БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ТАЖИКСТАНГА БАРДЫ...

  • Бир жылда Кыргыз элинин саны 125 миң адамга көбөйгөнү расмий маалымдалды.
  • Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 14-сентябрда Тажикстанга барды.
  • Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.
  • Гүлнара Баатырова эмгек, миграция жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды.
  • Министрлер кабинети: Көмүрдүн баасы көзөмөлдөнөт.
  • Ажербайжанга Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектар жер 49 жылга ижарага берилгени жатат, ал жерге 5 жылдыздуу мейманкана курулары айтылды.
  • Белгилүү ишкер, “Аю” компаниясынын мурдагы ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды.
  • Жыргалбек Шаршембиев Талас мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.
  • Ала-Буканын Көк-Таш айылында жайыт комитетинин төрагасы пара алууга шектелип кармалды.
  • Абдыганы Эркебаев бийликти сөз эркиндигине басым жасабоого чакырды.
  • Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды.
  • 13-сентябрда Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугуп, коопсуздук жаатында сүйлөшүү жүргүздү.
  • Медеткан Шеримкулов кийинки жылы Эгемендүүлүк майрамын Баткенде белгилөөнү сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан