- Жогорку Кеңештин, эл шайлаган депутаттардын укуктарына, макамына шек келтирүү ниетим болгон эмес. Эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр болгону үчүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм – деди Байсалов.
Төрага Нурлан Шакиев Байсаловдун маселеси боюнча президент Садыр Жапаров парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушканын айтты.
- Президент Байсалов парламенттен кечирим сурайт, экинчи мындай каталарга жол бербейт, ушул акыркы эскертүү болот деп айтты. Ошол сүйлөшүүнүн негизинде келип кечирим сурап жатат. Бул акыркы эскертүү, эгер дагы парламенттин аброюна шек келтире турган сөздөрдү айтса, анда кескин чараларга барабыз – деди Шакиев.
Айта кетсек, буга чейин парламенттеги 3 фракция Эдил Байсаловду кызматтан алуу маселеси менен президентке сунуш киргизген. Буга Байсаловдун “депутаттар элдин атынан сүйлөбөй эле коюшсун”, “парламент циркке айланып калды” деген сыяктуу сөздөрү себеп. Депутаттар катуу чычалашкан.