Жылдыз-Ай Молдалиева: «ТҮРКИЯ МЕНИ СЫНАДЫ, ТИЛ ҮЙРӨТТҮ, ТАРТИПКЕ КӨНДҮРДҮ»

Түркияда жашаган дагы бир мекендешибиз Жылдыз-Ай сыр бөлүштү. Каарманыбыз Тиктокто да таанымал, өзү кабылган окуяларды баяндап жүрөт. Адегенде Түркия кандай тосуп алганын, кандай өзгөрткөнүн жана башка кызыктарды айтып берди.

“Кыялым сот болуу эле, окубай калдым”

– 1999-жылы 6-февралда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөм. Ыссык-Көлдүн Балыкчы шаарында чоңойдум. Мектепти 9-класска чейин ийгиликтүү окуп бүтүрдүм. Активдүү, жакшы окуган, кээде тентектик да кылган окуучу элем. Бир иним бар, апам бизди жалгыз бой тарбиялады. Апам ар кандай жумуштарда иштеген, биздин балалык да иш, мээнет менен өттү. Тагдырдын оор жүгүн апам менен тартышып чоңойдук. 11 жышымдан бери ар кайсы жумушта иштедим. Жайында Ысык-Көлдө тез татымдарды сатып иштечүмүн, өзүбүздүн соода күркөбүз бар эле. Кышында базарда балык, салат сыяктуу нерселерди сатчубуз. Ошол бала кездеги кыялым сот болуу эле. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи, баары мен ойлогондой болгон жок. ЖОЖго окубай калдым. Анткени иштешим керек болду, Ысык-Көлдө кафелерде официант болуп да иштеп жүрдүм.

“Түркияга жаңы келгенде...”

– 2018-жылы апамдын бир таанышы аркылуу Түркияга келдим, учакка билетимди алып беришкен. Түркияга жаңы келгенде түркиялыктардын жаныбарларга кам көрүүсү, башкалар менен бат тил табышып кеткени, көп суроо бергени мени бир аз таң калтырган. Тил билбей кыйналып, кийин үйрөнүп кеттим. Түркиядагы алгачкы жумушум – 94 жаштагы кишини кароо болду. Андан кийин бала багуучу, кафеде идиш жуугуч, дүкөндө кассир болуп иштедим. Учурда отелде официантмын. Бала багып иштегенде үйдөгү тамак жасоо, кийим үтүктөө, идиш жуу, үй жыйноо деген иштердин баары менин моюнумда болчу. Моралдык жактан абдан кыйналып кеткем.

“Силерде кир жуучу машина барбы деп кемсинткендер болду”

– Алгач өзүм иштеп жаткан отель жөнүндө видео тартып Тиктокко чыгара баштагам. Анткени жумушчуларга түзгөн шарттары начар болчу. Эл кызыгып, көп суроолорду бере башташты. Ошондо башымдан өткөн башка окуяларды да тартып чыгаруу идеясы келди. Чындыгында бизди караңгы, сабатсыз деп, ал эми Кыргызстанда автоунаа, заманбап үйлөр жок деп элестеткендер бар экен. Керек болсо “силерде кир жуучу машина, муздаткыч барбы? Бул жакка учак менен келдиңерби?” деп сурагандар болду. Кээ бирөө чын эле билбей сураса, айрымдары атайын кемсинтүү үчүн сурайт. Географияны билбегендер, чет өлкөлөр жөнүндө маалыматы жоктор деле көп тура. Кыргызстанды эле эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүн билишпейт. Түркмөнстан, Азербайжан, Орусия, Казакстан, Грузиядан келгендерге да ушундай суроолорду бергендер болуптур.

“Кыйналган мекендештерди көп көрдүм”

– Айлык акы абдан аз. Бул жакта “көп иш, аз маяна” деген систем иштейт окшойт. Албетте, жакшы маяна төлөгөн иштер бар, бирок аз. Кыйналып жүргөн кыргыз улан-кыздарды көп көрдүм. “Абдан жакшы иш, жакшы жатаканасы бар” деп алып келишип, жаман шарттарда жашоого мажбурлаган окуялар бар. Андайга мен дагы кабылдым. Биз иштеген отелдин шарттары жакпагандыктан келгенде эле “кетем” деп чыккам. Мага “400 доллар төлөйсүң, билетиңди өзүң аласың. Ноябрга чейин иштеп берсең, билетиңди биз алып беребиз” дешти. Ошондуктан иштеп жатам. Андыктан ар дайым келишим түзгөн фирманы, жумуш берүүчүнү, орношо турган жумушуңду жакшылап изилдеш керек. Кээде кыргыздар ооруканага түшүп калганда котормочу катары барып калам. Ошондо жаш балдар, кыздардын “жанымда акчам жок, баарын үйгө жөнөткөм”, же “азыр ооруганга шартым жок” деген сөздөрүн угуп аябай жаным кейийт.

“Алдыга койгон максатым көп”

– Албетте, Түркияда иштөө такыр эле жаман дебейм. Жакшы иш берүүчүлөр, жакшы адамдар деле көп. Тил үйрөнгөнүң, жер көргөнүң, ар улуттагы адамдар менен таанышканың, жаңы нерселерди үйрөнгөнүң артыкчылык деп айтат элем. Мен бала багуу боюнча тажрыйбага ээ болдум, отелде иштеп жүрүп тартипке көндүм, жамаат менен иштөөнү, оюмду так, туура айтууну үйрөндүм.

Алдыга койгон максатым көп. Аларга четинен жетип келе жатам, буюрса. Өзүмдүн бизнесимди ачкым келет. Азыркы тапта ошонун үстүнөн иштеп жатам. Ошондой эле жогорку окуу жайда окууну кыялданам. Эл катары бир кесиптин ээси болгум келет...

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан