ӨМҮРБЕК БАКИРОВДУН МАНДАТТАН АЖЫРАТЫЛЫШЫН ДЕПУТАТТАР СЫНГА АЛЫШТЫ

Депутат Өмүрбек Бакировду мөөнөтүнөн мурда мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечими мыйзамсыз. Мындай пикирди 13-сентябрда парламентте депутат Акылбек Түмөнбаев айтып чыкты. Бакировдун ордуна бекитилген Равшанбек Рысбаевди эл депутат кылып шайлаган эмес дейт ал.

- Аны эл жеңүүчү деп тапкан эмес, соттун чечими да жок. Сот ошол округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын деп чечим чыгарган. БШК ага кантип мандат бергенин түшүндүрүп берсин – деди Түмөнбаев.

Экс-спикер Дастан Жумабеков БШКнын Өмүрбек Бакировду 2 жылдан кийин мандаттан ажыратканы акылга сыйгыс экенин белгилейт. Бакировго мандат мыйзамсыз берилген болсо 2 жылдан берки чыгымды БШК төлөп бериши керектигин айтат.

Эскерте кетсек, буга чейин сот чечими менен бир мандаттуу Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылып, ал жерден шайланып келген Өмүрбек Бакиров мандатынан ажыратылган. Анын ордуна аталган шайлоодо 2-орунду алган Равшанбек Рысбаевге депутаттык мандат берилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан