөчө. Буларда башчы болуп шайланган адамдар жарым жыл гана иштейт. 60 депутаттан турган парламент эки капитан-регентти аталган мөөнөткө шайлап берет. Депутаттар болсо эл тарабынан 5 жылга шайланат.

Экономикасына келсек, өндүрүш, туризм, банк иштеринин аркасы менен Европадагы өнүккөн мамлекеттердин катарында. Негизинен шарап, сыр чыгаруу, кой багуу сыяктуу айыл чарба тармагынан киреше табышат. 2018-жылга карата ички дүң продукциясы же бир жылдык кирешесинин киши башына көлөмү 48 миң доллардан ашып, өнүккөн өлкөлөрдүн арасынан 15-орунга жайгаша алды. Жалпысынан алганда, өндүрүштүн жана калктын жашоо деңгээли Италиянын эң бай аймактары менен тең тайлашат. Эмгек акыга жана түшкөн кирешеге карата салыктар Италияга караганда бир топ төмөн, ошон үчүн да жарандык алууда катуу талаптар бар.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан