ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 18-сентябрдан 24-сентябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Өзүңүзгө болгон ишеним солгундап, жумушта катачылыктарды кетирип алышыңыз ыктымал. Мындай абалыңызды ишенимдүү адам менен бөлүшүп, андан колдоо алыңыз. Башкалардын сизге карата айтылган сындарын кулак сыртынан кетирүүгө туура келет. Жаңы багытта ой жүгүртүп, аны каржы булагына айлантууга аракет кыласыз. Үй-бүлөңүз же жакын досторуңуз менен сапарга чыгышыңыз мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Аптанын алгачкы күндөрү жалкоолукка алдырбаңыз, анткени күчкө толуп көп жумуш бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Кээ бир чечилиши оор болгон маселелер пайда болот, чечим кабыл аларда сабыр кылып, туура жакка багыт алууга аракет кылыңыз. Достук менен сүйүүнүн ортосунда жүргөн адамдарга карата мамилеңизди тактайсыз. Сизге кымбат адамды колуңуздан коё берип албаңыз. Эс алуу күндөрүн жакшы көргөн адамдар менен баарылашып өткөрөсүз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Маанайыңыз бат-бат өзгөрөт, бир туруп романтикалуу жолугушууну кааласаңыз, бир туруп баш көтөрбөй иштегиңиз келет. Жан дүйнөнүн мындай абалына моюн сунуп, өзүңүздү эркелетиңиз. Так пландарды коюп, аны аткаруу үчүн кадам таштайсыз. Өзүңүздү күчкө салып баарлашып, же жакпаган ишти жасоого туура келсе, баш тартыңыз, анткени пайдасы тийбейт. Керектүү маалыматтар менен кабардар болосуз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Жылдыздар бул аптада ойлорду иретке салууга, катачылыктарыңызга анализ жүргүзүүгө, пландарды тактоого убакыт бөлүүнү сунушташат. Ой жүгүртүүңүз кеңейип, татаал маселелерди чече аласыз. Апта ортосунда маанайыңыз түшүшү мүмкүн, жаман ойлор менен жашооңузду татаалдаштырып албаңыз. Түгөйүңүз менен чер жазышып, романтикалуу жолугушууга убакыт келди, бул кийинки аптага жакшы таасирин тийгизет.


АРСТАН (23.07–23.08)

Алдыга карай ишенимдүү кадамдарды таштайсыз, так коюлган максаттар жана ишенимдүү адамдар ийгиликке жетелейт. Күтүлбөгөн жерден өзгөрүүлөр орун алып, жардамга кол сунгандар пайда болот. Үй-бүлөңүз, жоопкерчилик алган адамдарды унутта калтырбаңыз, болбосо нааразычылыктар чыгып, ал өз ара таарынышууларга жеткирет. Эс алуу күндөрүн чыгармачылык менен алектенип, маданий жайларга барып өткөрүү маанилүү.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Жумушта өзүңүздүн да, атаандаштардын да кадамын алдын ала ойлонуп, ошого жараша кадам таштаңыз. Маанайыңыздын өйдө-ылдый болушу ишке таасирин тийгизиши мүмкүн. Талаш маселе жаралса ички туюмуңуз алдабайт. Сапарга чыгууга, саякаттоого ылайыктуу апта. Сатып алуулар да ийгиликтүү болот. Уруш-талаштын алдын алып кээ бир чекит коюучу мамилелерден кол үзүңүз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Жаңы таанышуулар орун алат. Жумушта өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүздү көрсөтүп, башчылардан мактоо сөзүн угасыз. Бул карьералык өсүүгө, жаңы бийиктиктерди багынтууга жетелейт. Үй-бүлөңүздү унутта калтырбаңыз, алар колдооңузга муктаж болушат. Бойдоктордо сүйүү мамилелери жанданып, баш кошууга жеткизиши мүмкүн. Катачылык кетирүү коркунучу бар, агым менен бирге болуңуз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Пландалган иштердин аягына чыгасыз. Иш сапары же достор менен көңүл ачуу үчүн алыска барышыңыз ыктымал. Көз кубанып, мээ эс ала турган жерлерди тандаңыз. Тоскоолдуктар менен күрөшүүнүн ордуна айланып өтүңүз. Жаңы таанышуулар орун алып, келишимдерге кол коюшуңуз мүмкүн. Өмүрлүк жарыңызды кездештирүүгө ылайыктуу апта. Бирөө-жарым сизди алдап, туңгуюкка каптоого аракет кылат, абайлаңыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Апта башында жакындар менен мамилеңиз солгундаганын байкайсыз, ал маанайыңызга, жумушуңузга таасирин тийгизет. Ошондуктан мамилелерди оңдоп алууну сунушташат жылдыздар. Ден соолугуңузга кам көрүңүз. Эски таанышыңыз жолугуп, ал мамилени чыңдоого ашыгат. Зыянын тийгизерин сезсеңиз баш тартыңыз. Каржылык тартыштык жаралып, баш көтөрбөй иштешиңиз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жумушта, мамиле түзүүдө жакшы сапаттарыңызды көрсөтүңүз, иштин илгери болушуна пайдасын тийгизет. Өзгөрүүлөргө, жаңычылдыктарга ылайыктуу апта. Эски тааныштар пайда болуп, жардамга кол сунушат. Балдарыңызга убакыт бөлүп, алар кандай колдоого муктаж болуп жатканын билиңиз. Башкаларды да, өзүңүздү да шаштырбаңыз, башкысы иштин өз нугу менен жүрүшүнө маани бериңиз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Өзүңүз менен өзүңүз гармонияда болууга туура келет. Ал үчүн сизге эргүү тартуулаган жумушту жасап, жагымдуу адамдар менен сүйлөшүңүз. Жылдыздар өзгөрүүлөрдөн, чоң нерсе сатып алуудан, чечимдерден баш тартып турууну эскертишет. Сизге басым көрсөтүп, жардам алууну көздөгөндөр болот, ички туюмуңузду угуп, ошого жараша мамиле жасаңыз. Акыл менен эмес, күч менен аткарылуучу иштерге маани бериңиз.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Каржылык жактан жетишсиздик орун алып, каалоолоруңузду, сатып алууларды кийинкиге жылдырууга туура келет. Көйгөйлөрдү чечүүдө өзүңүзгө гана ишениңиз. Сүйүктүүсүн издегендер үчүн ийгиликтүү жума. Майда-барат нерселерге кубанып, жашоодон ырахат аласыз. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз, жакындарыңыз менен чогуу болуп же бир иш-чарага катышып өткөрүңүз, анткени энергия аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан